ИНСТАГРАМДА ЖАҢЫ ФУНКЦИЯ ПАЙДА БОЛДУ
Инстаграмдагы "сториз" (окуялар) буга чейин 1 сутка гана сакталып келген болсо, эми бул чектөө алынып салынды. Буга чейин окуялар бөлүмүндө сакталган видео же сүрөт жарыялангандан 24 сааттан кийин автоматтык түрдө өчүп калчу. Тиркеменин акыркы жаңылануусунда жеке баракчада атайын «архив» деген бөлүм пайда болуп, «окуядагы» сүрөт, видеолор хронологиялык тартипте жайгашып, сактала берет. Өндүрүүчүлөр Инстаграмда «сториздин» популярдуу болуп кеткенинен улам, колдонуучулардын ыңгайы үчүн ушундай кошумча кызмат киргизилгенин айтышат.
ФУТБОЛ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНУН РАСМИЙ СМАРТФОНУ ЖАРЫК КӨРДҮ2018-жылдын 14-июнь – 15-июль күндөр аралыгында Орусияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун расмий смартфонунун модели Vivo X20. Ал эми аталышы FIFA World Cup edition. Чемпиондуктун логотиби түшүрүлгөн бул телефонду ар өлкөнүн футбол федерация өкүлдөрү жана спортчулары алышат. Орто класстагы бул смартфондун алкагы жок экранынын диагоналы 15 сантиметрди түзүп, эс тутуму 64 ГБ. Ал эми арткы камерасы 24,5 мегапиксель болсо, маңдайкы камерасы 12 мегапикселди түзөт. Кытайда чыгарылган Vivo X20 FIFA World Cup edition сатыкка чыгар-чыкпасы азырынча белгисиз.
КЫТАЙЛЫКТАР АЙГА РОБОТ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨРДҮ ЖИБЕРЕТАйдагы илимий эксперименттер жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кытай Эл Республикасынын өкмөтү роботторго толугу менен ишеним артышканын China Daily басылмасына билдиришкен. Алардын айтымында, келечектеги Кытай базасынын инфраструктурасы Айда автономдук режимде иштейт. Изилдөөдөн тышкары спутникте узак убакытка жетүүчү генерация жана электроэнергия булактарын түзүүнү пландап жатканын билдиришкен. Робот-изилдөөчүлөр "Чанъэ-5" долбоорунун алкагында 2018-жылы Ай кыртышынын үлгүлөрүн жерге алып келүүнү пландашууда.
FACEBOOK БАЛДАРГА АРНАЛГАН МЕССЕНЖЕР ЧЫГАРДЫБелгилүү болгондой, аталган социалдык тармактын талабы боюнча ага катталгандардын жаш курагы 13 жаштан жогору болушу керек. Messenger Kids деп аталган кат алмашуу тиркемеси баланын үй-бүлөсү жана достору менен коопсуз байланышта болуусун камсыздайт. Башкача айтканда, ата-энеге баласын көзөмөл кылганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Тагыраагы, улуулардын уруксатысыз аккаунт ачуу, жазышууларды өчүрүү жана жаңы досторду кошууга болбойт. Мисалы, эгерде бала бирөө менен достошуп, жазышкысы келсе, аны менен баланын ата-энеси Фейсбукта достошуп, баласы менен кат алмашууга уруксат бериши керек болот. Messenger Kids телефон номерге байланбаганы үчүн бала белгисиз адамдардан кат ала албайт. Мындан тышкары тиркемеде жарнамалар көрсөтүлбөйт.
Messenger Kids аркылуу видеочалуу жүргүзсө болот. Ошондой эле балдар үчүн кызыктуу маскалар, алкактар, стикерлер жана анимациялык «гифкалар» бар. Жаңыдан жарык көргөн бул тиркеме азырынча iOS оперативдик системинде жеткиликтүү.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg