БИР БҮРКҮМ. ПУТИН 4-ИРЕТ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШАТ...
6-декабрда Жогорку Кеңеште жаңы депутат ЗАКИР ШАРАПОВ ант берди. Ал жакында көз жумган «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Улан Чолпонбаевдин ордуна мандат алган.
Көк бөрү оюну ЮНЕСКОНУН материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыз өлкөсүнүн атынан катталды.
Орусиянын президенти ВЛАДИМИР ПУТИН Орусияда 2018-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышарын билдирди. Ал буга чейин 3 ирет президент болуп шайланган.
Кыргыз мамлекетинин жогорку окуу жайларында билим алууга келген ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИН көбү индиялыктар жана казакстандыктар. Эң азы Европа өлкөлөрүнөн келгендер.
Түрк маданиятынын эл аралык уюму ("Түрксой") 2018-жылды «АЙТМАТОВ ЖЫЛЫ» деп жарыялады. Эске салсак, 2018-жылы Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет.
БАЛЫКЧЫ шаарынын экс-мэри Сатыбек Шамшудиновду сөккөн Балыкчынын азыркы мэри Алмазбек Мамбетов соттун чечими менен 2 миң сом айыпка жыгылды.
ОШ ОБЛУСУНДА ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6818 адам жашайт.
Учурда Кыргыз өлкөсүндө 17 КАМСЫЗДАНДЫРУУЧУ уюм иш алып барууда. Алардын саны 2012-жылдан бери 2 эсе өскөн.
Кыргыз жарандары Сербия өлкөсүндө 90 күнгө чейин ВИЗАСЫЗ жүрсө болот. Аталган келишимге тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Сербияга иш сапары алкагында кол коюлду.
Жаш активисттер өспүрүмдөргө терс таасир берет деген жүйө менен Кыргыз өлкөсүндө ПОРНОГРАФИЯЛЫК сайттарга тыюу салууну сунушташууда.
Республика аймагында 87 өзгөчө КОРУККА АЛЫНГАН АЙМАК бар. Алар өлкө аймагынын 1 миллион 476 миң гектар аянтын түзөт же болбосо 7,38 пайызын ээлейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.