(Башталышы өткөн сандарда)
Теледен шайлоонун жыйынтыктарын санап жатышты. Болуш кайдыгер көз караш менен гана көз салып отурат. Достору Шаршен менен Аслан тынчсызданып алышкан.
– Сага эмне баары бирби?- деди бир убакта Аслан чыдабай.
– Эмнеге?
– Телмирип эле отурасың го...
– Мен бакылдаганда бир нерсе өзгөрөбү?
– Таптакыр эмоциясыз отурганыңа таң калып жатам. Негизи акыркы жума бир кызыктай болуп кеттиң. Түнт тартып баратасың.
– Жакшы эле баары.
– Жакшы эмес! Көрдүңбү жыйынтыктарды, 4-келе жатабыз. Өтпөй калуубуз мүмкүн.
– Өтөбүз, кам санабачы. Берчүсүн бербедик беле.
– Уф-ф, камырабайсың го такыр.
– Менин аялым сага караганда күчтүүрөөк экен, Асаке.
– Ал эмне дегениң?
– Сага салыштырмалуу эмоциясын көзөмөлдөй алат. Билесиңби, Бегимай Магистралдагы батирге көчүп келгенде Аруужан «ии, токолуңду алып келипсиң» деп эле каш серпип койгон. Сен анын ордунда болгонуңда асынып алмак экенсиң,- ары жакта турган Шаршен ыкшып күлүп калды. Болуш сумсайган бойдон турат. Анын күлгөнгө дарманы жок.
Таңга жуук Болуштардын партиясы парламентке 3-болуп өткөнү анык болду. Штабда шаңга толгон майрам башталды. Баары кызып калышты. Бир гана Болуш алда нени күткөндөй сумсайып отурат. Улам телефонун карап коёт. Досторуна кошулуп күүлдөп, ырдап-жыргагысы келип турат, бирок дале түпөйүл ойлор, жоопсуз суроолор арты-артынан келе берди. Башы чыңалып ооруп чыкты. Отургучуна чалкалай отура кетти. Дал ушул учурда телефонуна чалуу келди. Селт этип чочуду. Аруужан экен.
– Алло...
– Жеңиш кут болсун, байым. Мен сага ишенгем. Көп жаша. Балдарыңдын, менин маңдайымда бар бол. Сен бар, биз барбыз. Жакшы көрөбүз сени.
– Рахмат, алтыным,- Болуш мукактанып кетти. Көзүнөн жаш тегеренди. Мына, аны сатпай турган адам! Кайда жүрөт деп санаа тарткан, кандай мүнөзү болбосун көтөрө билген, балам деп, күйөөм деп өзүн садага чаап дайым күйпөлөктөп жүргөн, миң таарынса да жүрөгүнүн түпкүрүндө баары бир аяй берген, чыккынчылыгын кечирип, ызасын ичинде катып, жарынын, үй-бүлөсүнүн аброюн кармап келген, эч нерсеси жок калса да жанында кала турган ушул киши. Калганычы? Калганы Болуштун акчасы үчүн жүргөндөр. Бегимайы баш болуп ошондой. «Байкушум, Аруужаным. Сага чыккынчылык кылган мен акмакты кечир. Кечире көр. Мен жинди турбаймынбы» ичинен сүйлөнүп жатты.
ххх
Арсен теледен Болуштун партиясы шайлоодон алдыңкылардын бири болуп келгенин көрүп жатты. Журналисттер алардын штабына барып, алардан маек алып жатышат. Аслан дегени сүйлөп жатат. Артында көпчүлүккө кошулуп Болуш турат. Көзүнүн нуру өчкөн, жүдөгөн Болуш турат.
– Жели чыгып калган го мунун,- жанында отурган Санжар күлүп жиберди.
– Бул башталышы гана,- Арсен суз жооп берди.
Анан телефонун алып Бегимайга чалды.
– Кандай, сулуу?
– Арсен?..
– Ооба. Депутаттын токолу болушуң менен.
– Шылдыңдабачы.
– Ал кандай жүрөт?
– Сен аны эмне кылгансың? Ал дээрлик уктабай калды. Үйдүн ичинде ары-бери эле басып жүрөт. Башын мыкчып отурат. Виски ичет.
– Сага эмне деп жатат?
– Бир нерсени айтайын дейт, айта албайт. Бирок көзү менен жеп койчудай болуп жүрөт. "Атайын кылдың, сатып кеттиң" деп сүйлөнөт.
– А сен билмексенсиң?..
– Мен чын эле билбейм да сенин эмне кылганыңды.
– Туура эле, билмексен болуп жүрө бер. Аз калды, баары жайына келет. Мен жакында барам.
ххх
Бегимай менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин 2 күн өткөн соң Арсен Бишкекке келди. Келгенде да түз эле Болуштун кеңсесине келди. Атайылап Гелендвагенин кеңсенин так кире беришине коюп салды.
– Эй, байке...- жигиттин да, анын унаасынын да сүрүнөн айбыккан күзөтчү Арсенге кайрылмак болду.
– Эмне?
– Бул жерге койгонго болбойт да.
– Болуш өзүндөбү?
– Ооба,- Арсен үндөбөй кирип кетти. А күзөтчү анын башчысын атынан атап, текеберленген жигитке эч нерсе дей албай туруп берди. Болуштун иш бөлмөсүн таап кирип келди.
– Өзүндөбү?- катчы кызга кайрылды.
– Ооба. Ким деп айтайын?
– Жок, айтпай эле кой,- Арсен келип эшикти ачмакчы болду.
– Байке, болбойт! Отуруп күтө туруңуз!
– Эмне болду?- коңшу бөлмөдөн баягы жардамчы чыга калды.
– Кандай?- Арсен аны күлүп карады.
– Жакшы. Аа, сен?
– Ооба, мен. Анан, ээ?- эшикти ачып кирип кетти.
Шуулдап кирип келген Арсенди көрүп Болуш калтырап чыкты.
– Кандайсың, депутат?
– ...
– Күткөн эмессиң го, ээ? Эми антип алайбачы. Эмне болду деги? Ажалыңды көргөндөй болдуң го?
– Эмнеге келдиң?
– Куттуктап коёюн деп. Ордуң, анан жаңы жардамчың кут болсун!
– Кайсы жаңы жардамчы?
– Маңдайыңда турат, Дуулатов Арсен Дуулатович. Түшүндүң да, ээ?
– Сен деген соттолуп чыккан немесиң да.
– Соттолгон эмесмин. Атам үйүн сатып актатып алган. Баса, үй демекчи, үй барбы?
– Эмне үй?
– Сенин айыңдан бир кезде мен үйүмдү жоготком. Толуктап беришиң керек. Карыздарды төлөй турган мезгил келди.
– ...
– Мына паспорт. Эки сааттын ичинде мага бир үйдү каттатасың. Түшүндүңбү? Мен анан келем.
– Кайдагы үй? Таптакыр кутурган немесиң го сен!
– Бир эле чалуу менен мен сенин шермендеңди чыгарып, түрмөгө отургузуп, жакындарыңды кырып коё алам. Мен тамашалаша турган киши эмесмин.
– Сенин да жакындарың бар, унутпа!
– Эй, кеңкелес!- Арсен Болушту жакасынан алды.
– Менин жакындарым тарапты карап эле койчу болсоң!.. Мен сени үй-бүлөңдүн маңдайында отургузуп алып териңди сыйрыйм. Баса, тиги тасмада сен орус кызды көмүп жатканың да тартылып калыптыр го. Мен атайын кылган жокмун, ишенип кой.
Жоопту күтпөй Арсен паспортун таштап чыгып кетти. Болуш делдейип туруп калды. «Булардан эртерээк кутулбаса болбойт. Бирок кантип? Жанагы тасма чыгып кетпегидей кылып кантип жайласа болот буларды?»
ххх
Жигит Болуштан чыгып эле коңшу турган иш бөлмөгө баш бакты. Жардамчы ордунан тура калды.
– Эмне болду?
Арсен шашпай анын маңдайына келип көзүнө тик карады. Көз алдына баягы окуя тартыла түштү. Жардамчы улам чамынып бир Арсенди, бир атасын тээп жаткан. Кыжырданып чыкты. Тарс эттире жаактан ары муштап жиберди. Тигиниси көмөлөнүп түштү. Арсен эми күүлөнүп алгандай. Жардамчынын үстүнө отурду да, былч-былч эттире бет талаштыра ургулап жиберди. Кийин ордунан туруп, өзөртө бир тепти. Моокуму кана түштү.
– Эмне, Арсенди оңой ойлодуңар беле?- деди костюмун түздөп жатып. «Түбүңөргө жетем» сүйлөнгөн бойдон сыртка чыгып кетти. Катчы кыз элейип карап калды. Жардамчы жерде кан жөткүрүп жаткан...
(Уландысы кийинки санда)