Мега ырчы, кыздардын көңүл борборунда жүргөн жигит Омар 2-декабрь күнү үйлөнүп бойдокчулуктун каалгасын жапты. «Качан үйлөнөсүң?» деген суроолордон кутулганына сүйүнгөн ырчы келинчегин жетелеп биздин редакцияга кирип келди. Ырчы акыркы жылдары жаштарды ыйманга чакырган чыгармаларга көбүрөөк басым жасап жүрөт. Көрсө, Омар ошол ырларынын мазмунуна төп келген жубай издеп жүргөн тура. Жаңы үйлөнгөн эки жаштын маеги абдан кызыктуу болду.
– Куш бооңор бек болсун, Омар, Диана! Тойду өткөрүп эс ала түштүңөрбү?
Омар: – Рахмат. Ооба, буюрса, тоюбузду ойдогудай өткөрүп алдык. 450 киши чакырылган, бирок келген коноктордун саны 500гө жакындап кетти. Негизи тойду «скромный» өткөрөм, чакан эле той берем деп жүргөм. Бирок тойго келем дегендердин саны көбөйүп, мен убагында иштешип жүргөн компаниялар өздөрүнүн кызматын арзандатып сунуштап жатышты. Ошондой мүмкүнчүлүк болуп жатса чакан той өткөрө албайт экенсиң. Биз канчалык «скромный» той өткөрөбүз дегенибизге карабай өзүнөн-өзү эле «грандиозный» тойго айланып кетти окшойт. Тоюбуз адал өттү, столго спирт ичимдиктери коюлган жок, ордуна кымыз бердик. Бирок ошол кымызга деле жыргап жүргөндөр болду (күлүп).
– Келинчегиң менен тааныштырып өтсөң.
– Келинчегим Диана, келечектеги медицина кызматкери, учурда 4-курста окуйт. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси. Агасы, 2 иниси, 2 сиңдиси бар. Атабыз (ред.: кайнатасы) 2 жыл мурун каза болуп калган экен. Диана экөөбүз мындан 8-9 ай мурун таанышканбыз. Негизи сентябрь айында эле үйлөнөбүз деп жатканбыз, бирок мен Казакстанда сынакта жүргөнүмө байланыштуу тоюбузду декабрга жылдырганга туура келди. Бири-бирибизди билүүгө аз эле убакыт жетиштүү болду. Диана менен 2-3 ай сүйлөшкөндө эле ага үйлөнөрүмдү сезгем.
– Диана, Омар белгилүү ырчы, кыз-жигиттик мамилеңерди эч кимге билдирбей сыр тутуп жүрүү кыйын болдубу?
Диана: – Негизи биз эл катары эле киного барып, эс алуу жайларына барып жүрдүк. Болгону чогуу түшкөн сүрөттөрдү интернетке жүктөгөн жокпуз.
– Экөөңөрдүн кантип таанышып калганыңар окурманга кызык...
Д.: – Ушул жылдын 29-март күнү бизде, академияда «Золотая середина» болуп өткөн. Ошондо Омар келип ырдады. Биз кыздар менен Омар ырдап жатканда столго келип отуруп алганбыз, калган курсташтар бийлеп жыргап жатышкан. Ошондо кеченин алпаруучусу Кубат Кубанычбеков бийлебей отурган бизге «бул столдогу кыздар Омарды жакшы көрбөгөндөр экен» деп биз жакты көрсөтүп жатпайбы. Анан уялганыбыздан туруп Омардын жанына барганбыз. Кече бүткөндө Омардын менеджери Миргүл Эсеналиева келип «клипке тартыласыңбы?» деп менин телефон номеримди алып кеткен. Ошондон кийин Омар мага жазып, таанышып калганбыз.
О.: – Мен чынында булардын бийлебей отурганын байкаган эмесмин, Кубат айткандан кийин карасам эле биринчи көзүмө Диана урунду. Алгач сырткы келбети жагымдуу көрүнгөн, сүйлөшө келгенде жан дүйнөсү да сулуу экенине ынандым. Динден түшүнүгү кенен, жоолук салынууга ниеттенип жүргөн экен. Биздин апабыз (ред.: кайненеси) 5 маал намаз окуйт. Диананын мага жаккан сапаты – сүрөткө түшөм деп же номеримди сурап өзү биринчи жазган жок. Көбүнчө мен биринчи жазып, мен жолугушкум келип, баарына мен умтулуп жаттым. Атактуулугума кызыккан жок. Сүйлөшкөндө да өзүн токтоо кармап, орундуу сүйлөп, айтор, мага баары жагып жатты.
Д.: – Ооба, Омардын, чынында, ашынган күйөрманы эмес болчумун. Көңүлүмдү бурганы абдан маданияттуу, сылыктыгы болду. Таанышканда да мага сиз деп кайрылып жүрдү. Экөөбүз бири-бирибизге сиз деп сый менен баарлашчубуз.
– Диана, жакында эле жоолук салынып баштаптырсың, бул нерсеге Омардын таасири барбы?
Д.: – Мен жоолукту август айларынан баштап салына баштагам. Орозого чейин намаз окуп баштадым. Менин жоолук салынганыма Омардын тиешеси жок, тескерисинче, бул «1-2 жыл коё турбайсыңбы, кыздар чач жасап, маникюр жасатат эмеспи, ошондой ырахаттан эрте ажырап калбайсыңбы?» деген.
О.: – Ооба, Диана жаш да, анан адам намаз окуп баштаганда ыйманы көтөрүлүп өзү жоолук салынгысы келип баштайт. Мен «азырынча коё тур, эртеңки күнү жоолукту чечип салбагандай бол» дегем. Ошол жолго өзү келсин дегем. Бирок ошол убакта абдан берилип кетти окшойт, улам эле "жоолук салына берейинчи" деп сурап калган. Жоолук дегенде хиджаб кийип эмес, болгону ачык, кыска кийинбейт.
– Омар Казакстанда сынакта жүргөндө күйөрмандык кылып жаттыңбы?
Д.: – Ооба, сынакка кетип жатканда узатып, дуба кылып күтүп отурчумун. Телефондон да улам абалын, сынактын жүрүшүн сурап, айтор, болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн баарынан кабардар болуп жаттым. Ошол эфирлерди күтүп көрүп, сүйүнүп, толкундандым.
О.: – Чынында, мен Диананын колун ошол «Silk Way Star» сынагынан сурайын деген максатым бар болчу. Бирок финал жакындап калганда катышуучулар арасында тирешүү күч алып, бир аз негатив көп болуп кетти. Мен Диананын колун сурасам көпчүлүк атаандаштар «Омар шоу жасап жатат» деп ойлойбу деп ал сюрпризимди ишке ашыра албай калдым.
– Анан кандай жагдайда Диананын колун сурадың?
О.: – 19-ноябрь – туулган күнүмдө колун сурадым. Абдан күтүүсүз болду. Диананы апасы кечинде эч жакка чыгарбайт да. Телефон чалсам Диана «кеч болуп калды, бара албайм» деп койгон. Мен туура түшүнүп, досум экөөбүз кафеге барсак, Миргүл, досторум, Диана жаркылдап мени тосуп алышты. Ошол күнү чөнтөгүмдө шакек бар болчу. Мүмкүнчүлүктү колдонуп ошол эле күнү кафеде Диананын колун сурадым.
Лунара Бекиева
star@super.kg