БИР АПТАДА 2 МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ӨЗҮНӨ КОЛ САЛДЫ. Сыры эмнеде?

Өткөн аптада милиция кызматкерлерине байланыштуу чырдуу да, сырдуу да окуя катталды. Милиция кызматкери болуп иштеген эки адам өздөрүнө кол салып, бири ооруканада болсо, экинчиси өмүрү менен кош айтышты. Каза болгон Эрлан Сөлпүевдин жакындары ал өзүн-өзү атып салганына ишенбей жатышат.

СЫРДУУ КОЛ САЛУУЛАР
Ички иштер министрлиги аталган министрликтин Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында жайгашкан курал-жарак кампасында күзөттө турган ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкери Эрлан Сөлпүев Калашников автоматы менен өзүн-өзү башка атып өлгөнү тууралуу маалымат тараткан. Окуя 1-декабрь күнү саат 19:00дө болгон. Эрлан Сөлпүев 1991-жылы Чүй облусунда туулган. Аталган кызматта 2010-жылдан бери иштеп келген. 4 бир туугандын улуусу, үйлөнгөнүнө 1 ай гана болгон. Туугандарынын айтуусунда, анын өзүнө-өзү кол салуусуна эч кандай себеп болгон эмес.
3-декабрь күнү да болжол менен саат 20:00дө Э.Н. аттуу Жайыл РИИБинин патрулдук милиция кызматынын кызматкери өз үйүндө өзүн бычак менен сайып өмүрүн кыйганга аракет жасаган. 1990-жылы туулган бул кызматкердин келинчеги, 2 баласы бар. Келинчегинин айтуусунда, мурун да ал өз жанын кыюуга аракет кылган. Өзүнө кол салган бул милиция кызматкери алгач кимдир бирөө ага кол салганын айтса, кийин өзү бул ишке барганын айткан. Ал учурда ооруканада.

«МАГА БИР НЕРСЕДЕН КОРККОНДОЙ СЕЗИЛДИ»
Биз маркум Эрлан Сөлпүевдин жубайы Жазгүл айым менен маектештик. Ал жолдошу өз жанын өзү кыйганына ишенбестигин айтууда.
-Биз Эрлан экөөбүз 1 жыл сүйлөшүп жүрүп, бири-бирибизди аябай жакшы көрүп үйлөнгөнбүз. Ал менин кыялымдагы жигит болчу, биз бактылуу элек.
Эрланды «өзүн-өзү атып алды» деп ИИМ маалымат таратты. Мен бул нерсеге ишенбейм. Анткени ал өзүн-өзү өлтүрө турган адам эмес болчу. Каргашалуу окуядан 2-3 күн мурун чогуу иштегендеринин бири күйөөмө «сен жумушка келбей эле кой» дептир. Кийин кайра телефон чалып «сен эмне ишке келбейсиң?» деп аябай орой сүйлөп жатканын уктум. Эрлан Назбек деген кесиптешине телефон чалып эмне болгонун айтса, ал «Телефонуңду өчүрүп сал. Менден башка эч кимдин телефонун алба» деди. Аны мен өз кулагым менен уктум. Эрлан телефонун өчүрүп салып, ал күнү үйдө болду. Жакын жерде бөлөсү жашачу, ал чакырса да барган жок. «Сенин жаныңдан чыккым келбей жатат» деп кучактап эле жанымдан чыкпай жатты. Бир нерседен корккондой, айта албай жаткан ичинде бир сыр бардай эле сезилди.

«КУРАЛ-ЖАРАКТАН БАШКА ДА НЕРСЕ БАР ДЕП АЙТЫП АЛГАН»
-Жумушка кете турган күнү жуунуп, сакалын алып даярданды. Кетерде мени ойготчу эмес, бул жолу ойготуп «сенин жытың сонун» деп кыя албай араң кеткен. Андан кийин жумуш учурунда сүйлөшкөнбүз. Эми «телефон чалуулардын акыркысы аялы менен экен, экөө урушуп кетишкен окшойт» деп жатышат. Аялы менен күйөөсү сүйлөшөт да. Жаңы баш кошуп ысыгыбыз тарай элек болсо кайдан урушканга үлгүрмөк элек? Ошентип жаман кабарды уктук.
Сөөгүн өлүкканадан алдык, телефонун алганга укугубуз жок экен. Курал сактаган кампада көп видеокамералар коюлуптур, так күйөөм атынып алган деген учурдун видеосу жок экен. Дагы бир эсимде калган нерсе, кайненем менен кайнатам базарда иштечү, алар «балам, алдагы дептерлериңди кечинде деле жазмаксың. Бизге жардам берсең боло, жетишпей жатабыз» дегенде Эрлан «апа, мен муну бүтпөсөм башыма балээ үйгөнү жатышат» деди. «Бул жерде курал-жарактан башка да нерсе бар» деп бир жолу айтып алган.
Каза болгону тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. Бир версияда телефонунан видео көрүп жаткан дешти. Кайра өзүн атып жатканда видеого өзүн-өзү тарткан деп айтышты. Айтымдарында, өзүн аткандан кийин телефондогу видеону кимдир бирөө токтоткон экен. Ким токтоткону табышмак. Эмне үчүн каза болгондо ата-энесин, бир туугандарын чакыртышкан жок?
Менин оюмча, ошол курал-жарактан тышкары бир нерсени алып кетип бара жатканына күбө болуп калган. Ошондон улам атып салышты же өзүн-өзү атканга чейин коркутуп жеткиришти. Ал өз жанын кыймак эмес, ага себеп да жок болчу. Эрландын аркасында туяк калбады. Балким, боюмда барбы деп үмүт кылып жатам (ыйлап).

Ички иштер министрлиги күзөттө турган кенже сержант Эрлан Сөлпүев өзүн-өзү атып өлдү деген версияны гана айтууда. ИИМдин басма сөз кызматына байланышканыбызда «Бул далилденди. Окуянын бардык жагдайлары такталып, маалыматтар чогултулуп жатат. Тиешелүү экспертизалардын баары дайындалды. Ал эми өзүн-өзү атканда тартылган видео тууралуу эч кандай маалымат бере албайбыз»,- деп билдиришти. Бул окуя иликтенип өлүмдүн сыры ачылат деп үмүт кылабыз.


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Stervamyn
2017-12-12 09:31:51
Карга карганын козун чукубайт децт беле.
+5
raikakyz
2017-12-12 22:39:19
Бир жараткан Алла билет.Жаш уйлонгон жигит болсо,жашоонун кызыгын жаны гана баштаган экен,демек озун озу олтурбойт деген ой келди.Ким атса да Аллах коруп турду да.Баланын жаткан жери жайлуу,топурагы торкоо болсун!
+3
Eli.91
2017-12-12 23:52:15
Биздикилер качаан эле чын болгон окуяны айтып чыгышты эле,ачык эле корунуп туратко сыры,иштеринен ажырап калышынан коркушат,бечара олгон адамга баарын оодарып коюушат,тирик калган чактада коркутуп уркутуп айтырышбайт,бундай кылыктары 5 тен белгилууго,ал Эми келинчегине сабр айтам,жаткан жери жайлуу болсун.
+2
Elisabeth
2017-12-13 17:54:28
Жашоо бул -бумеранг. Бугун бироого жамандык кылсан, эртеге эле Жараткан оз башына жамандыкты салып коет. Бул дуйнодо болбосо, чын дуйнодо Аллахтын алдында жооп берер кун келет.
0
tamchy555
2017-12-13 18:18:28
Байкуш ата-энеси...... (
0
№ 788, 8-14-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан