Кыргыздын кулуну Султан Садыралиев Казакстанда чоңоюп, бой жеткенде өз мекенине келип ырчы катары таанылганын күйөрмандары билет. Домбра чертип, казакча ырдап калмай жайы да бар. Султан эми Казакстанды багынтуу максатында ишке киришиптир. Продюсери Нурлан Мамакеев долбоор тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди: «Мен Казакстанда кинокомпания жана продюсердик борбор ачкам. Кино тартуу учурунда ал жактын шоу-бизнесиндеги көптөгөн ырчылар, продюсерлер менен тааныш болдум. Менин сыймыктанганым, ар бир казак ырчысынын репертуарында жок дегенде бирден кыргызчадан которулган ыр бар экен. Биз деле өзүбүздүн ырларды казакчага которуп ырдап чыксак болот экен деген ойдо жүргөнүмдө аранжировкачы Азамат Такырбашев, Султан Садыралиев менен жолугуп калдым. Султан да «аракет кылсак болот экен» деп калды. Бир нече ырдын ичинен «Атага кат» деген Артык менен Сапардын чыгармасын тандап алып ырдады. Клиби жакында бүтөт. Телеканалдар менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Буюрса, Султандын ысымы Казакстанда да белгилүү болот деген ишеним бар».