Жакында эле эстрада ырчысы Мирбек Иманбековду жанында отурган бир жигит гитара менен башка чапкан видео интернет айдыңында жайылып, тез эле «популярдуу» видеого айланды. Видеодон Мирбек Иманбеков теңтуштары менен отуруп, «Балалык» аттуу чыгарманы гитара менен аткарып жатып жанында отурган баланы жаңсап «бул музыканы түшүнмөк беле?» деп айтканын угууга болот. Ырчынын сөзүнө ызаланган жанындагы шериги Мирбектин колундагы гитараны алып аны башка чаап, гитара талкаланып кеткен. Жыйынтыгында, оюндан от чыгып мырзалардын тамашасы мушташ менен аяктаган. Талкуу жараткан видео боюнча ырчы Мирбек Иманбеков комментарий бере албай турганын билдирди. Ал эми гитара менен башка чапкан шериги ырчынын Дүйшөнбек аттуу классташы экени белгилүү болду. Ага байланышканыбызда: «Балдар менен чогулуп отурганбыз. Кызуулукка алдырып койдук окшойт. Мирбек экөөбүздүн айтышуубуз мушташ менен аяктады. Ал эми видеого арабыздагы кайсы бала, кандай максатта тартып алганын билбейм»,- деген жообун айтты.
Белгилей кетсек, ырчы 2 жылга чукул убакыттан бери өзү туулуп-өскөн Кара-Буура айылында үй-бүлөсү менен жашап келет.