5-декабрда өлкөбүздөгү жаш жубайлардын саны дагы бирге көбөйдү. Куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу, алпаруучу, шоумен Манас Алыкулов үйлөнүп, үлпөт той берди. Эки жаш 4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш кошушту. «Той борборубуздагы ресторандардын биринде эң мыкты деңгээлде өттү. 500 адам чакырылды. Сахналаш санаалаштарыма рахмат. Ошолор эле тойду көтөрүп коюшту. Социалдык баракчаларда бизге каалоо-тилек айткандардан сырткары «калың канча бердиңиз?» деп сурагандар көп. Калың берген жокмун. Кайын журт менен апамдар калың берилбейт деп сүйлөшүшүптүр. Эң башкысы, биз бактылуу болсок болду»,- дейт Манас.