ТЕМИР БИРНАЗАРОВДУН КИНОСУ ЭСТОНИЯДА БАШ БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛДУ

Кыргыз кинолору биринин аркасынан экинчиси чет жерде өткөн эл аралык фестивалдарда алдыңкы орундарга ээ болуп жатканы ар бир кыргыз үчүн сыймык. Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" деп аталган толук метраждуу тасмасы Эстонияда өткөн "Тёмные ночи" эл аралык кинофестивалында баш байгеге ээ болду. Аталган фестиваль 1997-жылдан бери өтүп, дүйнөдөгү эң ири делген 20 кинофестивалдын катарына кирет. "Кыргызфильм" тарабынан каржыланып, узактыгы 1 саат 30 мүнөттү түзгөн тасма таң каларлык мүнөздөгү жаш кыз менен улгайып калган курактагы жалгыз жашаган эркек киши жөнүндө.

"Түнкү кырсык" тасмасынан кадр.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Arhideia
2017-12-12 16:59:57
Баракелде
+1
Gulzina1993
2017-12-15 12:14:53
Ушундай жакшы жанылыктар коп болсун, азаматсыздар баракелди.....
+1
Benazir08
2017-12-16 09:59:17
А биз качан коробуз ошондо?
+1
№ 788, 8-14-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан