ЫРЫС ЖООМАРТОВА, ДИНАРА ЕСЕНГУЛОВА "ЖАЛ" КИНОТЕАТРЫН ИШТЕТИП БАШТАШТЫ


Бир нече жылдан бери көрөрмандын табитине ылайык кинолорду тартып келе жаткан Ырыс Жоомартова менен бир нече ырчыны элге тааныткан белгилүү продюсер Динара Есенгулова Жал кичи районундагы "Жал" кинотеатрын иштетип башташты. Кинотеатрдын 3 залында кыргыздын бардык жаңы тасмалары көрсөтүлөт. Андан сырткары окутуу курстары жүргүзүлмөкчү. Актёр, ырчы болууну кыялданган бардык курактагылар 20-21-декабрь күндөрү саат 10:00дөн 20:00гө чейин кастингге келип катыша алышат. Кабыл алынгандар вокал, актёрдук чеберчилик жана сахнада өзүн алып жүрүү боюнча окуп, соңунда сертификат алып чыгышат. Каалоочулар 0708 40-81-18, 0776 50-31-33, 0551 50-31-33, 0703 36-13-13 номерлерине байланышса болот.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Edelveis929317
2017-12-12 13:57:18
Ушул Ырыс эжем же жакшына кино тартпады же тартпай койбоду да.Кинолорун көрсөң кетирген убактыңа өкүнөсүң.
+12
jama9210
2017-12-12 18:36:16
Жал кинотеатрда эми жалан озу тарткан кинолор коюлат экен да
+5
KIRA.
2017-12-13 02:32:58
маданият министри эмнени карайт,билими бары-жогу кинону оюнчук кылып алышты,озунчо режиссер болуп,жашы деле,карысы деле,бул эженин кинолорун коруп эмне дешинди билбейсин.нерв ,убакыт кетет
+7
Nagii
2017-12-13 09:50:10
Бекер окутат экенби?
+3
Elitta
2017-12-13 13:31:14
Ушул чыгармачыл чойродогу инсандар кантсем популяр болуп Элге дууу болот экенмин деп ар нерсе болуп корот...артист деп бекер айткан эмес
+4
myrzaym
2017-12-14 22:47:08
ырыс эженин кинолору кайсы кинолор эмнеси жаман экен тушундуруп койгулачы
0
Guli.raimbekova95
2017-12-16 12:33:32
Озубуз 1 минуталык ролик тарталбайбыз эптеп, бироону сындаганы 5 биз...
0
№ 788, 8-14-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан