КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДАГЫ ЭҢ ЖАШ ӨКМӨТ БАШЧЫ САПАР ИСАКОВДУН 100 КҮНҮ

Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Сапар Исаков премьер-министр болуп шайланган. 40 жашында премьер-министрликке келген Исаков эгемендүү Кыргыз тарыхындагы эң жаш өкмөт башчы катары жазылып калды. Көпчүлүгү күчкө толуп турган билимдүү, амбициялуу жаш кадрлардан куралган Исаковдун өкмөтүнүн 100 күнү эмнелерге жетишип, эмнелерден кур калды саресеп салып көрөлү.

«ЖАҢЫ ДООРГО КЫРК КАДАМ»

Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдына «Жаңы доорго кырк кадам» аталышындагы программасы менен келген Сапар Исаков эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болуп, өкмөттү жетектей баштаган. Бул программа ар тармакты реформалоочу 40 кадамдан турат. Аталган программанын негизги максаты – өлкөнүн тейлөө тармагын электрондоштуруу, санарипке өткөрүү. Бул багытта «Кыргызпочтасы» Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагына өткөрүлүп, «паспортту үйгө жеткирүү» кызматы ишке киргизилди.

ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИ КАЛККА ЖАКЫНДАТКАН КАДАМДАРЫ

Премьер-министр Сапар Исаков карапайым калктын күнүмдүк турмушунан тез-тез кабар алып, коом менен тыгыз иштешип жатат. 11-сентябрда интернетке Исаковдун кортежи башка жарандардын унаалары менен бирге жол чыракта токтоп турган сүрөтү тарады. Өкмөт башчынын патрулдук милициянын коштоосунан баш тартканы коомчулукта жакшы кабыл алынып, ага болгон сыйды арттырды. Кийинчерээк Исаков V Азия оюндарына спортчуларыбызды өзү узатып, кайтып келишкенде аэропорттон баарын бирден куттуктап тосуп алганы да жылуу пикирлерди жаратты. Премьер-министрдин атайын тапшырмасы менен интернеттеги социалдык тармактарда жазылып жаткан калктын көйгөйлөрү менен иштөөчү атайын бөлүм ачылды.

ӨКМӨТКӨ КӨЛӨКӨ ТҮШҮРГӨН КАДРЛАР
Бул аралыкта өкмөттүн аброюна көлөкө түшүргөн окуялар болбой койгон жок. Вице-премьер-министрлик кызматта жүргөндө Дүйшөнбек Зилалиев президенттик шайлоодо бийликтин талапкерин колдоого чакырык жасагандыгы үчүн коомчулуктун кескин сынына кабылды. Ал вице-премьерликтен сырткары президенттик шайлоону өткөрүүчү республикалык штабдын башчысы болуп турган. Буга байланыштуу Сапар Исаков Дүйшөнбек Зилалиевди республикалык штабдын жетекчилигинен бошотуп, катуу сөгүш берди.

ИЛГЕРИЛЕГЕН ИШТЕР

Өкмөттүн дагы бир көзгө басар иштеринин бири – бул Кыргыз-Өзбек чек арасынын 1170,53 чакырымынын делимитацияланышы болду. Эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүсүнөн кийин өкмөттүн аракети менен 4 көзөмөл-өткөрүү бекети сентябрда ачылып, кайрадан пайдаланыла баштады.
Ошондой эле туризмди өнүктүрүү максатында өкмөт чет өлкөлүктөр үчүн Кыргыз мамлекетине визаны интернет аркылуу алууга жол ачты.
Сентябрдын башында Кыргыз өкмөтү «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол койду. Жыйынтыгында «Центерра Голд Инк.» экологиялык көйгөйлөрдү жоюу үчүн жылдык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин көтөрмөй болду.

ӨЗГӨЧӨ ОЙЛОНГОН ЖЕТЕКЧИ

Бул аралыкта бир топ социалдык маселелер Исаковдун демилгеси астында чечилип, калкка ыңгайлуу шарттар түзүлдү. 28-сентябрда Мамлекеттик ипотекалык насыянын үстөгү 10 пайыздан 8 пайызга түшүрүлдү.
Сапар Исаков мамлекеттик мекемелерди эскертүүсүз текшерүүнү да адатка айланткан алгачкы өкмөт башчы болуп калды. Мисалы, 4-октябрда таңкы саат 6лар чамасында «Манас» эл аралык аэропортун эскертүүсүз текшерүүгө алып, аба майдандын чыныгы абалына күбө болгон. Рейдден кийин премьер-министр өкмөттө кеңешме өткөрүп, «Жарандардын жана коноктордун даттануулары толук негиздүү. Жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылуу керек» деп бир топ тапшырмаларды берди. Көп өтпөй «Манас» аэропортунда реконструкция иштери башталып, кошумча паспорт текшерүү күркөлөрү ачылды. Андан сырткары күтүү залы да кеңейтилип, жүктөрдү алуу жана салуу кызматы ылдамдады. Буга чейин аэропорттон өтүү 40 мүнөттүк убакытты алса, учурда 20 мүнөттүн тегерегинде бардык текшерүүлөрдү бүтүрсө болот.
Өкмөт башчы кайсы облуска иш сапары менен барбасын ошол аймактагы карапайым калк менен жолугуп, жардамын берүүнү адатка айлантты. Мисалы, 6-октябрда Нарынга болгон сапарында 5 баланы жалгыз тарбиялап жаткан Нуриза Кичинебатыровадан кабар алып, колдоо көрсөттү.

ОРУСИЯГА САПАР

Өлкө башындагы адамдардын чет өлкөгө жасаган биринчи сапарына өзгөчө маани берилет. Сапар Исаков өкмөт башына келгенден кийин алгачкы расмий сапарын 29-сентябрда Орусияга жасады. Анда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.



КЫРГЫЗ-КАЗАК КРИЗИСИ: ӨКМӨТТҮН АРАКЕТИ

11-октябрда Сочиде өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ордуна өкмөт башчы Сапар Исаков катышты. Премьердин бул сапары Кыргыз-Казак мамилеси сууп, чек арада чыңалган абал пайда болгон учурга туш келди. Ошол учурда өкмөттөн Исаков Сочиде казак президенти Нурсултан Назарбаев менен чек ара маселесин талкуулаганы жана абал жумшарганы тууралуу маалымат тарап, коомчулук жылуу кабыл алган. Бирок казак тарап расмий сүйлөшүү болбогонун жарыялап, өкмөткө ыңгайсыздык жаратты.
Өкмөт Кыргыз-Казак кризисин жоюу үчүн экинчи кадамды 18-октябрда таштады. Астанага болгон иш сапары учурунда Казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевге жолугуп, чек арадан жарандарды жана автоунааларды өткөрүүдө артыкчылыктуу тартип киргизүүгө жетишти. Ал эми товар ташуучулар үчүн мындай катаал текшерүү декабрга чейин созулду.

«ТАЗА КООМГО» ТАШТАЛГАН КАДАМ

Сапар Исаков
өзү алгачкылардан болуп «Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы» аркылуу электрондук арыз менен паспортту үйгө жеткирүү кызматынан пайдаланды. 28-октябрда өкмөт башчы жашаган жерине почта аркылуу жаңы паспорту жеткирилгенин маалымдады. Электрондук кызмат ишке киргенден бери документ алуу иши жеңилдеп, кезек күтүү жоюлганын жарандар кубануу менен кабыл алышты. 13-ноябрда премьер-министр «Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы» аркылуу алгачкылардан болуп никесин каттаган жубайларды куттуктап, «үлгүлүү үй-бүлө» деп атады.
Өкмөт 16-ноябрда «Жаңы доорго кырк кадам» программасын жана «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу үчүн Элдик идеялар банкын ишке киргизди.
Андан сырткары Кыргыз өлкөсү Борбордук Азиядан алгачкылардан болуп «Ачык өкмөт» өнөктөштүгүнө кошулду.

ПАТРУЛДУК МИЛИЦИЯ ЖОЮЛДУ
Өлкөдө ушул жылдын 9 айында эле 600дөн ашуун жаран жол кырсыгынан каза болду. Андыктан жаңы өкмөттүн алгачкы жыйыны жол коопсуздугуна арналды.
Премьер-министр Сапар Исаков 9-ноябрда жол коопсуздугуна байланыштуу токтомго кол коюп, Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түзүлдү. Азырынча жол коопсуздугунда абал өзгөрө элек.

ӨКМӨТТӨГҮ КАДРДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР
23-ноябрда вице-премьер-министр болуп иштеп келген Дүйшөнбек Зилалиев өкмөт башчынын сунушу менен аталган кызматтан бошотулуп, бир нече күндөн кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Анын ордуна өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп Толкунбек Абдыгулов келди.
Премьер-министр Сапар Исаков 23-ноябрда саясатчылар арасында «Раим миллион» деген каймана ысым менен белгилүү болгон Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Райымбек Матраимовду кызматтан алды. Матраимовдун иштери саясий жетекчиликтин жасаган ишине дал келбегени себеп катары айтылды.
Серепчилер өкмөт башчынын бул кадамдарын саясий эрктүүлүгүн көрсөттү деп сыпатташты.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 788, 8-14-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан