ЖАНДООЧУ КИЙИК АТТЫРАТ ЖЕ ӨКМӨТ БАШЧЫНЫ ЖАНДАГАН КЕҢЕШЧИЛЕР

Бул адам Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына өлкө үчүн оңой эмес убакытта келди. Ошентсе да ал кызматтык милдетине киришкенден тарта өкмөттүн түзүлүш курамында бир катар өзгөрүүлөр байкалууда. Жалпы улуттук өнүгүү стратегиясын, тиешелүү ишмердүүлүктөгү мамлекеттик саясатты түзүүдө жана аны иш жүзүнө ашырганга ар дайым жардам берип турган негизги өкүлдөрдүн бири болуп премьер-министрдин кеңешчилери эсептелинет. Кеңешчи болуп дайындалгандардын ар бири батыш өлкөлөрүнүн алдыңкы университеттеринде билим алышкан, эл аралык уюмдарда иш тажрыйбалары бар. Буга катар илимий даражалардын ээлери.

ТАЛАНТ СУЛТАНОВ
Өкмөт башчынын кеңешчилеринин арасынан айырмалана турганы Талант Султанов Гарвард жана Колумбия университеттеринин бүтүрүүчүсү. Өзүнүн профессионалдык карьерасында Султанов Вашингтондогу Дүйнөлүк банктын штаб-квартирасында жана аталган банктын Алматыдагы Борбордук Азия кеңсесинде иштеген. Өз мекенинде ал Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институтун жетектеп, Борбор Азиядагы америкалык университетинин каржы жаатын башкарып келген. 2017-жылдын 4-сентябрында премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалып, «Таза коом» санариптик трансформация программасында иш алып барган группаны жетектөөдө.

ГҮЛНУРА ТӨРАЛИЕВА
Дагы бир кеңешчи Гүлнура Төралиеванын таржымалы да кызыктуу. Ал жаш болсо дагы Кыргыз-Орус Славян университетин жана Лондон шаардык университетин бүтүрүп, ошондой эле Орусия Федерациясынын Илимдер академиясында филология илиминин кандидаты болгон. Премьер-министрдин кеңешчиси кызматында ал өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүндө, «Таза маалыматтар», «Ачык өкмөт» сыяктуу программаларды иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу, коомчулук менен байланыш, аны менен катар эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар, коомдук байкоочу кеңеш менен иштешүү жана башка мамлекеттик органдардын ачык иш жүргүзүү программалары менен иш алып барат.

МУРАД ОМОЕВ
Дагы бир Колумбия университетинин магистри болуп Мурад Омоев саналат. Премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындала электен мурун ал Эл аралык валюталык фонддун Европалык департаментинде иш алып барчу. Экономика жана ишкердик административдүүлүк жаатында эл аралык деңгээлде иш тажрыйбасы бар Омоев мекенинде фискалдык саясат жана экономикалык өнүгүү жаатында иш жүргүзөт.


АЛЕКСЕЙ КОРОТЕЕВ
Өлкөдөгү медицина тармагы олуттуу өзгөртүүлөрдү талап кылып турат. Андыктан өкмөттүн бул жааттагы негизги багыты болуп саналган рак жана жүрөк-кан тамырлар системиндеги оорулар боюнча Алексей Коротеев иш жүргүзөт. Алексей Коротеев орусиялык атактуу кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор. Ал 2011-жылы оор жүрөк ооруларын дарылоонун жаңы ыкмасын ойлоп таап, Орусияда биринчи жолу жасалма карынчаны имплантация кылуу операциясын жасап, ушундай операциядан жалпы 42ни жасаган.

НАЗИК БЕЙШЕНАЛЫ
«Кырк кадам» программасын өнүктүрүү ишин Оксфорд университетинин студенти Назик Бейшеналы да аркалайт. Ал Кыргыз Республикасынын кооператив союзунун президенти, Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институтун, Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын изилдөө жана эл аралык байланыштарын башкарган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын БУУдагы азык-түлүк программасы боюнча кеңешчиси, БУУнун системинде улуттук жана эл аралык консультант болуп эмгектенген.

БЕРМЕТ ТУРСУНКУЛОВА
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер жана маданият боюнча өнүктүрүү иштерин Будапешттеги Борбордук Европа университетинин бүтүрүүчүсү Бермет Турсункулова алып барат. Турсункулова доцент, саясий илимдердин кандидаты, билим берүүнүн отличниги. Англис, француз, түрк жана венгер тилдеринде эркин сүйлөйт.


ЮЛИЯ КАЛИНИЧЕНКО
Кыргыз Республикасынын тарыхында премьер-министрдин эң жаш кеңешчиси болуп Юлия Калиниченко (26 жаш) дайындалды. Ал Будапешттеги Борбордук Европа университетинин бүтүрүүчүсү. Москвадагы «Тармактык тамактануу институтунун» долбоорлорун жетектеген, Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын эл аралык мамиле жана уюштуруу иштери жана Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институтунда иш алып барган. Борбордук Азиядагы Америкалык университетте тянь-шандык аналитикалык борбордун долбоорлорун жетектеген. Өкмөттө «Кырк кадам» программасында иш жүргүзөт.

Бүгүнкү күндө премьер-министрге ар дайым үч расмий кеңешчи жардам берет – Талант Султанов, Гүлнура Төралиева жана Мурад Омоев. Калгандары коомдук башталыштардагы кеңешчилер.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 788, 8-14-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан