СИМИТ
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 400 грамм
Ачыткы – 1,5 чай кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Күнжүт – 100 грамм
Бал – 50 грамм
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Чыныга бир чымчымдан туз, кумшекер жана ачыткыны салып, чынынын жарымынан жылуу суу куябыз. Ачыткы көөп чыкканда камырга кошсоң, бат көтөрүлөт.
2. Табакка ун, туз, кумшекер, өсүмдүк майын, ачыткыны кошуп жылуу сууга камыр жууруп, ал ачыганча жылуу ороп коёбуз.
3. 200 грамм жылуу сууга балды кошуп эритип алабыз.
4. Ачыган камырды майда бөлүктөргө бөлүп, кол менен тоголоктоп жазылап, шакек формасына келтирип эки четин бекитебиз.
5. Шакекчелерди алгач бал кошулган сууга малып, анан күнжүткө оонатабыз да пергамент кагазы төшөлгөн табага салып, камыр көтөрүлгүчө 10 мүнөт тыныктырабыз. Андан соң 200 градуста ысып турган электр мешинде 15 мүнөт бышырабыз.
БАКЛАВА
Керектелүүчү азыктар:
Даяр каттама камыр – 800 грамм
Кургатылган өрүк – 200 грамм
Мейиз – 200 грамм
Кумшекер – 200 грамм
Каймак май – 50 грамм
Бал – 3 аш кашык
Жумуртка – 1 даана
Грек жаңгагы – 100 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Даяр төрт чарчы каттама камырдын ар бирин эки бөлүккө бөлөбүз. Пергамент кагазы төшөлгөн табага камырдын биринчи бөлүгүн жаябыз да, үстүнө блендерден майдаланган кургатылган өрүктүн жарымын тегиз кылып себелейбиз. Бетине кумшекер себелөө керек. Үстүн камырдын берки бөлүгү менен жаап, анын үстүнө майдаланган мейиздин жарымын жана кумшекер себелейбиз. Кийинки катмарына кайра өрүк, мейиз кылып кезектештирүү керек. Өрүк, мейиздин ордуна майдаланган грек жаңгагын, бадам, мисте, кешьюну колдонсоңуз болот.
2. Эң үстүнкү кабатын жумуртканын сарысы менен майлап, андан соң ромб формасында камырдын түбүнө жеткирбей кесүү керек. Антпесе үстүнө куюлган сироп камырга сиңбей куюлуп кетет. Ар бир ромбдун үстүн грек жаңгагы менен кооздоп коюңуз.
3. 200 градуста ысыган электр мешинде 10 мүнөт кармап, кийин алып чыгып ар бир ромбдун үстүнө эритилген каймак майдан аздан куюп чыгабыз. Кайра электр мешине салып, 160 градуста жарым саат бышырабыз.
4. Жарым стакан кумшекерге ошончо өлчөмдөгү суу кошуп сироп даярдап, андан кийин балды кошуп жакшылап аралаштыруу керек.
5. Электр мешинен табаны алып чыгып, сиропту тегиз кылып куябыз да, муздаганча күтөбүз. Муздаган соң түбүнө чейин кесип, дасторконго коё берсек болот.
ПИДЕ
Керектелүүчү азыктар:
Камыр үчүн:
Жумуртка – 3 даана
Ун – 500 грамм
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 чай кашык
Ачыткы – 10 граммФарш үчүн:
Фарш – уй (кой, тоок) эти – 400 грамм
Болгар калемпири (ачуу калемпир кошсоңуз да болот) – 2 даана
Пияз – 1 даана
Сарымсак – 4 тишче
Помидор – 1-2 даана
Томат пастасы – 2 аш кашык
Жумуртка – 1 даана
Катуу сыр – 100 грамм
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Ашкөк, петрушка – каалоого жараша
Татымына жараша туз, кара мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.
2. Болгар калемпирин майда төрт бурчтук формасында туурап, сарымсакты жанчып даярдап алабыз. Помидорду кайнак сууга салып кабыгынан ажыратып, аны да төрт бурчтук формасында туурайбыз.
3. Көмөч казандагы өсүмдүк майына пияз менен сарымсакты 2-3 мүнөт кууруп алабыз. Андан соң фаршты салып, ага туз, мурч кошуп аралаштырып, бышкыча жай отто кармайбыз.
4. Фарш бышардан 5 мүнөт мурун жашылчаларды, томат пастасын кошуп аралаштыруу керек. Фарш бышкан соң оттон чыгарып, ага көк чөптөрдү, лимон ширесин кошобуз.
5. Камырды чакан бөлүктөргө бөлүп, ар бирин сүйрү формада, боорсоктун камырындай жукалыкта жаябыз.
6. Табага пергамент кагазын төшөп, ага жайылган камырды салып, четинен 2 сантиметрдей боштук калтырып ортосуна фарш салып, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды үстүнө тегиз себелейбиз. Камырды кайык формасына келтирип четтерин бекитип чыгабыз.
7. Электр мешине салардан мурун камырдын четтерин жумуртканын сарысы менен сүртүп, 200 градуста ысып турган электр мешине салып, 15-20 мүнөттөн кийин алып чыгып дасторконго коёбуз.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg