Сөзү: А.Өмүркановдуку.
Обону: К.Эралиеваныкы
Жөргөлөгөн жөжөлөрүм
Бөбөгүмдөй көрөмүн.
Чыйпылдашып ээрчигенде
Жемден чачып беремин.
Курсактары тойгон кезде
Чыгарышат өнөрүн,
Алыс кетсе энесинен
Билбейт экен өлөрүн.
Кулаалыга алдырбаймын,
Кумайыкка жедирбейм.
Эрте туруп жем чачамын,
Уйкучу кыз дедирбейм.