АЯЗ АТАДАН ЭМНЕ БЕЛЕК СУРАЙСЫҢ?

Жаңы жылды өзгөчө балакайлар аябай күтүшөт. Анткени ал күнү алардын кыялдары орундалып, каалаган белектерин алышат. Сыйкырдуу Аяз атадан 4-7 жаштагы балакайлар эмне күтөт, ата-энелер, кулак түрүп, эске түйүп коюңуздар.




АЙДАНА НАРБАЕВА, 4 ЖАШТА:
– Аяз ата мага мандарин, киндер, сыкалад, кукла, торт алып берсинчи.







АЛИБЕК БАУРЖАН УУЛУ, 4 ЖАШТА:
– Эй, Аяз ата, мага отуруп айдаган, анан пульту менен башкарган БМВ машинасын алып берчи.








РАМИЗ РАВШАНБЕКОВ, 4 ЖАШТА:
– Аяз ата мага чоң робот алып берсинчи. Анан дагы куртка, шапка, ботинка, шарф, шымын кошо алып келсин. Дагы мага телефон керек.







СЕЗИМА, СЕЙИТБЕКОВА, 5 ЖАШТА:
– Аяз ата, кандайсыз? Мага болсо куурчак, кызыктуу китеп, ак коён, Аяз кызыныкындай ак көйнөк бериңизчи.







АКСААМАЙ УЛАНБЕКОВА, 5 ЖАШТА:

– Атамдын топ тээп уткан призге окшош медалы бар. Мен ошондой алгым келет. Колго илип алат го, ошондой сумка, саат, юбка берсинчи.






АРЗЫБЕК ТУМАНБАЕВ, 5 ЖАШТА:
– Мен Аяз атадан машина, пистолет, мылтык белекке күтөм. Аяз ата, келиңиз. Колуңузду бериңиз. Жаңы жылды куттуктап, подаркадан бериңиз.





АЙЭЛИНА МАЛАБАЕВА, 5 ЖАШТА:
– Аяз ата, мага көп конфета, анан чана сатып берчи. Чана менен мен кар тебем. Анан дагы Беби бон кукла, колясканы алып берчи. Мен Беби бонду коляскага салып көчөгө чыгып сейилдетем.





АЛИЯ КҮМҮШБЕКОВА, 5 ЖАШТА:
– Мага Аяз ата пружинасы бар, секире турган оюнчук алып берсинчи. Башка эч нерсе сурабайм деле.






ЭЛИНА СУЛТАНБАЕВА, 5 ЖАШТА:
– Аяз ата, мага бассейни, батуту бар чоң үй бериңизчи. Анын ичинде мамасы, папасы болсун.






ЧОЛПОНАЙ БОЛОТБЕКОВА, 6 ЖАШТА:
– Аяз ата, мен өзүмө белек сурабайм. Апама телефон, атама атыр белек кылыңыз. Бирок мага бир көйнөк ала келиңиз.






КАНБОЛОТ ТУРГУНБАЕВ, 6 ЖАШТА:
– Мага Аяз атадан шоколад, киндер сюрприз, Макуинге окшош катуу кеткен кызыл машина керек.







АРУУКЕ БАКЫТБЕКОВА, 6 ЖАШТА:
– Аяз ата, альбом, Алиппе китеп бериңизчи. Анан дагы карандаш, ёлканы жасаганга абибин-бабидин (мультфильмдеги сыйкырдуу таякча) бериңизчи.






МАЛИКА МУСАБЕКОВА, 6 ЖАШТА:
– Мага жыгачтардан жасалган чоң оюнчук үй алып берсин. Менин комнатам болсун, бүт оюнчуктарды ошол жакка алып кирип ойноймун.






НУРБОЛОТ КЕҢЕШБЕКОВ, 6 ЖАШТА:
– Аяз ата мага түндө уктап жатканда компитур (компьютер) белекке таштап кетсе жакшы болмок. Мен сабакка даярданмакмын, анан ойномокмун.






АНИСА БОЛОТБЕК КЫЗЫ, 7 ЖАШТА:
– Мага Аяз ата планшет берсе Москвадагы атам, апам менен сүйлөшөт элем.







ДАСТАН ТУРДУБЕКОВ, 7 ЖАШТА:
– Мен Жаңы жылда пультовый машина алгым келип жатат, большой. А бөбөгүмө кичинекей машина, пультовый. Если бирди алып берсе, менин бөбөгүм талашат.







АЙНАЗИК АБДИМАЖИТОВА, 7 ЖАШТА:
– Мен сюрпризди каалайм. «Пирог в лицо» оюнун алып берсе досторум менен жыргап ойномокмун.







ЖАҢЫЛАЙ АДЫЛЖАНОВА, 7 ЖАШТА:
– Мен Аяз атадан сыйкырдуу палочканы күтөмүн. Аны менен көп шоколадды кылсам болот, көп акча кылам, ар жакка барсам болот.


Гүлжамал Абылкасымова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Eeva
2017-12-19 16:48:38
Жалган аяз атадан эмес бизди жараткан Аллаhтан сурагыла.ата эненер уйротсун бир гана Аллаh берет ырыскыны ар жумушту себепкер кылып.
+2
Mikra
2017-12-19 20:47:56
Арууке Бакытбековага менденда Алиппе китеби белек болсунчу.админ тел байланыш болсо берип койсонузчу суранам.менден озгочо белек болуусун каалайт элем.
0
kelemdedin
2017-12-19 21:57:50
Аяз ата кандайсыз? Ушул эле жайдансыз. Бобокторду алдаган. ХХХХХХХ Ата-энемдин белегин. Мен бердим дем алдайсыз деп менин балдарым айтып журушот эле каткырышып.
+2
trabzon11
2017-12-20 01:19:45
Ата энелер балдарынарды алдап аяз атадан белек бердиртпей эле ошол белекти озунор берсенер кандай сонун болмок.
-3
ZANIA-92
2017-12-20 02:33:11
Озумо белек сурабайм деп туруп анан кайра мага бир койнок алакелиниз деген аябай жакты...
+1
Paolo
2017-12-21 04:10:42
иий козу десе апам атам мн суйлошот элем дегенин
0
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан