ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 18-декабрдан 24-декабрга чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Аптада документ иштери менен көп алагды болосуз. Кесиптештер арасында алака көбөйөт. Шаршембиден тарта акча көйгөйү жаралат. Балдарыңызга, досторго, эс алууга акчанын көп сарпталышы күтүлөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жуманын алгачкы күндөрү акча, документ көйгөйлөрү менен жүгүрөсүз. Бейшембиден баштап айрымдар менен мамилелердин бузулушу күтүлөт. Үй-бүлөдө келишпестиктер жаралбасын десеңиз, жубайыңызга каралашыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Шаршембиге чейин мамилелерге так болосуз. Каржы жаатына көңүл бурасыз. Бейшембиден тарта жумушта күтүүсүздөн текшерүү болушу мүмкүн. Спирт ичимдиктерин ичүүдө абайлаңыз. Ден соолук үчүн кооптуу мезгил.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын алгачкы күндөрү жумушуңуз ойдогудай болот. Шаршембиден тарта балдарга, эс алуу, чыгармачылык жаатына көп акча жумшайсыз. Лотерея билетин алуудан, кумар оюндарынан оолак болуңуз. Ийгилик сиз тарапта эмес.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жуманын баш чендери негизги жумуштарды бүтүрүп калууга аракет жасаңыз. Антпесеңиз шаршембиден тарта бирде жумуштан, бирде үй тиричиликтен чыккан көйгөйлөр тынчыңызды алат. Канткенде да токтоо, сабырдуу болуңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү чечүү үчүн аптанын алгачкы үч күнү эң ыңгайлуу. Бейшембиден тарта сизди бир туугандар, жабык типтеги мекемелер, көзөмөл органдары өңдүү тармактарда чоң сыноолор күтөт. Унаа башкарууда, жол жүрүүдө сак болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында жакындарыңызга байланыштуу көйгөйлөр сиз ойлогондой чечилет. Бейшембиден тарта акча маселеси келип чыгат. Кесиптеш, айрым мекемелер менен түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Ушул эле тармактарга акча сарптоодон сак болуңуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Туугандар, келе турган акча маселесин шаршембиге чейин чечип үлгүрүңүз. Жуманын экинчи жарымында кээ бир бут тосууларга дуушар болосуз. Айрыкча кесиптештер, жетекчиликтен сак болуңуз. Ачууга алдырбаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жеке жана каржы иштериңизди шаршембиге чейин бүтүрүңүз деп жылдыздар кеңеш берет. Аптанын экинчи жарымы жабык типтеги мекемелер, көзөмөл органдарына байланыштуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Документтерге так болуңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жеке иштериңиз сиз ойлогондой орундалат. Шаршембиден баштап акчалай чыгымдар күтүлөт. Курбу, өнөктөштөр ортосунда таарынычтар орун алат. Айрым максаттарыңыз бүлгүнгө учурашы мүмкүн. Акча бөлүштүрүүдө калыс болуңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Уюштуруп алып бараткан жумушуңуз эч кынтыксыз орундала баштайт. Бирок аптанын орто чендеринде жетекчиликтин же өнөктөштөрдүн каршылыгына туш болосуз. Күн тартибинде каржы, документтер жана юридикалык көйгөйлөр болмокчу.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Алыскы жолго чыгуу үчүн кооптуу убак. Көзөмөл органдары, ЖОЖ, кайын журт менен сүйлөшүү үчүн да жакшы мезгил эмес. Ынгайлуу убакытты күтүңүз. Спирт ичимдиктерин ичүүдөн, душмандардын тузагына илинүүдөн сак болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан