БИР ТУУГАН (фотороман)

(Башы өткөн сандарда)


Марал мекенине кайтып келгени менен, тагдырдын сыноолору түгөнгөн жок. Аны жеңеси майып деп кемсинтти. Чечкинсиз агасы Маралга моралдык да, материалдык да жардам бере албады. Адам асманда болсо деле бир күнү жерге түшөт эмеспи. Анын сыңарындай агасы бир күнү акылына келип, бутунан ажыраган Маралдын бир тууганым деп Орусияга кетип, ал жактан бутунан ажырап ушул акыбалга жеткенин кеч болсо да түшүндү.


– Ооруканада жаткан күндөрдүн биринде администраторум телефон чалып, кайсы күнү ооруканадан чыга турганымды сурап, ошол күнкүгө Бишкекке билет алып коёрун айтты. Ал күн да келип, мени оорукананын кире беришинен тосуп алып, дароо эле бекетке алып барды.


– Күн мурунтан эле менин келеримди агам жеңеме айтып жүрүптүр. Бирок жеңем мендей майыптын түйшүгүн тарткысы келбей, агам менен күндө урушчу экен. Мени тосуп алар күнү жеңем агама «же майып карындашыңды танда, же чоңоюп келе жаткан балдарыңды танда» деп шарт коюптур. Агам башынан эле жеңемдин сөзүнөн чыкчу эмес.



– Жолго чыккандан кийин агама телефон чалып, мени тосуп алышын сурандым. 3 күндөй жол жүрүп, бутум оорутуп, бир топ эле кыйналдым. Поездден түшөрүм менен эле суюк элдин арасынан агамды издедим. Ал көрүнбөгөнүнөн аялдаманын жанына барсам, агам жаңы гана келген экен. Мени көрүп ал-акыбалымды сурай албай муундары калчылдап туруп калды.



– Агам менин көздөрүмө тике карай албай көпкө ойлонуп турду. Ал эмнени ойлоп жатканын түшүнгөн эмесмин. Бир убакта эле такси чакырып мени отургузду да, айдоочуга айылдагы үйүбүздүн дарегин айтып, мага «жакшы бар» деп, өзү кала берди. Айылга барганда мени ким тосуп алат деп жол бою ыйлап бардым.



– Айылга күүгүм тартып калганда жеттим. Мени тирүү жан эмес, ээнсиреген үй, муздак дубалдар тосуп алды. Үйдөгү ар бир буюмду кармап, энемдин жытын кийимдеринен издеп, жоолугун жыттап көпкө ыйладым.




– Билинбей эле күндөр өтүп жатты. Менин келгенимди көргөн кошуналар анда-санда үйгө келип турушчу. Күндөрдүн биринде агам балдарын короодогу балдар аянтчасына алып чыгып, ойнотуп жаткан экен. Уулу Нурбек бутунан жаза тайып жыгылып кетиптир. Бала да, дароо эле өпкөлөп ыйлап жиберет. Жанында ойноп жүргөн кызы атасынан биринчи барып, Нурбекти бутунан тургузуп, көз жашын аарчыйт.




– Кичинекей болсо дагы Нурбек менен Аиза бир тууган экенин сезип, бири-бирине күйүп жатканын көргөн агам мени эстеп, менин майып болуп калганыма түздөн-түз себеби бар экенин түшүнүптүр. Аялынын сөзүнөн чыкпай, чечкинсиздикке алдырып койгону көп нерсеге себеп болгонун кеч болсо да баамдаптыр. Жеңемдин каршылыгына карабай ата-энебизден калган ак өргөөгө үй-бүлөсү менен келип, мени камкордугуна алып, жашообуз жакшы жакка өзгөрдү.

(Аягы)

Фоторомандагы каармандардын окуяга тиешеси жок. Ролдорду жараткандар:


Марал
– Мыскал Майрамбек кызы
Агасы – Дастан Касымбеков
Жеңеси – Айдина Бектурова
Апасы – Элмира Жумагулова

Бактыгүл Момбекова,
Айсалкын Качкынбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Shekeev969798
2017-12-19 10:21:33
Кыздар келин болгондо нормально болгулачы
+10
jama9210
2017-12-19 13:04:39
Эркектер чечкиндүү болгулачы макулбу?!
+6
Ferdews
2017-12-19 13:45:47
jama9210,туура эркектер чечкиндуу булушсун
+3
trabzon11
2017-12-19 14:15:34
jama9210,Аялдарды катуу кармаш керек
Чечкиндуу болуп,бирок аялына баш ийген
Эркектер да бар.ошондой аялдардан
Кудай ОЗУ сактасын.
0
medetbek
2018-01-30 16:18:31
jama9210,макул
0
luna07
2017-12-19 13:51:33
Козумо жаш толуп кетти.. канчалаган кыздар ушинтип кыйналып чет жерде иштеп журушот..
0
admin_media
2017-12-20 11:04:01
suban78,
Саламатсызбы! Бул каармандар жөн гана роль жараткан.
0
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан