Кыргыз эстрадасында өз күчү менен элге алынып, көп жылдардан бери «өчпөй» хит ырларды жаратып келген ырчы-обончулар аз. Алардын катарын балакай кезинен кыргыз шоу-бизнесинде жуурулушуп келаткан Ильяз Абдыразаков толуктайт. Жакында гана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыган ырчы мырза түз байланышка келип, күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулап кетти.
– Ильяз, мурун суроолорго тарс-тарс жооп берчү элең. Азыр болсо кыйналып жооп бересиң. Бул 7 жыл аралыгында адам өзгөрөт дегенди түшүндүрөбү?
– Интервьюну бир эле киши көрбөйт, улуу-кичүү бар дегендей. Ошон үчүн сөздү байкап сүйлөйм. Балким, ошондо ойлонуп калган учурлар болот. «Өзгөрдүң» деген сөздөрдү деле уккам. Өзгөрсөм жакшы жагына өзгөргөндүрмүн, жаман жагына эмес.
– Мүнөзүң жумшактай көрүнөт. Качан көрбөйүн баарына макул дей бересиң. Үйдө жакпаган нерсе болсо катуу айта аласыңбы?
– Катуу айта турган учур болсо айтам. Кыргыздарда эркек киши көп нерсени чечет эмеспи. Биздин үйдө деле бардык нерсе менин уруксатым менен болот. Алдын ала мага жакпаган нерсенин болушуна жол бербейм.
– Бир жолу Ильяз жана анын достору менен чогуу отуруп калганбыз. Аябай уятсыз тамашаларды айтып каткырып күлө беришет экен. Ошондо көңүлүм иренжиген. Эки уулдун атасы болуп калдыңыз, мындай адаттарыңызды калтырбайсызбы?
– Мына, ушундай да, бир нерсе сүйлөйүн десең туура эмес кабыл алышат. Ар адамдын түрдүү кыялы бар, баарына жагыш кыйын. Кичине «серьёзный» болоюн десең, «бул өзүн көтөрүп сүйлөбөйт же сөзгө жок» деп чыгышат. Кээде ачык-айрым сүйлөсөм ушинтип «уяты жок сөздөрдү айтат экен» деп туура эмес түшүнүп калышат. Эгер сизге уяттуураак сөз айтып көңүлүңүздү оорутуп алсам, кечирип коюңуз. Эми эркекчиликте боло берет да (күлүп).
– Жогорку билим албай калдым деп өкүнбөйсүзбү? Кеңседе отуруп иштей алат белеңиз?
– Билим бардык адамга керек. Бирок мен музыканы тандаганыма өкүнбөйм. Кеңседе отуруп иштей албасам керек. Азырынча элдин кызматындамын.
– 10 жылдан ашык сахнада жүрөм дейсиз, кандай материалдык байлык арттырдыңыз?
– Чыгармачылык жаатта үй алса болот бекен деп сынап көрсөм, болот экен, үйүбүз бар. Канчалаган машиналарды алмаштырып минип жүрөбүз. Жакында дагы бир машина келатат. Досторум Германиядан белек кылып Тойота Камрини жөнөтүштү. Буюрса, Жаңы жылга жаңы унаа менен катуу айдап кирип барабыз.
– Ильяз, Медина менен сүйлөшүп жүргөндө «келе кал» десе жетип барам» дечү элең. Азыр деле ошондойсуңбу?
– Биз көп сүйлөшпөй эле үйлөнгөнбүз. Чогуу жашап жүрүп бири-бирибизди жакшы билип калдык. Ортобузда ишенич да чоң. Ошондуктан азыр «келе кал» деп деле айтпайт. Тескерисинче, «эртерээк туруп, иштериңди бүтүрүп ал» дейт.
– Бизге чыгармачылыктан тышкары жеке жашооңуз да кызык. Инстаграмга үй-бүлөңүздүн сүрөтүн аз жүктөйсүз, эмнеге?
– Инстаграмда ар кандай адамдар бар. Кээ бирлер фейк баракчалар менен жагымсыз билдирүүлөрдү жазышат. Ошондуктан үй-бүлөмдү чыгаргым келбейт. «Турдук, жаттык, бастык» деп чыгара бергенди туура эмес көрөм. Анан да улам сүрөт киргизип интернетте отурган адамдардын башын ооруткум келбейт.
– Келинчегиңиз Инстаграмда жазгандарга орой жооп берет. Үйдө да сиздерге ошондой мамиле кылабы? Жөнөкөй адамдын келинчеги эмес да, бир аз жөнөкөй бол деп коюңузчу.
– Макул (күлүп). Негизи ар бир адамдын тилин таап сүйлөшкөнгө аракет кылыш керек. Мен келинчегим орой сүйлөп жатканда алдап туруп тилин таап алам.
– Эмнеге мурункудай хит ырларды жаратпай калдың?
– Көп эле ырларым хит болду. Кезинде продюсериме (ред.: Баяке Чааров) чалып, «Эмнеге мени популярдуу кылып салдыңыз? Кичине мени жамандап, «өчүрүп» бериңизчи» деп нааразы болгон күндөрүм да өттү. Атагыбыз артып ар ким чалып, «бул жакка кел» деп улам интервьюга чакырышып, күнүбүз жолдо эле өтүп калчу. Ошондо продюсерим «сен артка кетпей, алдыга умтулгун» деп урушкан эле.
– Чет өлкө менен биздин маданиятты салыштырып көрөсүңөрбү? Сенин оюңча, кыргыз эстрадасынын келечеги барбы? Тойлоп эле жүрө берсеңер маданиятыбыз эмне болот?
– Тойго да сыйлагандарды чакырат. Чет өлкөдө биздей болуп той өткөрүшпөйт. Алардын салт-санаасы башка. 3-4өө биригип эле той өткөрүп коюшу мүмкүн. Чет өлкөлүктөр биздин ырларды аткарып жүрүшөт. Демек, биз деле жакшы иштеп жатабыз. «Жаным, ай» аттуу ырымды 18 тилде которуп ырдап жүрүшөт. Алар менден уруксат сурашкан деле эмес. Биз муну ийгилик катары көрүп, автордук укук талап кылып чыккан эмеспиз.
– Аял менен эркектин ортосундагы сүйүүнү кандай түшүнөсүз? Сүйүүнүн чеги болобу?
– Сүйүү айтып бүткүс дастан, «Титаник» (күлүп). Сүйүү бар болуш керек. Сүйүү бар жерде турмуш куралат, чеги жок деп ойлойм. Жакшы көрүү деле сүйүүгө кирип калса керек. Жубайымды сүйүп алгам.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg