Шар жүргөн манасчы кыз, «Сармердендин» жылдызы Ширин Сарыгулова 12-декабрь күнү турмушка чыкты. Учурда ак жоолугун салынып көшөгөдө отурган манасчы кызды куттуктап байланышканыбызда: «12-декабрь күнү «XXI кылымдын жылдыздары» деген концерт болгон, концерттен кийин жигитим үйүнө алып келген, жеңелери жоолук салып отургузуп коюшту. Отурам созулуп. Жолдошумдун аты Максат, экөөбүз бири-бирибизди 12 жылдан бери тааныйбыз. Мен окуу жайда мугалим болуп иштеп жүргөндө ал ошол жакта актёрдук чеберчилик боюнча окуйт эле. Экөөбүз 1 айдай эле кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Чынында Максатты көп жылдан бери тааныгандыктан ал тууралуу маалыматым көп эле болчу. Ошондуктан аны терең таанып-билүү жетиштүү эле болду деп ойлойм. Максат менин чыгармачылыгымды колдоп, өстүрөм деген адам. Тагдырымды ушундай түшүнүктүү адам менен байлаганына Кудайга ыраазымын»,- дейт.