КАРАКОЛДУК БАЛА МАКСИМ ГАЛКИНДИН ООЗУН АЧЫРДЫ

Каракол шаарынын тургуну 7 жаштагы Албан-Али Алым уулу Максим Галкиндин «Баарынан мыкты» («Лучше всех») берүүсүнө катышып орусиялыктардын оозун ачырды. Албан-Али берүүдө жаныбарлар дүйнөсүн мыкты билгендиги менен көпчүлүктү таң калтырган. Өзгөчө кичинекей мекендешибиздин шайыр-шамдагайлыгы, тапандыгы баарынын кызыгуусун арттырды. Долбоордогу эл алдына чыгуусу тууралуу Албандын атасы Алым мырза: «Албан 4 жашынан бери жаныбарлар дүйнөсүнө кызыгат. Башында мындай өзгөчөлүккө маани берген эмеспиз, кийин байкасам Албандын айткандары интернеттеги маалыматтарга дал келет экен. Ал эми «Баарынан мыкты» долбоорунун кастингине интернет аркылуу катышып, анан кабыл алышты»,- дейт. Эске салсак, «Баарынан мыкты» долбооруна буга чейин Кыргызстандын атынан Брюс Линин ыкмаларын туураган Нурмухаммед Ташмаматов, интернетте өзгөчө бийи менен популярдуу болгон Нурпери Тургуналиевалар катышып келишкен.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
madina.87
2017-12-19 09:36:33
Кыргызстандын атын чыгарып окумуштуу бол Албан Али
+15
akonia
2017-12-19 09:56:26
Кыргызстандын сыймыгы болуп журо бер кичинекей баатыр
+12
Nagii
2017-12-19 13:11:15
Абдан сонун суйлойт экен, аман болсун..
+12
Nagii
2017-12-19 13:11:40
Абдан сонун суйлойт экен,аман болсун..
+8
stervella415
2017-12-19 16:23:07
Кундо кором тажабай..азаматсын албан али..баарынан максим галкинди чапканын жагат..корбой эле эстесем кулкум келет)))))))
+7
nurhan2702
2017-12-19 16:42:14
Азаматсын!
+1
Metior8019
2017-12-19 16:49:49
Баракелде!!! Алим агайды жазбай тартыптыр азамат... Агайда мыкты насаатчы. Аман бол, бар бол, зор бол иничек.
+5
Benazir08
2017-12-19 19:56:18
Мына биздин Чарлз Дарвинибиз болот окшойт. Болор бала богунан дейт, азамат дуйно жунуно тууну котор азамат. Ата энен эле эмес бут кыргыз эли сыймыктансын
+4
Abdumital
2017-12-19 22:17:25
Ушундайларды уксам эле аябай суйунуп кетем айрыкча чет жерде жургондо демине дем кучуно куч кошуп турат азаматсын иничек
+3
Bishkek
2017-12-20 01:10:35
Video cy jokko
+2
Elitta
2017-12-20 20:10:19
Bishkek,Кок тамга менен жазылган "Орусиялыктардын оозун ачырды"деген созду басыныз видеосу чыгат!
+1
Aiperi0105
2017-12-20 09:21:56
Азаматсын Албан Али! Мен дагы видеосун кайра кайра кордум тажабай.
+4
Marjan92
2017-12-20 11:16:48
супер инфо неге озунон барып толук интервью жазбайсынар
+1
surgeon777
2017-12-23 13:20:58
Азаматсын Албан,кыргызымдын мыкты жигити,мыкты окумуштуусу бол!
Ак калпакты башына кийгизип,он тетирисине карап,ондоп атканын кара тыпылдап,башка бала болсо колуна берип коюп отурмак))
+1
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан