Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлар» тобунун көркөм жетекчиси, ырчы Мурадил Сагыналиев 14-декабрь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты «Эл шайырлар» тобунун солисти Рустам Сагыналиев тастыктап: «Ооба, жаңы эле бейтапканага келдик. Сөөгүн өлүкканага чыгарып жатышыптыр деп уктум. Эмне себептен каза болгонун так биле элекпиз. Бирок буга чейин ооруп жүргөнүн уккан эмес болчумун»,- деп билдирди.
«Супер-Инфо» гезитинин жамааты ырчынын жакындарына көңүл айтабыз.
@star@super.kg