Чынында кызылчаны борщ, винегрет, Жаңы жыл алдында «Тон алдындагы балык» салаттарын жасоодо көп колдонобуз. А сиз конокторуңузду кызылчадан мунара же болбосо көз жоосун алган жоогазын салатын жасап таң калтыргыңыз келеби? Анда кызылчадан жасалган өзгөчө салаттардын рецепттерин тосуп алыңыз.
КЫЗЫЛЧА МУНАРАСЫ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Сууга бышырылган кызылча – 2 даана
Быштак – 100 грамм
Зайтун майы – 1 аш кашык
Руккола – 50 грамм
Жалбыз – 20 грамм
Татымына жараша туз
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Кызылчаны жука тегерек формада туурайбыз.
2. Быштакты вилка менен майдалап, ага майда тууралган жалбызды кошуп аралаштырабыз. Табитиңизге жараша сарымсакты майда туурап кошсоңуз да болот.
3. Тарелкага зайтун майын куюп, кызылчанын кесимдеринин эки тарабын тең малып алабыз.
4. Тарелкага кызылчанын кесимдерин көлөмүнө жараша (эң алдына чоң кесими салынышы керек) тизебиз. Ар бир кесимдин ортосуна быштак менен жалбыздын аралашмасы салынат. Салатыбыз даяр! Руккола менен кооздоп коюуну унутпаңыз.
КЫЗЫЛЧА ЖАНА АПЕЛЬСИН САЛАТЫ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Сууга бышырылган кызылча – 1 даана
Апельсин – 1 даана
Көк пияз – 2 тал
Зайтун майы – 1 аш кашык
Катуу сыр – 50 грамм
Салат жалбырагы же руккола –100 грамм
Грек жаңгагы – 20 грамм
Татымына жараша туз, кумшекер
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Кызылча менен апельсиндин кабыгын аарчып, кыйгач туурайбыз.
2. Салат үчүн атайын соус даярдайбыз: апельсиндин кабыгын (10 грамм) майда туурап, же болбосо блендерден өткөрүп алабыз да, ага зайтун майын, 1 аш кашык апельсин ширесин, татымына жараша туз жана бир аз кумшекер кошуп аралаштырабыз.
3. Даяр болгон соусту тууралган кызылча менен апельсиндин үстүнө куюп аралаштырып коёбуз. Салатыбыз даяр! Дасторконго коёрдо салат жалбырагы же руккола, жука тууралган сырдын кесимдери, майдаланган грек жаңгагынын кесимдери менен кооздойбуз.
КЫЗЫЛЧА ЖАНА АЛМА КАРПАЧЧОСУ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Сууга бышырылган кызылча – 250 грамм
Алма – 1 даана
Сыр – 80 грамм
Грек жаңгагы – 40 грамм
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Алма уксусу – 3 аш кашык
Зайтун майы – 5 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч, кумшекер
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Кызылчаны сууга бышырып алып, кабыгын аарчып, жарым тегерек формада жука кылып кесебиз.
2. Алманы жууп, кабыгын аарчып, уруктарын тазалап, жука кыйгачынан туурап, үстүнө лимон ширесинен чачабыз.
3. Грек жаңгагы менен сырды майдалап кесип же сүргүчтөн өткөрүп алабыз.
4. Тарелкага алма менен кызылчаны кезектештирип тизип, үстүнө сыр менен грек жаңгагынын маңызынан себелейбиз. Тарелканы 170 градуста ысык турган электр мешине 3-5 мүнөткө салабыз.
5. Алма уксусуна зайтун майын, татымына жараша туз, мурч, бир аз кумшекер салып аралаштырып салат үчүн атайын соус даярдап алабыз.
6. Тарелканы электр мешинен алып чыгып, үстүнө соустан чуурута куюп, көк чөптөр менен кооздоп дасторконго койсок болот.
КЫЗЫЛЧА ЖАНА ДЕН СООЛУК
- Кайнатылган кызылча ичеги-карынды тазалоочу касиетке ээ.
- Кызылча кандын курамын жакшыртып, кан тамырларды тазалай алат.
- Фолий кычкылына бай болгондуктан балалуу болууну пландоодо эң керектүү жашылча.
- Кызылча кант диабети, остеопороз менен жабыркагандарга, өнөкөт ич өтүүгө чалдыккандарга ашыкча колдонууга болбойт.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg