(Башталышы өткөн сандарда)
– Менин иштерманым, канчада келесиң? Сонун жаңылыгым бар?- деп Диана кубанычтуу үн катты.
– Менин маанилүү иштерим бар, кандай бүтсөм ошондой эле барам. Эмне жаңылык?- деди Алибек.
Кыткылыктаган күлкү угулду да, телефон өчүрүлдү. Анын баланыкындай жоругуна жылмайган Алибек ишине киришип кетти. «Шаардык кыз, апама кантип жагар экен?» деп Алибек үйлөнүп жатканда кабатырланган эле. Бирок кайнене-келин алгачкы күндөн эле жакшы тил табышып кетишти.
– Апа, келиниңиз кандай экен анан?- деген эле Алибек бир жолу сынамакка.
– Айланып кетейин келинимден, жаман десем Кудайга чет болбоюмбу, балам. Так менин оюмдагыдай келин, «ладно мам, окей мам, сизди жакшы көрөм» деп эле турат,- деп көзүнөн жаш айланган. Алибек да ичинен «шүгүр» деп жымыйып койгон. Бул жолу да сырттан кирип келгенде моюнуна асыла так секирип кубанган келинчеги тосуп алды.
– Акырын эми, апам карап турат,- деди ыңгайсыздана күбүрөнүп алган Алибек. Бирок апасы да маңдайы жарыла сүйүнүп карап турган экен. Өз бөлмөсүнө кирери менен Диана алаканын ичине басып көздөрүн күлмүңдөтө берди.
– Эмне болду?
– Сенин жүрөгүң эми бул жакта сого баштады.
– Ыя?
– Бүгүн билдим өзүм дагы, боюмда бар экен. 3 жумалык болуп калыптыр.
Күлмүңдөп кубанычка толгон бакырайган көздөр бир нерсени күткөндөй өзүн тиктеп турду. Алибектин оозуна сөз келбеди. Кимдир бирөөдөн жаакка жегендей томсорот. Диананын жүзүнөн күлкү күбүлүп, томсоро түштү.
– Сен сүйүнгөн жоксуңбу?
– Сүйүндүм, сүйүнбөй анан. Капысынан болду да, ошого... Мен жалгыз калайынчы, азыр барам,- деди күбүрөнгөн Алибек. Диана чыгып кетти. Жигит шалак эте отуруп калды. «Мен эмне кылдым? Мен ушунчалык акмакмынбы? Хм, балалуу болот экем. Сүйүнүшүм керек эле, а мен сүйүнө албай отурам. Бир наристе дүйнөгө келет, болгондо да менин балам, анда эмне мынча жан дүйнөм эңшерилип, бирөөгө карыз болуп калгандай сезилип жатат?» Көкүрөгү ачышып чыкты. Ушул учурда гана ал Жамилядан дагы да болсо үмүт үзө элек экенин сезди. Көрсө, аны ойлогонду да сагыныптыр. Алаксыйм, жашап кетем деген ойлору, бар күчүн жыйып өзүн жеңем деп чымырканганы, ушунчалык аракети текке кетти. Кимдир бирөө аны тоголото бир коюп, шылдыңдап тургандай ыза кекиртегин муунтуп бара жатты.
«Уф, азыр чыгып кетишим керек, менин бул абалымды аялым да, апам да көрбөшү керек» деп бөлмөсүнөн чыгып, тез машинага отурду. Кайра-кайра телефону шыңгырайт. Диана экенин билди. Алгысы келбеди. Спорт залга барып, колуна мээлейин кийип грушаны ургулай баштады. 2-3 саат тынбай машыкты. Такыр алы кеткенде кулап түштү.
ххх
Алибектин үйлөнгөнүн уккандан кийин Жамиля таптакыр өзүн жоготуп койду. Жарытып тамак деле ичпейт, кыймылы да аз, ал тургай бакчага чыгып баласы менен да ойнобой калды. Керемден башка эч бир адам анын абалын байкабады, тынчсызданбады. Кашыгын көңүлсүз кармап ичер-ичмексен болуп отурганын көрүп Керем жүдөп кетти. Бир нерсе дейин десе энеси менен аялы отурат.
– Сен ооруп калгансыңбы?- деди ал баары бир чыдай албай.
– Жок, жакшымын.
– Доктурга бир көрүн, болбосо таптакыр эле жок болуп бара жатасың, карачы өзүңө.
Жамиля, аялы, энеси, ал тургай үй кызматчылары да таңдана тиктеп калганын сезди.
– Эгерде макул десең мен сени өзүм алып барам,- деп койду тиги жарыла турган бомба биротоло жарылсын дегенсип. Шерифе кашын серпе тиктеп калды.
– Сенби?
– Мен, акыры менин келиним, биздин үй-бүлөнүн мүчөсү эмеспи.
Таң кала тиктеп калган аялдардан көзүн жашыра берип туруп кетти ал.
ххх
Керем үстүнкү кабатка чыгып инисинин бөлмөсүнө кирди. Ал дарынын жардамы менен уктап жаткан экен. Жанына отура кетти.
– Билесиңби, мен биринчи жолу сага келдим. Акмакмын, аны сен деле билесиң. Мурда өлүмүңдү ушунчалык тилесем, азыр жашашыңды Алладан күнү-түнү суранып келем. Сен бир момун пендесиң, иним, а мен шайтандын так өзүмүн. Өмүр бою сага ичим тарып келди. Алгач ата-энемдин мээримин менден тартып алдың. Кийин акциянын 70 пайызын атам сага которуп койду. Ошондо экөөбүздүн ортобуздагы бир туугандык жип тырс үзүлдү. Атам мендеги уктап жаткан ажыдаарды бир жолуга ойготуп койду.
Ал дагы эч нерсе эмес, менин эки кымбат адамым да сеники. Өз эрким менен экөөнү тең сенин колуңа салып бердим. Канчалык бактылуу экениңди өзүң да билбейсиң. Кайрадан сен ийгиликтүүсүң, бир тууганым. Кайрадан сен... А мен акмакмын! Сени Эмре ата дейт. Жакшы көрөт. Өз уулуңду уулум деп бооруңа кыса албаган тозок тура. Сүйгөн адамыңдын алдында тоодой күнөөң бар болгону тозок тура. Мен өз тозогумда жашап жатам, иним. Анда өрттөнүп жүрөм. Сен өз дүйнөңдө бактылуусуң, дагы да болсо сен менден бактылуусуң.
Керем буларды эмнеге айтты өзү деле түшүнө бербеди. Айтып алып көкүрөгүнүн жеңилдеп калганын сезди. Артынан келген аялы булардын баарын угуп турду.
ххх
Шерифе өз кулагы менен укту. Ишене албады. Иш бөлмөсүнө кирип креслого шалак отурду. Ортодо бир нерсе бар экенин сезчү, бирок мынчалык деп күткөн эмес. Эмре анын уулу! Эми бардыгы калкып көз алдына шурудай тизилип жатты. Мына, Эмре жыгылып кеткенде обдулуп Керем тура калганы, аны караган бала багуучунун улам бирин жактырбай кетире бергени, кээде баладан көзүн албай тиктеп отурганы...
Бул кадрлардын баарын жыйынтыктап келгенде чындык өзүнөн-өзү калкып чыгып калды. «Мен ушунчалык сокур белем? Менин көз алдымда болуп жаткан окуяны кантип байкабадым? 5 жыл аралыгында болгон бул нерсени кантип көздөн өткөрдүм? Мен ушунчалык аңкоомунбу?»
Аялдын намысына колдон келсе, эркектер, тийбегиле. Эгерде намысына шек келтирсеңер, алар болгон-болбогон ыкма менен өч алат. Эч нерсе токтото албайт. Азыр Шерифенин акылынан эмнелер гана учпады. Акылына келген биринчи нерсе Жамиля менен Эмрени уу берип өлтүрө турган болду. Абийирлерин төгүп, прессага жайып жибере турган болду. Ал да ага жеңил көрүндү.
«Жок, бул силер үчүн жеңил өлүм. Мен башкача оюн ойлоп табам. Менин ким экенимди ошондо билесиңер. Силерди жай өлүм менен өлтүрөм!» деп кекенип жатты.
(Уландысы кийинки санда)