– Кандайсың, Айгерим? "Убактым тар" деп калдың, тойлорго чакыруулардын аягы суюлбай жатабы же жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатасыңбы?
– Жакшы. Ооба, убактым чындыгында тар болуп жатат. Жаңы чыгармаларды жаздыруунун үстүндөмүн. Өзүңүздөр байкагандай, акыркы 5 ай тойдон колум такыр бошогон жок. Тойлордон келген буйрутмаларды убактылуу токтотуп, бир аптага борборго иштеримди бүтүрүп алайын деп келдим. Анын үстүнө Жаңы жылдык кечелерге тартылуу иштери башталды.
– «Өзүң эле» деген ырыңдын клиби плагиат деп сынга көп кабылды окшойт...
– "Өзүң эле" аттуу ырымдын клибинин идеясы мага таандык. Бул идея тарыхый тасмаларды көргөндөн кийин пайда болгон. Америкалык ырчы Кэти Перринин клибине окшоштуруп, плагиат деген туура эмес. Мен анын клибин эл сындап баштагандан кийин көрүп чыктым, клиптерден такыр окшоштук көрө алган жокмун. Болгону Египет жана Клеопатра деген нерсе бар. Жагымсыз пикирлер канчалык көп айтылса, демек, элдин кызыгуусун жарата алды. Сын болбосо өсүү болбойт.
– Инстаграмдагы баракчаңа тойдогу видеолоруңду жүктөп, күйөрмандарыңды тажатып алган жоксуңбу?
– Мен дагы көбүн чыгарган жокмун. Инстаграмдагы баракчама чыгармачылыгыма байланыштуу гана видеолорду, сүрөттөрдү жүктөйм. Жеке жашоомдогу көрүнүштөрдү элге жарыялагым келбейт. Күн сайын ар бир кадамымды сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчама киргизүү мен үчүн ыңгайсыз. Реалдуу жашоодо жашабай эле интернет үчүн жашагандай болуп каласың. Мен тажаткандардын катарына кирбейм. Тажаткандар башкалар.
– Бир күндө канча тойдо кызмат көрсөтүүгө үлгүрөсүң?
– Ар кандай. Бир күндө 7 тойго барып жетишип жаттым. Эч болбоду дегенде күнүнө 3 тойго барам. Кудайга шүгүр, айткан сумманы төлөп, ыраазы кылып жөнөтүшөт.
– Жеке ишкердигиңди эсепке албаганда тойлордон көп каражат таптың. Сени миллионер десе болобу?
– Мм, бул суроого ачык жооп бере албайм. Мактангым келбейт. Бирок тапкан акчамды асманга чачып, кийинип, ичип-жеп эс алгандардын катарына кирбейм. Сарамжалмын. Айрымдар кийимге, сулуулукка жумшайт деп ойлошот. «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» дегендей арканды узун таштап эмгектенип жатам.
– Азыр жеке ишкердик менен алектенип баштадың. Бут тоскондор болуп жатабы?
– Көрө албастык бизде күч алган. Бирок буга чейин мага бут тоскондорго маани бербей келсем, эми тоскон буттарын кайрып койгонго акылым жетет. Канчалык тоскоолдук жараткандар көбөйгөн сайын менде ошончолук ишке болгон жөндөм күчөйт.
– Сахналашың Сайкал Садыбакасованын үлпөт тоюнан сени көрө албадык, мамилеңер салкынбы?
– Жок, тескерисинче, мамилебиз жакшы. Болгону Сайкалдын тою белгиленгенге чейин тойлорго буйрутмаларды алып алган элем. Алыскы аймактарда болгондуктан Сайкалдын тоюна кечигип калдым. Бирок жолдошум экөөбүз кызматта болуп, Бишкектен келген меймандарды тосуп алып тойго чейин кой союп, тойдон кийин дагы коноктоп узатып койдук.
– Чакан мамлекетиң тууралуу кеп козгосок. Тойлорго кеткениңде кызың уктабай, сени күткөн түндөрү болобу? Сендеги талант кызыңда да барбы?
– Мен тойлордон 1-2 саатта эле келип калам. Алыскы аймактарга барганда көбүрөөк убактым кетет. Күндүз кечке кызым менен алекмин, кечинде тойлорго барып келгенче кайненем же сиңдим карап турат. Үй-бүлө мен үчүн биринчи орунда. Жолдошума, кызыма ар дайым жетиштүү убакыт бөлөм.
Ал эми кызым тууралуу айтсам, оюнчук ойнобойт. Сыналгыдан кечке клип, концерттик берүүлөрдү көрөт. Музыкага аябай жакын. Бирок ырчы болушун каалабайм.
– Социалдык баракчаңа «аз калды» деген табышмактуу билдирүүңдөн кийин «кош бойлуу экен» дегендер болду. Экинчи наристеңерди күтүп жатасыңарбы?
– Кош бойлуу эмесмин. Кудай берерин унутпаса ал да болот. Азыр эмес же 2 жылдан кийин дегендерден эмеспиз.
– Таланттуу кыздардан турган топ ачкан элең. Бирок шакирттериңдин ырын уга алган жокпуз. Топ таркап кеттиби?
– Кастинг кылып кыздарды тандап алгам. Бирок бири ырдаса, бири ырдай албайт, бири бийлейт, бири бийлей албайт же келбети сахнага ылайык эмес. Айтор, бардык жагынан сахнага төп келген таланттууларды жолуктура албадым. Оюмдагыдай болбогондон кийин жоюп салдым. Буюрса, келечекте тажрыйба топтоп, чоң сынак уюштуруп бардык аймактагы таланттуу кыздарды чогултам деп жатам.
– Маегиңе рахмат. Үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!
Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg