Жакында журналист Элнура Алканова «Фергана» агенттигинин сайтында өзүнүн иликтөөсүн жарыялады, анда азыркы премьер-министр Сапар Исаков жөнүндө сөз жүрөт. Анын айтымында, жаш премьер коррупцияга байланыштуу окуяга аралашкан. Темасы кыйкырып турганы менен, биринчи көз жүгүртүүдө эле көптөгөн жыйынтыктар божомолдорго байланганы байкалат. Ал эми абай салып карап көрсөк эмнелерди дааналап көрүүгө болот?
ЖОГОЛГОН КЛАССТАШ
Аталган иликтөөдө Темир Рыскулов деген банкир тууралуу көп айтылат, ага Исаков жер тилкесин алууга көмөктөшкөнү жана аны менен жумасына жок эле дегенде бир жолу жолугушуп турары, анткени ал анын мурдагы классташы экендиги да айтылат. Жер тилкеси тууралуу маселеге биз дагы кайрылабыз, ал эми классташ тууралуу айтылганы чындыкка коошобу?
Сапар Исаков Ош шаарынын №16 мектеп-гимназиясында окуган. Алканова анын мурунку математика боюнча окуткан мугалимин таап, өз репортажынын максаты тууралуу калпты айткан. Ооба, бул кылыгы мактоого татыбаса да, иликтөө үчүн кээде эмнелерди гана ойлоп таппайсың. Исаковду мугалими унуткан эмес, бирок Рыскулов аттуу фамилияны эстей албайт. Тактыкты сүйгөн журналист Рыскулов окуганы же окубаганы так эмес деген жыйынтык чыгаруусу керек эле. Ал эми бул жерде журналист-иликтөөчү заматта «албетте, окуган!» деген жыйынтык чыгарып коёт.
Мектепте класстык журналдардын материалдары сакталат (алардын жарым кылым сакталышы кажет). Мен Ошко эринбестен бул материалдарды иликтөө үчүн учуп барып келдим. 16-мектепте эч кандай Темир Рыскулов окугандыгы айтылбайт. 1984-2001-жылкы мектеп аттестаттарын берүүдө да Темир Рыскуловдун аты аталбайт.
Анткени алар ар кайсы шаарларда окушкан. Бишкек шаарынын №5 мектеп-гимназиясынын документтеринде БТА банктын Директорлор кеңешинин келечектеги төрагасы Темир Рыскулов тууралуу маалыматтар сакталган. Анын өздүк иши да сакталып калган. Рыскулов мында биринчи класстан бүтүрүүчү класска чейин окуган. Башкача айтканда, ал Исаков менен классташ болушу мүмкүн да эмес эле.
БААСЫЗ ТИЛКЕ
Эми журналисттин доосунун маңызына токтолсок. Ал курулушу бүткөрүлө элек «Идеал Хаус» коттедждеринин жана жер тилкесинин арзыбаган баага менчиктештирилип кетишине премьердин тиешеси бар болушу ыктымалдыгын ырастайт. Келгиле, териштирип карайлы.
Бул коттедждик шаарчаны качандыр бир кезде Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү, президенттин уулу Максим Бакиев өздөрү үчүн салган. Убактылуу өкмөт аны алгач улутташтырып, андан соң сатууга аракеттенген. Жети жолу аукцион өткөрүү аракети болуп, бирок алар үзгүлтүккө учураган. Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында акыры аукцион өтүп, курулушу бүткөрүлбөгөн тилке
2 миллион долларга жакын суммага сатылган.
Аукцион өтөр алдында сынак аркылуу тандалып алынган көз карандысыз баалоочу «Капитал плюс» фирмасы тарабынан тилкенин наркын баалоо өткөрүлгөн. Иликтөөчү ушулар менен маектешсе көп маалымат алат эле. Себеби баалоочу фирма даярдаган документте лоттун наркын төмөндөтүүчү факторлордун узун тизмеси бар.
САПАР ИСАКОВДУН КАНДАЙ ТИЕШЕСИ БАР?Журналисттин ойдон чыгарылган «классташы» менен катар С.Исаков менен Т.Рыскуловдун ортосундагы байланышына дагы бир «далили» бар. Анын айтымында, коттедждер боюнча сатык жүргүзүлгөн учурда БТА банкка Сапар Исаковдун бир тууганы ишке алынган, бул шек туудурат. Бул дагы алдамчылыкка туура келген окуялардан.
Капар Исаков банкка февраль айында кабыл алынган, ал кезде анын бир тууганы Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси эмес, орун басары гана болуп турган жана президенттик шайлоо алдындагы анын келечек кызматтык карьерасын көзү ачык киши гана айтып бербесе, бул жагы шуруга тизгендей айкын эмес эле.
Капар Исаков кеңешчиси саналган Банк башкармалыгынын төрагасы Мурат Кунакунов мага маалымдагандай, Рыскулов менен Капар Жумакадырович иш боюнча байланышы жок, алардын жоопкерчилиги ар башка тармакка тийиштүү. Кызыгы, Алканова К.Исаков тууралуу комментарий алууда ага эмес, Рыскуловго телефон чалган. Же ал башкармалык төрагасы жана директорлор кеңешинин төрагасы эки башка кызмат экендигин айрып тааныбайбы?
Анда жогорудагы сатык маселесине кайрылалы. Баа маселесин коё туралы. Сапар Исаков өтө каалаган учурда да "Маммүлк" фонду тарабынан өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгына таасир тийгизе алат беле? «Эркин тоо» гезитинин 2017-жылдын 18-августундагы номурун ачалы. Бул күнү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик мүлк» фондунун коллегиясынын бир нече менчиктештирилчү объектилер, анын ичинде «Идеал Хаус» боюнча тендер өткөрүүгө токтому жарыяланган.
Исаков өкмөт башчылыкка келгенде аукциондун бардык шарттары, анын старттык баасы жана сатык формасы, кадамдары так бекитилип, катышуучуларга жарыяланган жана кайра кароого жатпайт эле.
Аукцион 19-сентябрда өткөн. Бир ай мурун эки арыз түшкөн. Эми дагы бир суроо: Исаков ачык аукциондогу жыйынтык баага кандайча таасир бермек же кимдир бирөөдөн мыйзамсыз түрдө арыз алынбай койгонбу? Мындай болбогонун фонддун кызматкерлери билдиришүүдө, же болбосо сынак тууралуу жарыя сыр бойдон кармалды беле? Андай болгон эмес. Күрөш таза өтүп, аукциондун кадамы 3 миллион сомду түзгөн. Анан премьер кантип таасир эткен? Көрүнүп тургандай, эч кандай таасир болгон эмес. Эгер Э.Алканованын аукциондук комиссияга жана сатык катышуучуларына таасир этүүнүн табышмактуу механизми боюнча түшүндүрмөсү болсо коомчулукка айтып берсин. Азырынча ал аны зарыл деп эсептеген жок.
«ВостокТехКомплект» акционерлердин бири менен же БТА банк жетекчилери менен аффилиациялангандыгы бул жерде мен үчүн баары бир. Негизгиси – бул мамлекеттик ишкана же мекеме эмес, башкача айтканда, мыйзам толугу менен сакталган.
ТИГИ ДҮЙНӨДӨН КАЙТЫП КЕЛГЕН АДАМ
Иликтөөчү андан ары карай жабууларды сыйрып таштап, премьер Сапар Исаковдун БТА банк өкүлдөрү менен байланыштары тууралуу айта баштайт. Ал интернеттен алган сүрөттү көрсөтүп, андагы 2016-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда чогуу түшкөн Кенес Ракишевди банк акционери катары (кыргызстандык БТА банкта мындай акционер жок, эгер акционер болсо да, мүмкүн, казакстандык БТА) жана Анвар Габбазовду сүрөттөйт. Ошол эле жерде Анвар Габбазов криминалдык авторитет Рустам Габбазовдун бир тууганы экендиги айтылат. Андан соң журналист Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун трибунасында Рустам Габбазовдун өзү да болгондугун саймедиреп кирет.
Аныгында 13 жыл мурун Рустам Габбазовду Подмосковьеде криминал уурдап, өлтүргөн деген ишеним бар. Эгерде ал чын эле тирүү калса жана аны Алканова Кыргызстанда көргөн болсо, аны далилдесин же бир туугандарды алмаштырып алгандыгын моюнуна алсын.
Мага маалым болгондой, бул адамдар БТА банк сыяктуу эле Кыргызстандын эл аралык аброю үчүн маанилүү иш-чараны Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун колдоо фондуна ири салым киргизген. Алар мында өзүнө пиар кылышкан эмес. Бирок мындай көмөгүнөн соң аларды оюндардын ачылышына чакырбай коюу туура эмес жорук болмок.
Ал эми Э.Алканова алар Сапар Исаков менен жолугушууда эмне тууралуу сүйлөшкөндүгү тууралуу оюн кыялга батып божомолдойт. Анын оюнча, банктагы мамлекеттин үлүшүн менчиктештирүү аны учурдагы акционерлерге, казак БТА банкына берүүнү сүйлөшкөн!
Чындыгында мындай сүйлөшүүлөрдүн болуусу мүмкүн эмес эле, анткени талкуунун предмети жок. Бул туурасында Э.Алканованын тили менен айтканда, башка бир факты айтып турат: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жабык акционердик коомдогу үлүштү сатуу тартиби так аныкталган (ал эми Кыргызстанда БТА банк ЖАК укуктук формасына ээ). Тактап айтканда, эгерде акция пакеттеринин ээси аны сатууну кааласа, биринчи кезекте опционду башка акционерлерге сатып алууга сунуштоосу тийиш. Башкача айтканда, башкы акционер казакстандык БТА кандай болгон күндө да «биринчи түн укугуна» ээ. Болду, чекит. Бул жерде талкуулай турган нерсе жок. Ошондой эле чиновниктер менен макулдашууга да негиз жок.
КУРГАК КАЛДЫК
Алканова менен жеке тааныштыгым жок болгондугу себептүү анын аракетинин мотивдери тууралуу айта албайм. Балким, анда акыйкаттыкка карата умтулуу күчтүүдүр. Бирок бул умтулуу иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн фактыларды жулмалап пайдалануу аракетин актоого жол бербейт. Дагы бир ирет эскерте кетсек:
«Сапар Исаков жана Темир Рыскулов мурдагы классташтар» – калп.
«Сапар Исаковдун бир тууганы Капар Исаков БТА банкка мамрезиденцияга жакын жер тилкеси боюнча сатык жүргүзүлгөн учурда кабыл алынган» – калп.
«Сапар Исаков ушул себеп боюнча Рыскуловго аталган жер тилкеге карата аукциондо жеңүүгө көмөк берген» – негизсиз айыптоо.
«Ачык аукциондогу жер тилкесине карата баа төмөндөтүлгөн» – калп.
«Криминалдык авторитет Рустам Габбазов Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкан» – калп.
«Сапар Исаков БТА банк акционерлери менен банктын мамлекеттик пакеттеги акцияларын менчиктештирүү маселесин талкуулаган» – негизсиз айыптоо.
Алексей Василивецкий