1-8-декабрь күндөрү АКШнын Чикаго шаарында өткөн "Barrington Ice Arena 2017" Эл аралык турниринде Кыргыз өлкөсүнүн жаш хоккейчилери жеңүүчү аталды. Хоккей спорту эми гана өлкөбүздө оозго алынып жаткан кезде кыргыз балдарынын бул ийгилиги кышкы спорттун эртеңи бар экендигин көрсөттү.
БУЛЛИТ МЕНЕН ЖЕТКЕН ФИНАЛДАГЫ ЖЕҢИШ
9 жашка чейинки балдар арасында өткөн мелдеште бишкектиктер алгач Ice Dogs командасынын экинчи курамына 7:11 эсебинде утулуп калганы менен, андан соң Чикаго шаарынын курамын 9:3, Evelance Chicago клубун 12:2 эсеби менен утушту. Ал эми финалда биздин балдар Ice Dogs’дун негизги курамы менен кез келишти. Эки жааттын кубок үчүн болгон беттешинин негизги убактысы 5:5 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, буллит жарыяланды. Буллиттер сериясында кыргызстандык хоккейчилер 3:1 эсеби менен жеңишке жетип, кубоктун ээси боло алды. Бул мелдешке АКШ, Канада өлкөлөрүнөн барган командалар катышкан.
«КҮЖҮРМӨН ЭМГЕК ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКИРДИ»
«Алга Бишкектин» башкы машыктыруучусу Ринат Мустафаев аталган клуб 2017-жылдын апрель айынан бери өз ишин жүргүзүп келерин жана анын тарбиялануучулары чоң хоккейге эми аралаша баштаганын айтты:
– Эл аралык "Barrington Ice Arena 2017" турнирине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын хоккей боюнча федерациясына чакыруу келип түшкөн. Ошентип 4-5 ай даярданып, барып катыштык. Мелдеште каршылаштарыбыз да күчүн көрсөтүп, татыктуу ойношту. Дүйнө хоккейиндеги лидер өлкөлөр менен тең тайлаша беттешке чыгып жатканыбыздын өзү эле жеңиш. Биздин клубдун тарбиялануучулары чет өлкөлөрдөн чакыруу алып, учурда 15ке чукул тарбиялануучубуз АКШ, Казакстан, Канада сыяктуу өлкөлөрдүн клубдарында ойноп жатышат.
ПРЕЗИДЕНТ ХОККЕЙЧИЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРДУ
7-декабрда эле жеңишке жеткен «Алга Бишкек» хоккей клубунун азаматтары Бишкек шаарына 8-декабрь күнү келип конушту. 9-декабрда өкмөт башчы Сапар Исаков хоккейчи балдар менен жолугушуп, белектерин тапшырса, президент Сооронбай Жээнбеков жаш спортчуларды куттуктап, Жаңы жылдык балатыга чакырды.
БАЛАЛЫК. МУЗ. КУБОК.
Көздөрүндө от жанган өспүрүмдөргө бул жеңиш шык бергендей. «Алга Бишкектин» жаш оюнчулары жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүшүштү.
Алтай Казакбай, 9 жашта
– Чикагого барганыбызда утарыбызга ишенгем. Америкалыктар кыйын ойношорун билип, аларга татыктуу ойнойлу дедик, жеңишке жетиш үчүн аябай аракет кылдык. Бул турнирде катуу түртүшсөң оюнчуну эле эмес, клубду турнирден четтетип коёт экен. Ошондуктан абайлап ойнодук.
Азрет Амангелдиев, 7 жашта
– Турнирди утканда абдан кубандык. Америкада хоккейчилерге түзүлгөн шарттар биздикине караганда жакшыраак экен. Чет жерде өлкөнүн атынан чыгып жеңип келгенибиз жакшы болду.
Жамин Анарбекин, 8 жашта
– Менин хоккей менен машыгышымды апам каалаган. Кийин өзүмө да жагып калды. Чикагого барып келдик, беттеш аябай жакшы болду. Каршылаштарыбыз да, биз да өз күчүбүздү көрсөттүк.
Алияр Байбурин, 9 жашта
– Мен башында самбо менен машыкчумун. Бирок ал анча жакпай калып, бир жылдан бери хоккей менен машыгам. Хоккейдин командалык оюн болгону жагат. Клубдун ийгилиги үчүн кубанычтамын.
Георгий Николаев, 8 жашта
– Балдар Чикагодо жүргөндө биздин башка топ Алматы шаарында дагы башка турнирге катыштык. Ал жакта да жеңишке жеттик. Башында ата-энем «хоккейге барып көрбөйсүңбү» дегенде бир жолу ойноп көрүп, жагып калган.
«БИЗ УТКАНДА АМЕРИКАЛЫКТАР ТРИБУНАДАН ЧЫГЫП КЕТИШТИ»
Бул беттештерде өзүн мыкты чабуулчу катары көрсөтө алган Нуртемир Сулайманов 8 жашта. Келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчу 3 жашынан бери хоккей менен алектенип, учурда Санкт-Петербургда окуйт.
– Салам, Нуртемир. «Алга Бишкек» киргизген голдордун басымдуу бөлүгү сага таандык болду. Жеңиш алып келгениңе сыймыктанып турсаң керек?
– Ооба, команда жалпы 32 гол киргизсе, анын 19у меники болду. Албетте, толкундандым, сыймыктандым. Мелдешке баратып 20 гол киргизем деп агама убада бергем. Ошол сөзүмө турдум. Эми ал мага чоң конструктор алып берет. Атам да ушундай талап койгон, аны да аткардым.
– Беттешти кененирээк баяндап берсең. Кандай даярдык көрдүңөр? Каршылаштар сен элестеткендей эле бекен?
– Мен Санкт-Петербургда СКА хоккей мектебинде окуйм. «Алга Бишкек» даярданып жатканда мен да Бишкекке келип, команда менен машыктым. Турнирге 17 саат жол жүрүп бардык. Бизге атаандаш командалар мен күткөндөй эле күчтүү болду. Алардын арасынан финалга чыккан Ice Dogs командасы күчтүү экен. Оюн бүтөрүнө 53 секунда калганда эсеп 5:5 болуп, буллитке чыга турган болуп калдык. Трибунадагы эл, командам, түз эфир аркылуу атам карап турду. Анан оюмду жыйнап, жоопкерчилик менен гол киргиздим. Биз жеңгенде Американын оюнчуларынын ата-энелери ызаланып трибунадан чыгып кетишти.
– Санкт-Петербургдагы СКА мектебинде кандайча окуп калдың?
– СКА хоккей мектебине атам (ред.: депутат Алтынбек Сулайманов) алып барган. Ал мен сынак тапшырып жатканда 7 күн жанымда жүрдү. Мени мектепке өтүшүмө даярдап, колдогон да атам. Ал жакта шарттар жакшы. Күнүнө 3 жолу машыгуу болот. Ал эми эс алуу күндөрү оюндар болуп турат.
– Жакшы экен. Айтсаң, Нуртемир, кумириң барбы? Болсо ал ким?
– Александр Овечкин. Ал Вашингтон командасында ойнойт. Мага анын ойногону жагат. Чоңойгондо Овечкиндей болуп, Улуттук Хоккей Лигасында ойногум келет. Жакында эле Азамат Жаналиев деген сүрөтчү байке мага Овечкиндин сүрөтүн мык жана жип менен тартып берген. Эми жакын арада аны кумириме алып барып, жолугуп келем.
– Кыялдарың орундалсын.
Алтынай Тынышова
sport@super.kg