Мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязовду президент Сооронбай Жээнбеков кайрадан аталган кызматка дайындады. Буга чейин аппаратты жетектеп келген Алмазбек Үсөнов өз каалоосу менен аталган кызматтан кеткен. Фарид Ниязов президенттик шайлоодо КСДПнын талапкери болгон Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген. 1-декабрда Ниязов президенттин кеңешчиси болуп дайындалган эле. 10 күндөн кийин, тагыраагы, 11-декабрда ал кайрадан президенттик аппараттын башчысы болуп иштей баштады.
Президенттик аппараттагы кадрдык дайындоолор муну менен эле чектелбеди. Сооронбай Жээнбеков буга чейин УКМКда иштеп келген Асылбек Кожобековду өзүнө кеңешчи кылып дайындады. Ошондой эле президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматына Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр кезиндеги жардамчысы Алмамбет Салиев дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Эльвира Сариева аркалап келген.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg