КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ КАЙРАДАН БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН БАШЫНДА

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматовду премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгына дайындады. Бул кызматты 2016-жылдан бери Азамат Сулайманов жетектеп келген. Исаков бул чечимине президент Сооронбай Жээнбеков да макул экендигин билдирди. «2010-2013-жылдары Кулматовдун жетекчилиги астында бажыдан түшкөн киреше 2,5 эсе өскөн. Ал аталган кызматтагы өздүк курам үчүн бөтөн адам эмес. Мен Кулматовго чечиши керек болгон бир топ тапшырмаларды бердим»,- деди Исаков. Буга чейин Бажы кызматынын башчысынын орун басары Райымбек Матраимов жасаган иши саясий жетекчиликтин чечимине дал келбегендиги үчүн деп аталган кызматтан алынган болчу. Сапар Исаков Кулматовго Бажы кызматында кадр маселесин тез арада карап чыгуу тапшырмасын берди. Кубанычбек Кулматов 3 жыл Бажы кызматын жетектегенден кийин бир топ жооптуу, жогорку кызматтарды аркалап келди. 2013-жылы өлкө президентинин кеңешчиси, 2013-2014-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2014-2016-жылдары Бишкек шаарынын мэри, 2016-2017-жылдары Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы жана 2017-жылы сентябрь айында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган. Жогорку Кеңеш 13-декабрда Кулматовду Улуттук банктын төрагалыгынан бошотуу чечимин кабыл алды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан