ПРОКУРАТУРА ШЫКМАМАТОВДУ 8 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУНУ СУРАДЫ

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум болуп өттү. Анда мамлекеттик айыптоочу судьядан Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо менен мамлекеттик кызматта иштешине 3 жылга чейин тыюу салууну өтүндү. Прокурордун билдиришинче, Шыкмаматов айыптуу деп табылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү керек. Шыкмаматовдун жактоочусу болсо прокурор келтирген айыптар далилденбегенин айтып, аны актоону суранды. Сот отуруму 18-декабрда уланат.
Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматовго Башкы прокуратура ушул жылдын февраль айында «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал «2011-жылы Эсептөө палатасында аудитор болуп иштеп турганда кызматтык унааларды сатып алуу боюнча тендерде мыйзам бузуп, мамлекетке 3000 доллардын тегерегинде зыян келтирилген» деп айыпталып жатат. Шыкмаматов жана анын тарапташтары бул кылмыш ишин «саясий кысым» деп сыпаттап келишүүдө.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан