БИР БҮРКҮМ. Биометрикалык паспортту бекер берүү 31-декабрда токтойт...
ОШ–ТАШКЕНТ авиакаттамы 2018-жылдан тарта иштей баштайт. Учурда Бишкек–Ташкент каттамы бар. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ 10 айдын жыйынтыгында 1 миллиард 368 миллион долларлык товар экспорттоп, 3 миллиард 561миллион долларлык товар импорттогон.
2016-жылы КУРГАК УЧУККА кабылган 550 кыргызстандык эмгек мигранты катталган. Алардын 439у Орусиядан келгендер.
Кыргыз өлкөсүнүн көпчүлүк жарандары ДИНИЙ БИЛИМДИ Пакистан, Египет, Иордания, Түркия жана Сауд Аравиясынан алышат.
БИШКЕК-КАЗАНЬ (Орусия) багыты боюнча темир жол каттамы ишке кирди. Каттам ар шейшемби күнү ишке ашырылат.
Парламент депутаттары ОРТО-ТОКОЙ суу сактагычын башкарууну Өзбекстандан Кыргыз өлкөсүнө өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынан депутат ИСХАК ПИРМАТОВ парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды. Буга чейин комитетти учурдагы биринчи вице-премьер-министр, депутат Аскарбек Шадиев жетектеп келген.
1994-2004-жылдары чыккан үлгүдөгү паспорт ээлери үчүн БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТТУ бекер даярдоо 2017-жылдын 31-декабрында аягына чыгат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Кыргыз өлкөсү 2016-жылы Кыргыз тарапка өттү деп жарыяланган Ысык-Көлдөгү 4 ПАНСИОНАТТЫ кайра Өзбекстанга кайтарып берүүдө.
Өлкөдө ушул жылдын 11 айында 820 адам ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин башчысы Улан Исраилов билдирди.
АЛИНА ШАИКОВА Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды. Мурда ал Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп иштеген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.