Ушул жылдын 28-сентябрында болгон каргаша Сыртбек Искаковдун 7 баласын жетим калтырды. Улуу баласы эми гана 8-класска барса, кичүүсүнүн төрөлгөнүнө болгону 2 ай болгон. Үй-бүлөнү жалгыз багып келген атанын каза болуп калганы бул үй-бүлөнүн абалын оорлоштурду. Учурда маркумдун жубайы чиедей 7 баласы менен 2 бөлмөлүү батирде күн кечирүүдө.
«КОШУНАМДЫН БАЛАСЫ АЙЫЛ ЧЕТИНЕ УУЛУМДУ АЛЫП БАРЫП САБАП, МУУНТУПТУР»
Маркум Сыртбек Искаковдун жубайы Самара Бактыгул кызы тергөө иштери күмөн жаратып жатканын айтууда:
- Жолдошум экөөбүз 2002-жылы баш кошконбуз. Ал үйдүн улуусу болгондуктан өзүбүзчө бөлүнүп жашап, мал багып тиричилик кылып келгенбиз. Ортобузда 7 балабыз бар. Биздин жалгыз багар-көрөрүбүз болгон жолдошумдун каза болушуна себеп 1-сентябрда болгон окуядан улам башталыптыр. Биз айылдан алыс кашарда жашагандыктан мектепке балдарды алып баруу үчүн атайын автобус каттайт. 1-сентябрь күнү окууга балдарды алып бара жатканыбызда автобустун ичинен кошунабыздын баласы менен менин улуу балам уруша кетти. Мен ажыраткыча балам кошунанын 5-класста окуган баласынын бир көзүн көгөртө чаап салыптыр. Ал жерден баламды урушуп тим болгом. Кайра мектептен үйгө кетели деп балдарымды алып, автобуска түшөлү деп жатсак эле кыздарым «агамды Нуржигит байке машинасына салып кетип калды. Китеп-баштыктары жерде чачылып жатат» деп чуркап келишти. Нуржигит болсо менин уулум сабап салган баланын байкеси. Ошентип балдар менен үйгө жетер замат Нуржигиттин үйүнө бардым. Баламды каякка алып кеткенин сурайын десем эч кимиси эшикти ачпай коюшту. Ошону менен ортодон 3 саат өткөндөн кийин Нуржигит үйүнө машинасы менен келип токтоду. Чуркап барып эле «балам кана, аны каякка алып бардың?» десем эле мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп салды. Ошол учурда өзүм кош бойлуу болуп ай-күнүм жетип калгандыктан араң басып жүргөм. Балам болсо дагы деле келе элек болгондуктан сарсанаа болуп жаттым. Бир учурда мага инимдин жубайы телефон чалып, баламдын алардын үйүнө барганын, эч нерсе болбогонун айтты. Көрсө, алар мени сарсанаа болбосун деп эле ошентип коюшуптур. Эртеси үйгө балам келди. Денеси көк ала экен. "Каякта жүрдүң?" десем, «Нуржигит айылдын четине алып барып муунтту, сабады. Аягында Нуржигиттен качып кутулдум» деди. Андан кийин 24-сентябрь күнү болсо керек эле, жолдошум Нуржигиттин ата-энесине «баламды эмнеге сабайт?» деп кыйкырган.
«ЖОЛДОШУМДУ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ ЗЫЙНАТЫНА КАТЫША АЛБАЙ КАЛДЫМ»
- Кокустан толготуп калбайын деп айылдагы үйдө балдар менен жашап жүргөм. Кашарда жолдошум жалгыз жашап жаткандыктан улуу баламды «Атаңа барып жардамдаш. Малды карашып кел» деп ошол каргашалуу окуя болорго жакын жолдошумдун жанына жибергем. 28-сентябрь күнү жолдошум кечинде мага телефон чалып, «Самара, кантип жатасың? Жакшы элесиңби? Балам экөөбүз уктайлы деп жатабыз» деп сүйлөшкөнбүз. Жарым сааттан кийин эле кайнатам келип, «Сыртбекти Нуржигит бычак менен сайып салыптыр. Азыр эле уулуң Алмаз телефон чалды» деп айтты. Биз кашарга бара жатканда «Тез жардам» кызматы каршы өтүп кеткендиктен кайра ооруканага бардык. Ал жактан жолдошума операция жасаганга алып кирип кетишти. Бир аздан кийин врачтар чыгып, «кан көп кетип калыптыр» дегенде эле анын аман эмес экенин түшүндүм.
Мен да жаш кезимден жетим калып чоңойгондуктан жетимчилик кандай оор экенин билем. "Чиедей кезинде жетим калган 7 баламдын убал-сообу кимге?" деп эле ыйлай бердим. Катуу кыйналып калганга эртеси күнү толгоом башталып, жолдошумду узатуу зыйнатына катыша албай, буркурап ыйлап төрөтканада жаттым. 3 күн дегенде кызымды араң төрөдүм. Жолдошум «сен Баатыр эне болосуң» деп жаңы төрөлгөн кызым боюмда бар кезде көп айтчу. Мына, азыр эми өзү жок. Биз учурда балдарым менен 2 бөлмөлүү үйдө батирде жашап жатабыз. Балдарымдын алды 8-класста окуса, кичүүсүнө 2 ай болду. Тууган-туушкандар деле каралашпайт, болгону 7 баланын жөлөк пулун алып күн көрүп жатабыз. Мындан ары жашообуз кандай болору мага табышмак, эмне кылышты деле билбей калдым.
«ДЕНИ-КАРДЫ СОО БАЛАНЫ ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ООРУЛУУ КЫЛЫП КУТУЛУП КЕТКЕНИ ЖАТЫШАТ»
- Жолдошума бычак сайган Нурлан, Нуржигит дегендер биздин кошуналар болот. Окуя болгон учурда балам атасынын жанында болгондуктан аны кантип өлтүргөнүн айтып берип жатат. 28-сентябрь күнү болжол менен кечки саат ондор чамасында Нуржигит менен Нурлан эшикти такылдатышыптыр. Эшикти ачкан уулум Алмаздан бул экөө «атаң кайда?» деп сурашыптыр. Уулум «атам үйдө жок» деп жооп берсе, «сен кантип жалгыз калмак элең?» деп аны түртүп салышып, үйгө киришиптир. "Кимдер экен?" деп чыга калган жолдошумду бөйрөгүнө, колтугунун астына бычак менен сайып, машинасын айдап кетип калышкан экен. Балам болсо эмне кыларын билбей атасынын жанында отура бериптир. Бычакты даярдап келишип 2-3 мүнөттүн ичинде сайып салып, кайра унааларына түшүп алып кетип калышкан. Кармалган балдар жолдошума шылтап, "бычакты үйдөн алып чыккан" деп жатышат. Мен жаңы төрөп үйдө бала менен болгондуктан жолдошумдун тергөө иштери кандай жүрүп жатканына көп көңүл бура албай калгам. Соттук-медициналык экспертизадан Нуржигит деген баланы психикалык жактан оорулуу деп чыгарганда гана тергөөнүн жүрүшүнө ишенбей, минтип 2 айлык кызым менен чуркай баштадым. Психикалык жактан оорулуу адам жаза албайт экен. Ал эми Нуржигиттин шериги Нурланды биринчи күнү эле кылмышка тиешеси жок кылып чыгарып салышкан. Чогуу барып өлтүрүп жаткандан кийин эмнеге ал кутулуп кетиши керек? Эми мен психикалык жактан оорулуу деп чыгарган экспертизага ишенбейм деп арыз жаздым. Мага алардын туугандарынын «үй сатып беребиз, акча беребиз» деген сөздөрүнүн кереги жок. Болгону дени таза баласын оорулуу кылбай, жасаган кылмыштарына ылайык жаза алышсын.
«БАЛАМДЫ АБАКТАН ЧЫГАРЫП АЛГЫДАЙ АЛЫБЫЗ ДЕЛЕ ЖОК»
Биз кылмышка шектелип кармалган жарандын апасына байланышып, анын да оюн уктук:
- Ошол күнү балам картошка казып, кечке маал кошуна айылга кетип, ушул кырсыкка кабылды. Балам камакта болгондуктан окуянын кандай болгонун билбейм. Балам Сыртбек менен урушуп жатканда Нурлан деген бала сыртта машинада отурган экен, ал эч нерсе көрбөптүр. Жактоочубуздун айтымында, 5-6 врач текшерип, балама жыйынтык чыгарышыптыр. Ал жыйынтыкты жактоочубуз «ал оору эмес, адам коркуп кеткенде өзүнө жооп бере албай калат» деп түшүндүрдү. Баламды оорулуу кылып абактан чыгарып алгыдай алыбыз деле жок. Биз деле карапайым жашаган үй-бүлөбүз. Кошунабыз негизи көп ичип койчу. Бул кырсыктан 7 бала жетим калып жатат, үй алып берип коёлу десек, жубайы болбой койгон. Эми кайра өзү телефон чалып, «ынтымактуу жол менен чечишип алалы, эртең тергөөчүгө барып сүйлөшөлү» деп жатат. Өзүбүз болсо ал айылда жашабай калганбыз, маркумдун иниси балдарымды көргөн жерден эле коркутуп-үркүтө бергендиктен балдарым менен эжемдин үйүндө корголоп отурам. Менин деле 4 кичинекей балам бар, камактагы балам бизге каралашып жардам берип турчу.
«ЧАТАКТАШУУ УЧУРУНДА БЫЧАК МЕНЕН САЙЫП САЛГАН»
Бул кылмыш боюнча Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов төмөнкүлөрдү айтып берди:
- 2017-жылдын 28-сентябрь күнү болжол менен 22:30дар чамасында Жети-Өгүз РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Кызыл-Суу айылында жашаган 1981-жылы туулган Сыртбек Искаков аттуу жаран бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилип, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Алгачкы иликтөө иштеринде белгилүү болгондой, бул окуяга маркум менен шектүүнүн ортосундагы болгон чатакташуу себеп болгон. Н.Адан башка эч ким кылмышка шектелип кармалган жок. Аталган кылмыш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Каракол шаарындагы
СИЗОго киргизилген. Учурда бул кылмыш боюнча бардык соттук экспертизалардын жыйынтыгы чыгып, иш тергелип бүтүп, жакынкы күндөрү соттун кароосуна жиберилмекчи.
Сталбек Усубакунов экспертизалардын жыйынтыгы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн берилбейт деген жооп айтты. Бирок тергөө аяктап, сотко өтүп жаткан иште тергөөнүн кандай кызыкчылыгы бар экендигин айткан жок.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg