13-декабрга караган түнү Таласта массалык мушташ болуп, анын кесепетинен 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Аталган кылмышка шектелип 9-класстын окуучусу кармалды.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ҮЙ КАМАГЫНДА»
Өспүрүмдүн өлүмүнө алып келген бул мушташ тууралуу Талас ОИИБинин маалымат катчысы Динара Сарногоева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 12-декабрдан 13-декабрга караган түнү Талас облусундагы Манас районунун Бала-Саруу жана Покровка айылынын жаштары Покровка айылындагы спорт залдан чыгып, айыл четине барып сүйлөшүп турганда бир бала Али Жандар уулун башка чаап жиберген. Анын кесепетинен Талас шаарындагы Агрардык техникумдун 1-курсунун студенти, 17 жаштагы Али Жандар уулу башынан оор жаракат алып, 14-декабрь күнү ооруканадан эсине келбей жатып каза болгон.
Бул окуя боюнча Манас РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү катары 2002-жылы туулган, 9-класстын окуучусу кармалган. Кылмышка шектүү соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Азырынча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн мындан башка маалымат бере албайбыз.
«80ГЕ ЖАКЫН ОКУУЧУ МУШТАШКАН»Маркумдун атасы Жандар Нурманбетовго байланышканыбызда, ал тергөө ишине нааразы болуп жатканын айтат:
– Балам Али 2001-жылы туулган. 9-классты бүтүргөн соң Агрардык техникумда окуп жаткан. 3-декабрь күнү Бала-Саруу айылында жашаган чоң апасынын үйүнө кеткен. 13-декабрга караган түнү саат 2лер чамасында апам мага телефон чалып, «балаң башым ооруп жатат дегенинен ооруканага алып бара жатабыз. Кулаганын же бирөө-жарым уруп койгонун билбейм» деди. Ооруканага барсак, уулубуздун абалы оорлоп комага түшүп калыптыр. Байкасам, уулумдун жыгылып кеткендей түрү жок, кара куш жагына бирөө катуу нерсе менен чапкандай экен. 14-декабрь күнү балам кайтыш болду.
Көрсө, ошол түнү Бала-Саруу менен Покровка айылында мектептерде окуган баш-аягы 80ге жакын окуучулардын ортосунда мушташ болуптур. Түн жарымда келген баламдан чоң энеси кайда жүргөнүн сураса жооп бербей төшөгүнө жатып алыптыр. Бир убакта балам жөөлүп сүйлөнө баштагандан улам жанына барса «башым катуу ооруп жатат, кетонал барбы?» деп сураган экен. Дене табы түшпөй, аябай тердей бергенде ооруканага алып жөнөшүптүр.
«УУЛУМДУ ӨЛТҮРГӨН БАЛАГА ЭМЕС, ТЕРГӨӨЧҮГӨ НААРАЗЫМЫН»
– Баламды жерге берген соң бул уруш боюнча сураштыра баштадым. Балдар арасында буга чейин уруш болуп, анан ошону чечиш үчүн чогулушкан экен. Чогулган балдардын арасынан уулум чыгып «ынтымактуу чечишип албайлыбы?» деген экен. Бирок балдар көнбөй, мушташ башталыптыр. Уулум жерге жыгылган бирөөнү тургузайын дегенде артынан бирөө келип катуу уруп, балам жерге жыгылыптыр. Анан баламды урганга шектелип бир бала кармалып отурат.
Тергөөчү «кармалган бала күнөөсүн моюнуна алды» деп айткан, сот болсо аны үй камагына чыгарып койду. Мен баламды өлтүрүп алган балага эмес, бул ишти тергеп жаткан тергөөчүгө нааразы болуп жатам. Себеби буга чейин балдар ким кимди кантип урганын, кимдин колунда тапанча, таяк бар болгондугун, менин баламды жок эле дегенде 10 чакты бала ургандыгын айтышкан экен. Алар ата-энелери менен кошо келип бизден кечирим сурап кетишкен. 46 баланы суракка алып жаткан, андан кийин ал 16га чейин кыскарып кетти. Ошондой эле тергөөчү окуя болгон жерден тапанча алынганын өзү көрсөткөн болчу, бирок ал маалыматтар сотко берилбептир. Ошондуктан сот ал баланы үй камагына чыгарып койду.
Угушумча, Покровка айылынан 46, Бала-Саруудан 30дан ашык бала мушташка катышыптыр. Менин уулумдан башка да Эмил Мирлан уулу башынан жаракат алып, ошол түнү ооруканага барыптыр. Дагы бир баланын колу чыгып кетип, салдырыптыр. Ал ооруканага кайрылбаптыр.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg