(Башталышы өткөн сандарда)
ххх
«Кетем мен. Мындан ары чыдай албайм» деди кыз чечкиндүү. «Уулуң эмне болот? Эсиңе кел. Ал сенсиз кантет? Кимге ишенип таштайсың?» дейт уйгу-туйгу болгон көңүлү. Ошентип чемоданын жыйнап кайра ордуна коюп, өзү менен өзү болуп жатып укпай калган экен. Кайненеси бөлмөсүнө кирип келди.
– Келин ханым, сен бул жерде эмне отурасың? Ахмеддин дарысын ичүү убактысы.
– Медайым жанында отурат, ал деле берет,- деди Жамиля.
– Жок, эмне үчүн өз аялы турса башка адам дарысын берет? Сен беришиң керек!- Кыздын кандай абалда турганын байкабаган Эсма ханым адатынча өкүм сүйлөдү. Чыдамы, токтоолугу чегине жетип төгүлөйүн деп калган экен, Жамиля ыргып туруп кыйкырып жиберди.
– Мен аялымынбы?! Сиз мени Ахмеддин аялы деп ойлойсузбу?! Жок! Сиз эч качан мени кем акыл болсо да уулуңуздун аялы катары, небереңиздин энеси катары көрбөдүңүз. Жетишет! Мен уулумдун көз алдында эзилген, басырылган бир эне болгум келбейт. Мындан ары мен эмне кылам, эмне коём эч ким буйрук бере албайт!
– Сен...
– Ооба, бул мен! Кыргыздын кызы, үй кызматчы Жамилямын. Силер тагдыры менен каалагандай ойногон Жамиля. Бирок мындан ары ойной албайсыңар!
Жалын бүрккөн көздөрүнөн жалтанып кетти. Ушул учурда гана Эсма ханым Керем бул кызды эмнеге башы адашып сүйгөнүн түшүндү. Тоолук элдин канына бүткөн, эч нерседен кайра тартпай турган кайраттуу мүнөзү бар эле бул кыздын. Мурун да байкаган, бирок бул жолкусу...
– Вай, вай, вай, мынчалык кыйкырыштын кереги жок, келин ханым. Кулагым жакшы угат. Көздөрүм да күчүн жогото элек, Кудайга шүгүр. Көз алдымда эмне болуп жатканын түшүнүп турам. Сен Ахмеддин өлөр күнү жакындап калганын сезип тургандайсың. Ага бир нерсе болсо бардыгы сага каларын да жакшы билесиң. Балким, ошого сага үн бүтүп, кайрат кирип калган сыяктуу. Бирок билип кой, сен менин уулумдун мураскери боло албайсың. Бир курушуна да ээ боло албайсың. Анткени ал менин неберем Эмренин энчиси. Сен ал тууралуу такыр ойлонбо, келиним. Мен эбак ал иштин алдын алгам.
Мыскыл жылмайып турду кайнене. Жамиля күлүп жиберди. Кайненесинин алдына келди да, көздөрүнө тигилди.
– Сиздин мурасыңыз, байлыгыңыз сизге же башкага бакыт алып келе алдыбы? Бири кем акыл, экинчиси таш сыяктуу мерез уулдарыңызга бакыт алып келдиби? Же келиниңизгеби? Кана, ушул үйдө мен бактылуумун деп айткан бир адам барбы? Кам санабаңыз, менин эң акыркы ойлогонум мурас. Мен кетем.
– Акылыңа кел, Эмрени Керем эч качан сага бербейт.
Эсма ханым чыгып кетти. Бир топко отурду. Жамиля ушул күндү баласынын эсинде кала тургандай өткөргүсү келди. А эртең...
ххх
– Эмре, сен мени канча бир жылдан кийин эстейсиңби?
– Албетте, эне.
– Менин атымды да, кайсы жактан келгенимди да билесиң, ээ?
– Кыргызстандан. Сен мага көп жолу айткансың. Ал бул жактан ыраак. Учак менен барабыз. Тоолуу жер.
– Азаматсың, арстан уулум. Сен мени кийин издейсиңби?
– Эмнеге? Сен кайда кетесиң?
– Мен узакка кетем.
– Сен менин атам кем акыл болгон үчүн кетип жатасыңбы? Сен коркпо, эне, аны чоңойгондо мен багам.
– Жок, жаным, андан эмес.
– Анда эмнеге?
– Кээде чоңдордун бул жери (жүрөк тушун көрсөтүп) өтө ооруйт. Мен ансыз жашай албайм...
– Кимсиз жашай албайсың, эне?
– Бир адам бар. Ал менин жүрөгүм. Ансыз уктай албайм, дем ала албайм, кыйналам. Ошол адам, ал...
– А мен сенсиз дем ала албайм, эне.
Жамиля уулун тиктеп турду. Мына тап жылдырбай кармап турган тушоосу. Уулунун көпкөк көздөрү ыйламсырап турду. Куду Жамилянын көзүнө Керемдин көзүн аралаштырып жасап салгандай. Куду асман менен жерди, күн менен түндү, ак менен караны бириктиргендей.
Жамиля көзүн чылк жумду. Ансайын кичинекей колдор моюнуна оролуп бекем кучактады.
– Кетпе...- деди бала акырын күбүрөп...
(Уландысы кийинки санда)