Жаңы жылды ар бир бала башкача майрам катары кабыл алып аны жыл бою күтөрү анык. Биздин белгилүүлөр балакай кезинде Жаңы жылды кандай тосушкан? Жылдыздарга бүгүн бир сыйра бала кезинде өткөн Жаңы жылын эстеттик.
Алтынай Нарбаева, ырчы: «ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК СЫНАКТАРДА ЖЕҢИЛЕ БЕРИП, МАЙРАМДЫ КӨП ЖОЛУ ЫЙЛАП ТОСКОМ»
– Биздин убакта деле Жаңы жылда Аяз ата, Аяз кыз, шыпыргысын көтөргөн жез кемпир сөзсүз болчу. Ал кезде тарбия башка эле да, мугалимдерибиз «жакшы окуганга, тартиптүү окуучуга гана белек берилет» деп айтышчу, бирок майрам келгенде баарыбызга окшош момпосуй берип коюшар эле. Жаңы жыл сайын биздин мектепте класстар арасында сынак болчу. Ошондой учурларда жеңилип калып далай Жаңы жылды ыйлап өткөргөм. Биздин класс жеңилди дегиче мага трагедия эле. Жаш кезде эле турмуштун пайдубалын куюп алат окшойбуз, ошол жеңилип калган күндөрүбүз көңүлүмө көк таштай тийгенби, мен азыркыга чейин сынактарга катышуудан корком. Өзүң ойлогондой баага жетпей калсаң ыза болот экенсиң.
Бир жолу жаңы жылдык сынактан жеңилип калдык, агамдын классташы бизди шылдыңдап жатпайбы, мага боору ооруп агам тиги классташ кызын чаап салды. Заматта эле тиги кыз ыйлап, ата-энесин, мугалимдерди, мектеп директорун чакырып чырыбыз чоң жыйынга айланып кеткен. Ал кезде мектепте аз окутуп, көп эмгек кылганга үйрөтүштү. Бир жылда 3 ай эле окуйт элек, калган күндөрдө окуучулардын баарын пахта теримге, чөп чабыкка, айтор, өлкө үчүн деп колдорубуз жооруп, тырмактарыбыздын түбү ириңдеп кеткиче иштедик.
Аскат Мусабеков, ырчы: «АРЧА КЫЙЫП АТ МЕНЕН СҮЙРӨП КЕЛСЕК, ЖОЛДО ЖАРТЫСЫ КҮБҮЛҮП КАЛГАН»
– Мен бала кезде Жаңы жыл майрамын бир башкача күтчүмүн. Аяз атага болгон ишенимим да күчтүү эле. Биз Союз мезгилиндеги Жаңы жылды көрүп калдык да. Ал убакта азыркы балдардай түрдүү мультфильм каармандарынын формасын кийүү деген жок болчу. Картонго жолборстун, коёнектин сүрөтүн тартып ошону кыркып, көздөрүн оюп эле маска кылып кийип алчубуз. Мен кичинемде элестеткен Аяз атамдын бою узун, кең далылуу, көздөрү кыпкызыл, тебетей кийген Аяз ата эле. Атам-апам Жаңы жыл түнү «уктаба, Аяз атаң таарынып белек бербей кетип калат» дешчү. Мен уктабай көзүм жумулуп баратса да, Аяз ата таарынат деп түнкү 12ни күтчүмүн.
Бир жолу балдар менен тоодон арча кыйып ат менен сүйрөтүп келдик. Анда арчаны чананын үстүнө коюп, сүйрөп келүү деген ой болбоптур да. Үйгө келсек бир капталы жок. Жолдо күбүлүп түшүп калган тура. "Эч нерсе болбойт" деп туруп күбүлгөн жагын дубал тарапка коюп койгонбуз.
Актан Рыскелдиев, тамашоучу: «КОШУНАЛАР МЕНЕН САЛЮТ АТУУ БОЮНЧА ЖАРЫШЧУБУЗ»
– Менин бала кездеги Жаңы жылдарым кызыктуу өткөн. Бирок кээде белек бергенге акча жок калган күндөр да болгон. Балаты майрамына мага атам картондон шляпа жасап берген, Зорро болгом. Шымымдын четине апам жалтырактарды тигип берчү, ошентип эле майрам тосчумун. Бир жолу Жаңы жыл күнү атам-апам жок маанайыбыз суз отурабыз. Бир маалда, түнкү он бирде алар толтура тамак-аштарды көтөрүп келип дасторконду жайнатып салышты. Мандарин, салюттардан бери алып келишиптир. Салютту ал кезде бардар үй-бүлөдө жашагандар эле аттырышчу да. Кошуналар бири-бирибиз менен кадимкидей кимдин салюту кымбат, жакшы, бийик атылат деп жарышчубуз. Атам салют алып келгенде аябай катуу сүйүнгөм.
Бир жолу Жаңы жылда мектепте брейкти тытып бийлеп алып классташтар менен сүрөткө түштүк, сүрөт 40 сом болчу. Менде 40 тыйын да жок эле. Ошентип көп эле майрамдык сүрөттөрдөн кол жууп калгам.
Айдана Дека, ырчы: «КӨЙНӨГҮМ ЖЫРТЫЛЫП ЫЙЛАГАНЫМДА АЯЗ АТА МЕНЕН АЯЗ КЫЗ СООРОТКОН»
– Жаңы жылдык балаты майрамы бизде шаан-шөкөт менен өтчү. Жылда апам мага жалтырактары бар көйнөк сатып берер эле. 1-классымда бир бийчи кыздын кыргыз көйнөгүн кийип чыккам. Бир жолу адаттагыдай эле мектепте балаты майрамы өтүп жаткан, мен этеги узун кызыл көйнөк кийдим. Балдар, кыздар баарыбыз тегеренип ырдап жатканда көйнөгүмдүн этегин бир кыз катуу басып жыртылып калды. Мен ошол жерден отуруп алып ыйладым. Аяз ата менен Аяз кыз мени көтөрүп, белек берип араң сооротушкан.
Ал эми 7-8-класста окуганда дискотекага барып балаты майрамын тоготпой баштаганбыз. Кыздар менен өзүнчө эле кинодогудай банда болуп дискотекага барчубуз. Дискотека балаты майрамынан кийин болчу да, ал жактан барпыраган көйнөк кийген кыздарды көрсөк, өзүбүзчө чоң кыз көрүнүп шылдыңдап, күлө берчүбүз. Азыр ошол жоруктарыбызды эстеп уялып кетем.
Лунара Бекиева
star@super.kg