Жыл жаңырар алдында баарыбыз жаңы жылдан жакшылыкка үмүт артат эмеспизби. Келе жаткан жылдын кожоюну болгон Ит босогону аттаары менен ыраазы болсун десеңиз, анын көңүлүнө төп келе турган даамдарды жасаңыз да, кайсы тамактарды жактырбай турганын билип алыңыз.
ДАСТОРКОНГО КОЮУГА СУНУШТАЛБАЙТ
Туздалган бадыраң, помидор, негизи эле туздуу азыктар итке жакпайт. Андан тышкары, корей ашканасын сүйүүчүлөр, жылдын кожоюнун таарынтып албайын десеңиз, ачуу тамактарды дасторконго койгондон алыс болуңуз. Майда кылкандуу эттен качкан ит балык жана башка деңиз азыктарын да жактырбайт. Таттууну да көп сүйө бербейт, бирок дасторкондун кооздугу жана жаш балдардын көңүлү үчүн дасторконго коюуга каршы эмес. Эң негизги эске салчу нерсе! Ит мастарды көргөндө кандай жини келерин көрдүңүз беле, ал өтө күчтүү алкоголь ичимдиктерин жактырбайт.
ДАСТОРКОНДО СӨЗСҮЗ БОЛЧУ АЗЫКТАР
Эт! Эттин өтө майлуу эмес бардык түрү. Сөөктүү эт болсо жыл кожоюнуна ого бетер жагасыз. Эт кошулуп жасалган салаттардын түрүн, сүт азыктарын да коркпой эле менюңузга кошо бериңиз. Ит эттен кийин эле нанды жакшы көрөт, эгер өз колуңуз менен жасалган нан болсо коногуңуздун табитин таптым дей бериңиз. Cары ит жылы болгондуктан жашылча-жемиштердин сары түстөгүсүн тандаңыз: апельсин, мандарин, банан, алмурут, ананас, алма жана башка. Ичимдик, суусундуктардан болсо компот, шире, шампан коюңуз.
ЖАСАЛГАЛОО
Дасторконду толтуруп болгондон кийин столдун жасалгасына бир көз чаптырып коюу ашыкча болбойт. Ит жөнөкөйлүктү жактырат, кымбат, ашыкча жалтыр-жултурларды алып салыңыз. Идиш-аяктын керамика, чопо, жыгачтан болгону жакшы. Идиш-аяк, дасторкон, майлыктар сары, күрөң, кызгылт-сары өңдө болсо иттин маанайы көтөрүлөт.«ЖООГАЗЫН» ЗАКУСКЕСИ
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка – 4 даана
Эритилген сыр – 100 грамм
Сууга бышырылган кызылча – 100 грамм
Туздалган сельдь балыгы – 100 грамм
Кооздоо үчүн көк чөптөр
Даярдоо ыкмасы:
1. Жумурткаларды сууга бышырып алып, кабыгын аарчыйбыз. Эми аларды тигинен тең экиге бөлүп, сарысын өзүнчө бөлүп алабыз.
2. Кызылчаны сүргүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып салабыз.
3. Сельдь балыгынын терисин сыйрып, кылканын тазалап, майда туурап, кызылча экөөнү блендерге салып майдалайбыз.
4. Бул аралашмага майдаланган жумуртканын сарысы менен эритилген сырды кошуп жакшылап аралаштырабыз да, муздаткычка 1 саатка салып коёбуз. Эгер аралашма кургак болуп калса, бир аз майонез кошсоңуз болот.
5. Аралашма менен жумуртканын агынын ичин толтуруп, үстүн жалбыздын жалбырагы менен кооздоп дасторконго койсоңуз болот.
«КҮЧҮК» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Ышталган тоок эти – 300 грамм
Маринаддалган козу карын (же бадыраң) – 150 грамм
Сууга бышкан картошка – 6-7 даана
Сууга бышкан сабиз – 3-4 даана
Сууга бышкан жумуртка – 3-4 даана
Сыр – 100 грамм
Майонез – 150 грамм
Кооздоо үчүн: ашкөк, зайтун даны
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Ышталган тоок этин, козу карынды майдалап туурайбыз. Картошка, сабиз, жумуртканы (сарысын өзүнчө, агын өзүнчө сүргүчтөн өткөрөбүз) аарчып, сүргүчтөн өткөрөбүз.
2. Тарелкага биринчи картошканы күчүктүн башынын формасына келтирип тегиз жайып чыгабыз. Үстүнө майонез шыбап, ага тооктун этин, андан соң жумуртканын агын, козу карынды кезеги менен себелейбиз. Ар бир катмардын ортосуна аздан майонез шыбап турууну унутпаңыз.
3. Кийинки кезек сырда. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, тегиз себелейбиз. Сырдын үстүнө сабизди, эң акырында кайрадан картошканы себелеп, калган азыктардын катмарынын баарын картошка менен жаап чыгабыз да, майонезди текши сүйкөйбүз.
4. Күчүктүн кулагын, мурду жагын жумуртканын агынан, жаак бөлүгүн сарысынан себелеп жасап, көз, мурун, тилин каалоого жараша козу карындан, зайтун данынан жасап койсоңуз болот. Кооз, тоюмдуу салат даяр.
«ЖАЗ» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Брокколи – 200 грамм
Болгар калемпири (кызыл, сары) – 2 даана
Помидор – 3 даана
Пияз – 1 баш
Бадыраң – 1 даана
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Зайтун майы – 1 аш кашык
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчаларды тазалап-жууп алабыз.
2. Брокколини ысык сууга 1 мүнөт салып, кайра алып чыгабыз да, суусун сарыктырып, майда бөлүктөргө бөлөбүз.
3. Болгар калемпирин, помидор, бадыраңды туурасы 0,5-1 сантиметр кылып узун-узун, пиязды жарым шакек формасында ичке туурайбыз.
4. Тууралган жашылчалардын баарын бир идишке салып, лимон ширесин, зайтун майын, туз кошуп аралыштырабыз. Үстүн көк чөптөр менен кооздоп дасторконго коёбуз.
«ТОБУРЧАК» САМСАСЫ
Керектелүүчү азыктар:
Тооктун төш эти – 300 грамм
Ак нан (жумшак) – 30 грамм
Сүт – 100 грамм
Сарымсак – 1 тишче
Даяр каттама камыр – 350 грамм
Жумуртка – 1 даана
Кооздук үчүн: ашкөк, анар дандары
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Тооктун этин майда туурап алабыз.
2. Нанды сүткө малып, кайра алып чыгып сарыктырабыз да, тууралган этке кошобуз. Ага туз, мурч, майдаланган сарымсакты кошуп жакшылап аралаштыруу керек.
3. Туурамжыны 8-9 бөлүккө бөлүп, ар бирин жалпак сүйрү формага келтирип алабыз.
4. Бөлмө температурасындагы каттама камырдын ар бирин жайып, анан төрт бурчтуу формада кесип алабыз. Ичине фаршты салып, четтерин чымчып бекитүү керек.
5. Камырдын чымчып бекитилген жагын төмөн каратып, берки бетин кайчы менен фаршка жетпегидей акырын кескилеп тобурчак формасына келтиребиз.
6. Пергамент кагазы төшөлгөн табага салып, ар бир тобурчактын үстүн жумуртканын сарысы менен майлап чыгабыз. 180 градус ысык электр мешинде 20-25 мүнөт бышырып, үстү тегиз кызарганда алып чыгып, ашкөк, анар дандары менен кооздоп дасторконго коёбуз.«АЧЫК МААНАЙ» ТАМАГЫ
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун эти – 1 килограмм
Каймак – 1 аш кашык
Йогурт (табитке жараша) – 1 аш кашык
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Каалоого жараша райкан, петрушка, ашкөк
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Эттин чел кабыгы болсо сыйрып алып салуу керек. Андан соң узуну 5, туурасы 3 сантиметр тик бурчтук формасында туурайбыз.
2. Райкан, петрушка, ашкөктү жууп-тазалап, майда туурап, ага лимон ширесин, туз, мурч кошобуз. Баарын эт менен аралаштырган соң муздаткычка 3-4 саатка коюу керек.
3. Муздаткычтан алып чыгып, эт бөлмө температурасына келгиче күтөбүз. Кийин каймак, йогурт кошуп аралаштырып, электр мешинин табасын майлап ага этти катары менен тизебиз. 180 градуста ысып турган электр мешине салып, 1,5 сааттай бышырабыз. Бышкан соң алып чыгып, көк чөптөр менен фантазияңызга жараша кооздоп коюңуз.
4. Бул тамакты каалагандай гарнирлер: картошка пюреси, күрүч же жеңил салаттардын түрү менен кошо дасторконго тартууласаңыз болот.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg