Ырчы Омардын Казакстанда өткөн «Silk Way Star» («Жибек Жолунун жылдыздары») музыкалык сынагында 1-орунду алганы учурда көпчүлүк мекендештерди сыймыктандырып жаткан кез. Окуяны көз жаздымда калтырбай ырчыны SUPER.KG порталы түз эфирге чакырды. Омарды куттуктап, кубаттап, батасын берип, атүгүл «мени экинчи аял кылып алыңыз» деп суранган күйөрмандары болду. Анда түз эфирдеги кызыктарды сунуштайбыз.
– Омар «Silk Way Star» сынагындагы жеңишиң кут болсун! Бул жеңиш сен үчүн күтүүсүз болдубу?
– Саламатсызбы, жеңишим күтүүсүз болду деп айта албайм. Анткени чогулткан упайлар боюнча алдыңкы орунда келе жаткам. Эгер калыстар тобу сынактын акыркы күнүндө аз упай берсе 2-орунду алмакмын. Негизги таймаш Татарстандан келген ырчы Малика экөөбүздүн ортобузда жүрдү. Экөөбүздүн упайыбыз бирдей эле болчу. Бирок жеңиш мага буюруптур. Сынакта мен баарынан күчтүү болчумун дебейм, анткени чынында татыктуулар көп болчу.
– Сынакта акчалай сыйлык берилдиби?
– Жеңүүчүгө акчалай сыйлык берилет деп жатышкан, бирок берилген жок. Алардын символикалык сыйлыгы 10 миң доллардын тегерегинде болсо керек эле. Негизи ушул долбоорду ишке ашырууга 1 миллион доллар кетиптир. Аягында уюштуруучулар бардык нерсени кыскартып үнөмдөп башташты. Анткени 9 өлкөдөн келген катышуучуларды жатакана, тамак-аш, жол кире акысын камсыздоо да алардын жоопкерчилигинде эле.
– «Супер-Инфо» гезитине жакында берген маегиңизде сынакта финалга жакын негатив көп болуп кетти деп айттыңыз эле?
– Ал сынакта жеке мен эмес, 3 ай бою баарыбыз шоу көрсөттүк. Башка катышуучуларды түшүнүп турам, алар жаңы чыгып келе жаткан ырчы эмес, өз өлкөсүндө популярдуу ырчылар. Баары жеңгиси келет, өз элине уят болгусу келбейт. Мен деле утулуп калсам өзүбүздөн эле «ушул Омарды жибербей эле койбойт белеңер» деп айткан бирөө чыкмак. Колумдан келсе сыйлыгымды бардык катышуучуларга бөлүп бермекмин.
– Омар, айтсаңыз, «Жаңы толкун» сынагындагы жеңишиңиз таттуу болдубу же «Silk Way Star» сынагындагыбы?
– Бул суроо печенье таттуубу же шоколадбы дегендей эле болду окшойт. Мен үчүн экөө тең бирдей таттуу жеңиш. Бирок «Silk Way Star» сынагындагы жеңишим түйшүктүү болду, көп эмгекти талап кылды. «Жаңы толкунда» 18 жашта болуп абдан коркконмун, ал эми Казакстандагы сынакта толкундандым. Балким, сынактан жеңилсем депрессияга түшүп кетмекмин.
– Жеңебиз жеңишиңиз менен куттуктап эмне белек берди?
– Сынактан жеңгенимди ноябрь айында эле билгенбиз. Анда Диана экөөбүз кыз-жигит болчубуз, чогулткан акчасына мага бир сыйра кийим алып берген.
– Омар, байке мага сиздин келбетиңиз, мүнөзүңүз жагат. Мени экинчи аял кылып алыңызчы, Чубак ажыдан эмнеңиз кем?
– Куранда бир аял алуу жакшы деп жазылган. Мен эки аялдын ортосунда адилеттүү боло албайм деп ойлойм. Бирок сая түшүп Жараткандын сөзүнө каршымын деп айта албайм. Анткени буга шариятта уруксат берилген. Чубак ажы мен сыйлаган устаздардын бири. Учурда анын айланасында жүрүп жаткан интригалар атайын жасалган иш деп ойлойм. Биздин никебизди Чубак ажы кыйып берген. Менде тандоо бар. Менин тандоом – бир аял.
– Омар сен динге катуу берилип кеттиң. Бул адамдын өз эрки дечи, бирок чыгармачылык чектөөнү сүйбөйт да?
– Мен мурунтан эле чектен ашып, туура эмес жоруктарды жасаган ырчыларды жактыра бербейм. Чыгармачылыкта динге туура келбеген нерселер бар, бирок ошол эле учурда бир келген жашоону каалаганыңдай жашап өт деген нерсе бар.
– Чектен ашкан күйөрман кыздарыңыздын жоруктарынан айтып бериңизчи?
– Диана экөөбүз жаңыдан таанышып сүйлөшүп баштаганда кыздар жаныма келип сүрөткө түшкөндө анын реакциясын байкаган кызык болчу. Диана ал нерсени түшүнүү менен эле кабыл алат, бирок баары бир аял кишиге ал нерсе жакпайт экен. Анан мен өзүмдү Диананын ордуна коюп ал ырчы болуп, баары менен эле кучакташып сүрөткө түшүп жатса мен кандай абалда болот элем дедим. Мен андай көрүнүштү элестете да албайт экенмин. Ушунчалык кызганчаак окшойм. Негизи күйөрман менен ырчынын ортосундагы чекти ырчы чийип коюшу керек. Мен өзүмө ал чекти сызып койгом, андыктан күйөрман кыздарым деле андай акылга сыйбас жоруктарды жасашпайт.
– Жубайыңыз кандай тамактарды жасап берип кубантып жатат?
-Жубайым биз үйлөнөргө жакын эки ай тамак жасоочу курстарга барып окуган. Учурда күндө түрлөп тамак жасап жатат. Кээде интернеттен карап, үйдө жебеген тамактарды жасап бизди сүйүнтүп коёт. Жумасына меню түзүп аны муздаткычка чаптап алат.
– Омар байке, атам төө буурчак менен бизнес кылат, биз сунуштасак төө буурчакты жарнамалап видеороликке тартылат белеңиз?
– Адамдар кызык эле. Мен ушул окуяны канчалык унутканга аракет кылган сайын унуткарбай эстетип турган «жакшы» адамдар бар (күлүп). Эгер мыскылдоо иретинде айтып жаткан болсоңуз, бул туура эмес. Мындай окуяга баарыбыз эле туш келип калышыбыз мүмкүн. Видеороликке башымдан өткөн окуяларды элдин эсине салып, андан бетер өзүмдү мыскылдоо үчүн да тартылбайт болчумун. Ал эми атаңыз чоң ишкер болуп "кайрымдуулук жасайм, жетим балдарга үй курам, көмүр алып берем" десе сөзсүз тартылып бермекмин.
– Кайрат Нуртас менен Нюша дуэт аткарышты, биздин ырчылар деле белгилүү ырчылар менен дуэт ырдаса болбойбу?
– Менимче, бул жерде бекер ырдоо болгон жок, келишим менен ырдашты окшойт. Мүмкүнчүлүк болсо мен деле «Backstreet Boys» тобу менен ырдамакмын. Бизде рынок кичинекей болуп жатпайбы. Ал эми дүйнөлүк атактуу жылдыздарды бизге кызыктырыш үчүн угармандар көп болушу керек. Ошондуктан келгиле, кыргыздар, көбөйөлү, балким, биздин балдарыбыз дүйнөлүк атактуулар менен ырдап калар.
– Айкын сизди эмнеге колдобой койду? Сынактын аягында катышуучулардын жарымы сиз тарапка, жарымы Малика тарапка бөлүнүп кеткендей болду...
– Негизи бардык эле жарышта маарага жакын калганда атын болушунча чаап камчылашат эмеспи. Бизде деле ошондой болду. Чынында эле финалда абал курчуп кетти. Канчалык күлүп-жайнап жүрбөйлү, ичибизден бири-бирибиз менен тирешип жаттык. Бул нерсе нормалдуу эле көрүнүш деп эсептейм. Бирок Айкын экөөбүздүн ортобузда тирешүү болгон жок, ал башка позицияда келе жаткан. Сынак бүткөндөн кийин баарына Кыргызстандан алып барган белектеримди бердим. Тажикстандан барган Сафармухаммад деген жигит ошол сынакта аткарган автордук ырын мага белекке берди. Анын сөзүн жаздырып койдум, аранжировкасы даяр. Учурда тамагым ооруп сыркоолоп жатам. Айыксам эле барып үнүмдү жаздырам деп турам.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg