Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева милиция кызматкерлеринин кайдыгер мамилесине туш болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ырчы: «16-декабрь күнү кечинде унаамды токтотуп, курбумдун үйүнө кирип кеткем. Ошол маалда унаамдын терезесин, эшигин талкалап жаңы кече көйнөктөрүмдү уурдап кетишиптир. Видеокөзөмөлдөөчү камера унаама кирген ууруларды тартып калыптыр. Милицияны чакырып, 2 сааттай келбегенинен терезелери сынган унаамды айдап барып, алардын кайдыгер мамилесине туш болдум. Милициянын айтымында, бул майда иш экен. Бирок бардык нерсе майдадан башталат. Коомчулук, укук коргоочулар бул көрүнүшкө көз жумса мындай кылмыштар көбөйөт, чоң кылмыштар жасалат. Интернет баракчама бул тууралуу жазып чыккандан кийин гана укук коргоочулар арызымды карай башташты»,- дейт.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Дилшат Кангелдиеванын жазган арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Уурулардан режиссёр Эрнест Абдыжапаров да жабыр тартты. Окуя тууралуу ал: «Уурулар 13-декабрда борбордогу үйүбүзгө күндүз киришиптир. Уулум Санжар жумуштан барса эшиктер ачылып, үйдүн ичи чачылып калыптыр. Алар үйдөгү акчаны, менин эмгектерим сакталган ноутбугумду уурдап кетишиптир. Уулум «тасма тартат элем, сценарий жазып бериңиз» дегенинен жаңы киносценарийди жыйынтыктап калгам. Ошону да уурдап кетишип жатпайбы. Эмгектеримди уурдап кеткенине ичим ачышып жатат»,- деп билдирди.
Ошондой эле ал окуяга байланыштуу милиция кызматкерлерине кайрылганын, иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.