БОЛЛИВУД ӨЛКӨБҮЗДӨ ТАСМА ТАРТТЫ

17-декабрь күнү Болливуд жылдызы, актёр Санджай Датт Твиттерге «жаңы күн, жаңы тасма» деген билдирүү калтырып, Бишкекте башталган тартуу аянтындагы сүрөттөрүн жүктөдү. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында индиялык режиссёр Гириш Малик жаңы боевик тасмасын тартып баштады. Анда Болливуд жылдызы, модель Наргис Факхри менен актёр Санджай Датт башкы ролду жаратышууда. Сюжетке ылайык, Ооганстанда (тасмада Кыргыз өлкөсү Ооганстан болуп чагылдырылат) кичинекей балдарды террорист-жанкечтиликке даярдачу жай бар. Наргис Факхри офицер Санджай Даттын сүйүктүүсү жана бей өкмөт уюмдун кызматкеринин ролун жаратып, жанкечти балдарга кам көрүп, согуштан кийин Ооганстанды калыбына келтирүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек, индиялык модель, актриса Наргис Факхри 2011-жылы «Рок-жылдыз» тасмасына алгачкы жолу тартылып, мыкты дебюту үчүн бир нече сыйлыкка татыган. Ал эми Санджай Датт «Рокки» тасмасы аркылуу белгилүү болгон.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Siren90
2017-12-26 14:00:04
Кыргызстан олкосу Ооганстан болуп чагылдырылат дегени жакпады, Кыргызстан менен Ооганстанды салыштырып болбойт, олкобуздун он жактарын даназалап жайылтат деген ой болчу менде, корсо иш башка турбайбы...
+2
Aitun
2017-12-26 15:19:44
Ээ олсун менда ошентип ойлогом ооганстанга барып тарта бербейби. Оздору деле ооганстанда не хужего оздорундо эле тартбайбы. Биздин элди жерди даназалайт экен десе кайдагы ооганстанды айтбай
+2
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан