Руслан Абылов, ырчы: «ИШИМДИН ӨТӨСҮНӨ ЧЫКПАСАМ ӨЗҮМДҮ ЖЕМЕЛЕЙ БЕРЕМ»

– Руслан, келе жаткан майрамың менен. Маекти чыгармачылыкка таштаган кадамыңдан баштасак...
– Рахмат. Университетте окуп жүргөндө эле кафеде ырдап жүрчүмүн. Жогорку билим алгандан кийин комуздан, вокалдан сабак алып, анан чоң сахнага аттангам. 2012-жылы рэпер Добр менен чогуу гастролго чыгып баштадым. Тынчтыкбек Кожотегин байкебиз ыр жаздырууга жардамдашкан.

– 5 жылдан бери шоу чөйрөсүнө аралашып жүрүпсүң. Сахна жылдызына айлануу оңой иш болбосо керек?
– Эл оозуна алынбай келгенимдин себеби буга чейин бир жылда бир ыр жаздырып же клип тарттырып коюп жүрө берчүмүн. Быйыл жакшы аракет кылып 3 клип, 4 ыр жаздырдым. Анын үстүнө баштаган ишимдин өтөсүнө чыкпасам, эмнеге таштап койдум деп өзүмдү жемелей берем. Буюрса, ушул ыргакта иштеп баштайм.

– Тойлорго чакырганда кайсы чыгармаларыңды суранышат?
– Башында тойлорго аптанын дем алыш күндөрүндө эле чыксам, азыр бир жумада 4-5 жолу барып калдым. Чыгармаларымдан «Башка жанга чалба», «Дария», «Кыргызымдын кыздары» деген ырларымды суранышат.

– Кайсы жердин кулунусуң, кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуң?
– 1988-жылы, Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылында төрөлгөм. Атам айдоочу, апам мугалим болуп эмгектенишкен. 5 бир туугандын эң кенжесимин. 3 эжем жана 1 агам бар, баары үй-бүлөлүү. Апам аябай таланттуу аял, мендеги жөндөм, ырга болгон шык апамдан өткөн.

– Чыгармачылык ийгилик!


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
eldar96
2017-12-26 10:08:06
Дагы кимиси болуп кетти. Эмне дейбиз эми, ийгилик.
+4
bond02
2017-12-26 10:49:34
Кыргызстанда ырчылар кобойгондон коро ишканалар кобойсо жакшы болот эле.
+5
Nevestkaa
2017-12-26 10:58:23
Жаңы чыгып келе жаткан баланын шагын сындырбай ийгилик каалап койгулачы жөн эле.Күмөндөр Абыловтун баласы эмеспи?
+9
Nanei
2017-12-26 12:42:24
Nevestkaa,атам айддоочу деп жатат ко. Толук окубайсынарбы макаланы
+8
Nevestkaa
2017-12-26 15:05:20
Nanei,толук эле окудум майда детальдарына көңүл бурбапмын,баардык адамдар эле сендей эстүү эмес да.
+5
saruu
2017-12-26 13:04:21
Чыгармачылык ийгилик! Мага Дария Кыргызымдын кыздары Чалба деген ырлары жагатта Концерт берсениз жакшы болмок кутобуз
+3
girls
2017-12-26 16:20:04
Молодец Руслан менин билишимче 4-5 жылдан бери эмгектенип келе жатат,аз бирок жакшы ырларды чыгарат башка ырчылардай болуп чыга калып эле 10 ыр эптеп жазып алып концерт бербей туура кыласын ишине ийгилик.
+3
Ne.vajno
2017-12-28 00:48:03
Ийгилик
0
gulzat85
2017-12-30 11:42:31
Мен да тааныбайт экенмин
+1
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан