Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

МИГРАНТТЫН ТИЛЕГЕНИ ЭМНЕ?

№790 22-28-декабрь



Учурда чет өлкөлөрдө Кыргыздын 1 миллиондой жараны жашап, иштеп жүрөт. Алар жыл сайын өлкөгө 2 миллиард АКШ доллардан ашуун акча которуп, өздөрүнүн үй-бүлөсүн эле эмес, өлкөнү да багуучуга айланышты. Миграция кызматынын маалыматына таянсак, 2017-жылдын 9 айында эле мигранттар Кыргыз жерине 1 миллиард 840 миллион доллар которушкан. Бул өткөн жылдын 9 айындагы суммага салыштырганда 25 пайызга көп. 18-декабрда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Эл аралык мигранттар күнүнө карата кайрылуу жасап, жаңы иш орундарын түзүп, алдыдагы жылдары мигранттарды мекенине кайтарууга аракет жасаларын убада кылды. Биз мындай аракеттердин ишке ашуусун күн санап күткөн, чет өлкөдө иштеп жаткан мекендештерибиз эмнени кыялданарын сурап көрдүк.

ДАВЛЕТ ЖАНТАЕВ, 22 ЖАШТА, ТҮРКИЯ:
– Түркияда иштейм. Бул жакка жаш кыздар, эжелер көп келишет. Кыздар оңой акчага алданып сойкулук кылгандар, стриптиз бийлеп акча тапкандары бар. Кыргыздын кыздарын ушул даражага алып келген өлкөдөгү абалдын оңолуусун тилек кылам. Эжелердин дээрлик көбү ажырашкандар. Кыргызда үй-бүлө баалуулугу илгеркидей сакталып, өлкөнүн руханий жана социалдык абалынын жакшырышын тилейм. Телефон чалса жооп бербей, барсак да жакшы кабыл албаган элчиликтин кайдыгерлиги жоюлса экен дейм. Президент болгум келет. Жок дегенде премьер-министр же депутат болуп мекендештерибиз чет жакта жүрүп кыйналбашы үчүн Кыргызстанда элге жакшы шарттарды түзүп бергим келет.



ТЫНЧТЫК КАЗЫБЕК УУЛУ, 27 ЖАШТА, ОРУСИЯ:
– 3-курста окуп жатканда Кыргызстандагы айлык менен үй куруп, үй-бүлө бага албасымды түшүнүп, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Москвага келдим. Дипломум болсо университеттин архивинде чаң болуп жатса керек. Элчиликтин пассивдүү иштегениненби, айтор, ал жакка жардам сурап кайрылгандар аз, бирок мигранттарда көйгөй көп. Мисалы, каза болгон адамдын сөөгүн мекенге узатуу үчүн керектелген каражатты ал адамдын тааныш-тууганы, жердештери көтөрүшөт. Бул биз үчүн оор. Өлкө бийлигинин мигранттардын көйгөйлөрүнө көңүл буруусун тилек кылабыз.


ГҮЛЖАН САГЫНБЕКОВА, 52 ЖАШТА, ИТАЛИЯ:
– 8 жылдан бери Италияда кемпир карап иштейм. Кыргызстанда мугалим болуп 20 жылга жакын 3000-4000 сом айлыкка иштедим. Балдарымдын келечегин куруу үчүн башка өлкөгө кетүүгө мажбур болдум. Байлык топтоп жатканыбыз менен, эч бир өлкө Кыргызстанга жетпейт. Мекенимде балдарым, неберелеримдин жанында болгум келет. Өз үйүмдө жашап, кесибим менен иштегим келет. Неберелеримди жетелеп сейил бакта сейилдөөнү кыялданам. Биздин өлкөдө балдар базарда иштеп жан багуунун аргасын кылбай, бактылуу балалыкта жашап, татыктуу билим алышса, билим берүү системи реформаланса деп тилек кылам. Мигранттар которгон акчаны эске алып, бизге жакшы пенсия чыгарып беришсе деп кыялданам.


РЫСБЕК АБДРАЗАКОВ, 41 ЖАШТА, ОРУСИЯ:
– Орусияда иштейм. Кыргызстанга барган сайын ошол жакта калгым келет, бирок иш жок же айлык аз. Кыргызстанда бардык жумуш акча менен чечилип калган. Ушундай системден арылышыбызды каалайм. Айрымдар «ата-энемдин пенсиясы жетпей калыптыр» деп электр энергиясынын төлөмүн да бул жактан жөнөтүшөт. Тилегибиз – чоңдорубуз чөнтөктөрүнө азыраак салып, өлкөнүн өнүгүшүнө аракет кылышы, жаштар өлкөдөн качпай, карылар жылуу үйдө келининин колунан чай ичип, неберелерин эркелетип жашоосу.


ЖЕҢИШ НАЗАРБАЕВ, 42 ЖАШТА, ОРУСИЯ:
– Үй-бүлөм менен Казань шаарында жашайм. Чет өлкөдө иштегендердин тилеги – Кыргызстаныбыздын экономикасы көтөрүлүп, жумуш орундарынын көбөйүшү. Өлкөдө жакшы айлык менен жумуш табуу көйгөй болбогондо башка жерде бир күн да турмак эмеспиз. Бул жакта жашоом жакшы. Бир гана кемчилик – мекенибизди сагынабыз. Балдарым да Кыргызстанга барганда кайра келгиси келбейт. Туулган жериме кайтып, чакан ишкана ачып, аз да болсо жумуш орундарын түзөм деген максатым бар. Кыргыз бийлиги биринчи ирет иш баштагандарга салыктан жеңилдиктерди берип, тоскоол болбой, аз пайыздагы насыя берип жардам кылса дейм.


ЭРИК ЖУМАБАЕВ, 24 ЖАШТА, ТҮШТҮК КОРЕЯ:
– 2 жылдан бери Түштүк Кореядамын. Корейлердин сабырдуулук жана маданияттуулугу өлкөнүн өнүгүү жолуна түшүүсүнө себепкер болгону чындык. "Өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатат же туура эмес бийлик жүргүзүп жатат" деп бийлик төбөлдөрүн күнөөлөйбүз. Бирок мамлекеттин өнүгүүсүнө өлкөдө жашап жаткан ар бир жарандын жеке маданияты, дүйнө таанымы себепчи болорун байкадым. Элибиздин дүйнө таанымы жогорулап, маданий жана руханий жактан өнүгүү болсо деп тилейм. Чет жердегилер акча топтоо менен гана алек болбостон, ошол мамлекеттен үйрөнгөнүн өлкөбүздө да колдоно билип, келечек муунга үлгүлүү, өнүккөн, күчтүү, бирдиктүү мамлекетти тартууласак деген чоң тилегим бар.


НАЗИРА ӨМҮРБЕКОВА, 38 ЖАШТА, ОРУСИЯ:
– 10 жылдан бери Москвада сатуучу болуп иштеп эки баламды окутуп жатам. Балдарым мендей болуп эки жакка тентибей, өз өлкөсүнө кызмат кылышса экен. Кыргызстан жаш үй-бүлөлөргө, жаш ишкерлерге көмөк көрсөтсө, өлкөдө туруктуулук болуп, мыйзамдар иштесе дейм. 7 бир тууганымдын төртөө Орусиядабыз. Апам азыр деле Кыргызстанда биздин балдарыбызды карайт. Бийликтен көйгөйлөрдүн чечилишин, эмгек мигранттарынын санын азайтууга аракет кылышын күтөм.


БАТЫРБЕК МАТЕШОВ, 42 ЖАШТА, КАЗАКСТАН:
– 2000-жылы Казакстанга жумуш издеп келгем. Учурда үй-бүлөм Кыргызстанда. Тынчтык болуп, өлкөбүз алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктаса, өз өлкөмдө үй-бүлөмдүн жанында оокат кылсам деп тилек кылам. Элден артта калбай жашагым келет. Ал үчүн Кыргызстандагы орточо айлык 20 миң сомдой болсо жакшы болмок.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
26.12.2017. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-10-2017
Соӊку аракети:
21-04-2018 13:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен дагы Красноярскийде тогуз жылдан бери иштейим Майда барып Ноябрга чейин журуп келдим Кыргызстанда мойнунан байлаган итке окшоп зорго келдим кайра айла жок иштеш керек.
26.12.2017. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 04:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен москвада 5 жыл болду иштегениме кыргызстандын 10 000 айлыгы неге жетет? Ак үйдөгүлөр биз салган акчаны эсептеп жеп тешип чыкса экен
26.12.2017. 11:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 04:39
Жынысы:
Белгисиз
0
5 жыл москвада иштеп жүрөм
26.12.2017. 19:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
25-01-2013
Соӊку аракети:
17-11-2018 03:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ардактуу айылым
+3
2012жылдан бери иштеп жүрөм,балдарымдын балалыгын,кантип чоңойгондорун эстей албайм.Ушул иштер өзүбүздө болсо, балдарым мн жылуу үйдө, өз жеримде жүрбөйт белем деп калам.Бирок, ушунусуна да шүгүр кылам кееде,эл негизгиси балдарым ата энем тынч болушса экен деп тиленем.Качандыр бир күн сөзсүз буюрса үйгө биротоло кайтаарбыз)
26.12.2017. 19:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
03-11-2012
Соӊку аракети:
03-07-2018 12:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Кроснадарга келгениме 6 ай болсо да меекенимди сагындым
27.12.2017. 03:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
23-08-2017
Соӊку аракети:
20-10-2018 00:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+1
жакшы тилектер орундалсын, мен дагы 8 жылдан бери Москва шаарында уй-булоом менен турам менин тилегим олкобуз онугуп осуп жакшы олколордун катарына кирсе экен жок дегенде менин неберелерим жылуу уйдо отурса жакшы болмок албетте балдарым бул жакта болгону учун кыргызстанды абдан сагынышат
27.12.2017. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
11-11-2018 11:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлап алдым
31.12.2017. 16:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-11-2016
Соӊку аракети:
25-04-2018 12:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен уй-булоом менен 2 жылдан бери Салехарддамын. Биякта баланы акча сурабастан арыз жазгандан кийин эле 1жуманын ичинде бала бакчага алат экен. Кызым бияктан торолду. Медицинасы аябай жакшы, 3айына чейин кун сайын келип карап турушат экен. Кыргызстанда да ушундай болсо деп тилек кылам. Антпесе озубуздун мекенде журуп балдарыбызды гос.садикке киргизе албайбыз. Сагынсак да суугуна чыдап иштеп журобуз. Кыргызстанда айлык жок дегенде 20мин болгондо жакшы болмок.
01.01.2018. 02:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:49
Жынысы:
Белгисиз
-3
Россияга келгениме 9 жыл болду. Ушул жакта турмушка чыгып, жакында кудай буйруса балалуу болобуз. Ушул аралыкта 2 де 3 жолу эле бардым. Акыркы жолу барганымда озбек-кыргыз согушуна тушуп калып аз жерден тируу калдым. Ошондон бери коркуп барбайм. Может качандыр бир кун унутулуп калса барармын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: