КАЛЫБЕК ТУРДУБАЕВДИН ЖУБАЙЫ УРМАТЖАН:«КАЛЫБЕККЕ КАЙДАН ДА ТИЙДИМ ДЕП ЫЙЛАЧУМУН»

Тагдыр Калыбек менен Урматжанды интернет аркылуу табыштырган. «Биз 5 жыл сүйлөшкөнүбүз менен, бир айда бир жолугуп турчубуз. Балким, ошол нерсе мамилебизди үй-бүлө курууга жеткиргендир»,- деген Калыбек жубайы экөө сүйүү баянынан кеп салып отурушту. Кол кармашып, улам бири-бирин күлө караган жаш жубайлар быйыл уулдуу болушкан.


ТААНЫШУУ, ТАБЫШУУ...
Калыбек:
– Мындан 6 жыл мурун жубайым экөөбүз таанышканбыз. Ал кезде мен ОшТУда окуп, факультеттер арасында өткөрүлгөн КВНдерге жаңыдан чыгып баштагам. Агент анда мода эмес беле, ошол жактан бир кыз достук жөнөттү. Бирөө кызыгып жөнөтүп койсо керек деп, маани бербей кошуп койгом. Бир жумача онлайн болуп жүрдү. Анан бир күнү «сен кимсиң?» деп жаздым. Сураша келсек айылдаш (Ала-Бука районунун Көк-Серек айылы) болот экенбиз.

Урматжан:
– Мен атайын жөнөткөн эмесмин, адашып кетип калса керек. Калыбек айылдашым экенин таанышкандан кийин билдим.

К.: – Биринчи жолугушканда деле «бизде ушундай кыз бар беле?» деп кызыгып баргам. Сүйлөшүп калам, үйлөнөм деген ой жок болчу. Балдардан сураштырсам «жакшы кыз» дешти. Жактырып калдым да, ошол боюнча эч жакка коё берген жокмун (күлүп).

У.:– Мен коңшу айылдан окуп, жолдошум окууну бүтүп кеткенде өзүбүздүн айылга келген элем. Мага балдар менен жолугушкан кызык болуп, биринчи жолу ошондо жигит менен жолугушууга чыккам. Чыксам эле чоң бала турат (күлүп). Ошол күнү телефонум Калыбекте калып кетиптир. Эртеси телефондун шылтоосу менен кайра көрүштүк. Жөнөкөйлүгү, тамашакөйлүгү жакты.

К.:– Урматжан менен 2-3 жолу жолугушканда эле үйлөнөм деген чечимге келгем. Өзүнө да «качан өзүмдү багып кете турган болгондо үйлөнөбүз, ага чейин кыз-жигит болуп сүйлөшүп туралы» деп айткам. Сүйлөшкөнүбүзгө 5 жыл болуп, тиричилик кылып кеткенге жараганда баш кошуу чечимине келдик.

СҮЙҮҮ, ТААРЫНЫЧ...
К.:
– 1 жумадан ашык сүйлөшүп калганда бат-баттан жолугуша баштадык. Үйүндөгүлөр байкап калышканбы, мурункудай чыгарбай калышты. Урматжан болсо үйүнүн арткы терезесинен ашып түшүп жолугушуп жатпайбы мага. Кайненем көрүп калганда мен акырын «жылып» кеткем.

У.:– Апам айылдагы отуруш-кечелердин бирине кеткен болчу. Сиңдиме «апама айтпа» деп дайындап чыккам. Отуруштан кайтып келатып жеңем, апамдар менин чуркап киргенимди көрүп калышыптыр. Сиңдиме окуяны айтып берип карасам эле, апам чыбыкты көтөрүп турат го (күлүп). «Кимдин баласы менен сүйлөшүп жатасың?» деп урушкан. «Экинчи кайталанбайт, кечирип коюңуз» деп аябай ыйлагам. Ошондон кийин апам мени жанына жаткырып, телефонумду башына алып койчу болду. Апам уктаганда акырын алып түн бир оокумга чейин СМС жазышчубуз (күлүп). Ошентип 2-3 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Кийин апам өзү деле мамилебиздин олуттуу экенин байкады окшойт, «башка балдар менен сүйлөшпө, Калыбек менен гана сүйлөшкүн» деп кайтарып калды.

К.:– Сүйлөшүп жүрүп көп деле катуу урушкан жокпуз, бир жолу болсо керек, ээ?

У.:– Ооба, «болду сүйлөшпөйбүз» деп бир жолу катуу таарыныша кеттик. Мен Бишкекте, ал Ошто жашачу. Ал кезде бир айда бир жолу Калыбек «Тамашоуго» келгенде жолугуп турат элек. 10-15 күнгө жетпей эле кайра өзү жазган (күлүп).

К.:– Ошо, биздин таарынычыбыз көпкө созулбайт. Таарынышсак деле мен эч нерсе болбогондой сүйлөп жүрө берем. Жубайым мага Кудайдын берген белеги болуп жатса, болбогон нерсеге таарынып анын да, өзүмдүн да жүрөгүмдү оорутуп жүрөйүнбү? Урматжан жакпаган нерсе болсо сүйлөнүп, көзүн жашылдантып эле кала берет. Көбүнчө андай учурда меники туура болот же менин оюмча ушундайбы, билбейм. Мисалы, «маекке саат 12ге кел» десем, көрдүңүз да, кечикти (күлүп). Бирок келинчегимди урушуштун кереги жок, себеби өзүм алып келишим керек эле да.

ҮЙ-БҮЛӨ, ЖООПКЕРЧИЛИК...
У.:
– Баш кошсок жашоо оңой эле болуш керек деп ойлогом. Көрсө, андай эмес экен. Сүйлөшүп баш кошсок да турмушту алып кетиш кыйынга турду. Жолдошум кечинде жумушка кетет, таңга маал келет, өзүм жалгыз калам. Жашоо ушундай турбайбы, «Калыбекке кайдан да тийдим?» деп ыйлачумун. Балалуу болгондон кийин ал адатым калды, мурункудай ыйлабай калдым (күлүп).

К.:– Чын, жаңы үйлөнгөндө тойго кетсем ыйлап, таарынып жүрөктү сыгып жиберчү. Ишке баргандай деле болчу эмесмин.

ИШЕНИМ, МАМИЛЕ...
У.:
– Жолдошум тойдо көп жүрөт. Айланасында бойдок кыздар да көп. Ошондуктан мен да алардан кем калбай өзүмдү татыктуу алып жүргөнгө аракет кылам.

К.:– Бирок мен аларды карабайм (күлүп). Жубайым обу жок такалай бербейт. Мен деле телефонума пароль коюп, жашыргандардан эмесмин. Ал нерсе адамдын өзүнөн. Жаман ою бар эркек кайдан болсо да айласын табат. Биз, Кудайга шүгүр, андайдан алыспыз. Кыз-жигит болгон башка, үйлөнгөндөн кийин башка болот экенсиң. Мисалы, Урматжан көк бет. Мурун анчалык эмес болчу. Качан барып «айланып кетейин» деп көңүлүн алмайынча жазылбайт. Мурун тойго кетсем таарына берчү, эми болсо ишке чыкпай калсам «заказдарың жокпу?» деп суракка алат (күлүп).

Калыбек былтыр "SUPER.KG порталынын кубогуна" ээ болуп, Бали аралына эс алып келген.
"Элдин аялдары "тойго барам көйнөк алып бер" деп 5-7 миң сомду кетирсе, Урматжанга 500 сом жетет. Өзү бычып-тигип алат".
"Ушул кызды жактырдым да, эч жакка коё бербедим".


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
kaisarbek
2017-12-26 22:20:56
Бизди сындатып, суйлотуп эле койсо болду. Кимге кызык булардын суйуу баяны дейсинер кызык болгон учун окуп чыктынар да, жакпаса окубай эле койгула.
0
kaisarbek
2017-12-26 22:21:30
Аман эле болгула
+1
Sadyrbekov1997
2017-12-26 22:43:41
Эң негизгиси бактылуу болгула жакшы маек
0
Janulka
2017-12-27 00:24:37
Бактылуу болунуздар Даняр байкеденда интервью алыныздарчы сураныыыч
+1
babi92
2017-12-27 02:29:08
Тообо жон гана бироонун бактысына кубана албаган да адамдар бар арабызда.Бироо учун кубануу ушунчалык кыйынбы силер учун...?Бактынар туболуктуу болсун,ар дайым ушинтип бири-биринерди мактаганга соз таппай журо бергиле
+1
Asel33
2017-12-27 11:32:26
Оой шумдук, башында бирөө чыкпай эле койсо болмок десе, баары кошулуп кетет. Бул бала биринчи жолу эле чыкты, жакшы нерсе да жакпайт да, анча мынча кишилерге. Бактылуу,көп балалуу болгула. Силердей түгөйлөр көбөйо берсин
-2
Aygul777
2017-12-27 18:44:37
Бактылуу болгула! Тен каарып, уул-кыздарынардын жакшылыгын коргуло!
+1
Shahrizaada
2017-12-27 19:56:52
Красавчик экен
-1
Gulia89
2017-12-28 01:05:25
Бактылуу болгула
0
semirbedim
2017-12-28 01:05:42
Кана эми жолдошун айланып тегеренип эле турса)))
+1
Tash-Myltyk
2017-12-28 23:08:57
Оштуктар кыйын
-2
Batma08
2017-12-29 00:53:41
Коз тийбесин бактылуу болгула тен каарылыкка жеткирсин.
+1
Beksultan060398
2017-12-29 11:17:39
Бактылуу болунуздар
0
AigerimKubatalieva
2017-12-30 09:01:15
Жакшы бактылуу болгула
0
said9595
2018-01-02 08:49:41
Чын жүрөктөн бакыт тилейим бактылуу болгула!
0
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан