АКЧА КОТОРУУДА ЭСКЕ АЛУУЧУ ЖАГДАЙЛАР

Акыркы кездерде тааныштар же достордон акча берип жиберүү көп колдонулбай калды. Анткени андан ыңгайлуу жана жөнөкөй система бар. Акча которуулар системасынын пайда болушу менен адамдар көп убактысын жана күчүн коротуудан оолакташты. Чет өлкөдө окуган, иштеп же саякаттап жүргөн жакын адамдарга акча которуу системасы аркылуу каражат жөнөтүп же тескерисинче акча алып көрбөгөн адам азыр жок болсо керек. Бирок акчаны которуунун дагы күңгөй-тескейи болот. Башкача айтканда, адам кээде өзүнө которулган акчаны алуу үчүн банкка кайрылып, ал акчаны башка киши алып кеткенин билиши мүмкүн же банктык төлөм карттан башка банктын картына акча которууда комиссиянын суммасы ойлогондон алда канча жогору болуп, капчыгыңызга кедергисин тийгизген учурлар кездешет. Көрсөтүлгөн кызматтардын шарттарын көңүл буруп окуган кезде гана мындай учурлардан кыйгач өтүүгө болот. Керектөөчүлөр акча которуу процессинде, кызмат жана товарларга аралыктан төлөм жүргүзүүдө күтүлбөгөн кандай тобокелдиктерге жолугушу ыктымалдыгы жана анын алдын алуу жолдору тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Операторлор жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн башкы адиси Саякпаев Муктар Кылычбекович менен маектештик.

– Саламатсызбы, Муктар Кылычбекович? Заманбап техникалык өнүгүү доору келген учур. Алардын ичинде акча которуулар системасы кандай өзгөрүүдө?
– Саламатчылык. Акча которуу система ичиндеги кабар жөнөтүүдө интернет протоколдор колдонулуп, маалымат технологиялардын өсүшү менен акча которуу системалары да өзүнүн өнүгүүсүндө жаңы доорго киришти. Банк эсептерин, электрондук капчыктарын жана акча которуу системаларын банк жана башка атайын мекемелерден гана эмес аралыктан колдонууга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Эки башка мамлекетте турган колдонуучулар азыркы маалымат технологиялардын жардамы аркылуу бири-бирине акча которууга мүмкүнчүлүктөрү болуп, акчаны ала турган колдонуучуга өзүнүн акча каражаты сакталган эсептерин аралыктан колдонуу аркылуу которулган акча боюнча маалыматты коопсуз каналдар менен интернет сайттар жана программалык тиркемелер аркылуу алууга болот. Бүгүнкү күндө маалымат технологиялары акча которуу системаларынын колдонуусун кардарлар үчүн бир топ жеңилдетти жана аралыктан тиешелүү идентификациялоо эл аралык акча которуу системалары боюнча укуктук талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн түздү.

– Кыргызстанда акча которуулар көптөн бери колдонулуп, барган сайын элге ыңгайлуу шарттарды тартуулап келет. Айтсаңыз, бизде акча которуунун кандай системалары иштеп жатат?
– Бүгүнкү күнгө карата республикабызда жалпысынан 35 акча которуулар системаларынын операторлору катталган. Алардын ичинде: 19 локалдык (филиал аралык) акча которуу системасынын операторлору, 16 эл аралык акча которуу системасынын операторлору иш алып барат.
Акча которуу системаларынын операторлорунун реестри Улуттук банктын расмий интернет сайтында жайгаштырылган. Аларды http://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=2665&lang=KGZ шилтемесинен таба аласыздар.

– Акча которуулар системасы кандай принциптерге таянып иш жүргүзөт?
– Акча которуулар системасы жалпы эл аралык акча которуулардын принциптерине ылайык төмөнкү багытта иш алып барат:

  • кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;
  • керектөөчүлөрдүн укугунун шайкеш корголушун камсыздоо;
  • төлөм системаларынын инфраструктурасын өркүндөтүүнү колдоого алууга жана ага түрткү берүү;
  • терроризмди каржылоого жана мыйзамсыз иштелип табылган акчаны "адалдоого" жол бербөөгө багытталуу менен "өз кардарыңды бил" талаптарынын аткарылышын көздөө;
  • рыноктук атаандаштык үчүн шарттарды түзүүнү колдоого алуусу, анын ичинде акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу жагында төлөм системасынын жергиликтүү инфраструктураны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
  • системанын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында тобокелдиктерди, анын ичинде финансылык, операциялык жана терс пикирлерден келип чыккан жоготуулар тобокелдиктерин тескөөнүн тиешелүү механизмдерин камсыз кылуу.


– Акча которуу же кабыл алуу үчүн кардардын колунда кандай документ болушу шарт?
– Кыргыз Республикасынын аймагында акча жөнөтүү же кабыл алуу үчүн өзүнүн ким экендигин далилдеген документ талап кылынат – бул паспорт. Акча которууну кабыл алуу үчүн акчаны жөнөтүүчүнүн аты-жөнүн, которулган суммасын, жөнөтүлгөн өлкөнү билиши керек.

Маанилүү эскертүү: Ар кайсы өлкөлөрдө өз мыйзамдарына ылайык акча которууну алуу үчүн которулган акча боюнча минималдуу маалыматты билүү жетиштүү. Мисалы, акча каражатын алууга төмөнкү маалыматтын бирин билүү жетиштүү:

  • которуунун коду
  • жөнөтүүчүнүн аты-жөнү же алуучунун аты-жөнү
  • которулган акчанын суммасы


Жогоруда айтылганга байланыштуу алдамчылардын тузагына түшүп калбоо үчүн үчүнчү жактарга акча которуу боюнча эч кандай маалымат бербөө керек. Акча которуу жөнүндөгү маалыматты жөнөтүүчү жана алуучу гана билиши шарт.

– Буга чейин акча которуп көрө электер үчүн маалымат катары айта кетсеңиз, көбүнчө акчаны которууда кандай катачылыктар кетет?
– Мындай көйгөй көбүнчө интернет мейкиндигинде орун алат. Интернеттеги коммерциялык жагымдуу сунуштарга кызыгып, ар кандай буюмдарды жана кызматтарды сатып алууну каалагандар четтен чыгат. Мисалы, алдамчылар интернетте пайдалуу баада унаа, жумуш, окуу жана башка сунуш же жарыяларды бериши мүмкүн. Экинчи тарап сатып алуучуга каражаты бар экендигин далилдөөсү үчүн жакын адамынын атына акча которуу системалар аркылуу каражат которууну сунушташат, бул которууну андан башка эч ким ала албайт деп ишендиришет.
Бирок бул жаңылыштык!!! Кээ бир өлкөлөрдүн мыйзамдарына ылайык, которулган акчаны жөнөтүүчү адамдын аты-жөнүн жана суммасын айтып башка бирөөлөр деле алууга болот. Акча которуу системалары аркылуу акча которуп жатканда алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди эске алып жүрүшү керек:

  • Көрбөгөн жана билбеген адамдарга эч качан акча которбоо
  • Ар кандай жагымдуу сунуштардан жана кызматтардан сак болуу
  • Интернеттеги сатып алуучу буюмдар жана кызматтар үчүн акча которуу системалары аркылуу төлөөдөн баш тартуу
  • Чет өлкөдөн лотерея утуп алдыңар, бирок аны алуу үчүн салык жана башка төлөмдөрдү төлөө керек дегендерге акча которбоо


Акча которуу системалардын дагы бир өзгөчөлүгү – бул анын ылдамдыгы. Салттуу банктык эсеп аркылуу которууга салыштырмалуу дээрлик тез болот. Которулган акчаны токтотуу мүмкүн эмес, эгер которулган акча берилген болсо, анда оператор да, жөнөтүүчү банк да эч нерсе кыла албайт. Бул учурда акча жөнөтүүчү укук коргоо органдары аркылуу акчасын кайтарып алууга аракет кылышы керек.
Алдамчылар акча которуу системаларынын өзгөчөлүктөрүн абдан жакшы билишет, ошондуктан ар кандай жолдор менен ишенчээк жарандарга жок буюмдар жана кызматтар үчүн эле акча которууну сунушташат. Интернетте акча которуулар системалары аркылуу алдамчылыктар боюнча көп сандаган окуялар тууралуу талкуулоо таба аласыз. Улуттук банкка дагы мындай маанидеги арыз көп түшүп жатат.

– Алдамчылардын тузагына кабылбаш үчүн эмнелерди билүү керек?
– Төмөндө алдамчылардын эң белгилүү схемаларын келтирели:

  • Интернетте өтө арзан баада кыймылдуу, кыймылсыз буюмдар жана башка кызматтар жөнүндө көптөгөн кулактандырууларды жайгаштырып, акчасын акча которуу системалары аркылуу гана жөнөтүшүн сунуш кылышат же сатып алуучунун төлөө мүмкүнчүлүгүн тастыктоо үчүн сураган акчаны акча системалары аркылуу которуп жана которулган боюнча ырасталган көчүрмөсүн жөнөтүүнү сунуш кылышат;
  • Сиз лотерея утуп алдыңыз, бирок аны алыш үчүн алгач салык же жеткирүү кызматынын төлөмдөрүн төлөш керек деген сунуштарды айтышат;
  • Телефон чалып силердин жакынкы адамыңар жагымсыз жагдайга түшүп калды, (тоноп, ар кандай кырсыктарга, ооруканага, милицияга түшүп калды) ошондуктан тез арада акча керек дешет;
  • Чет өлкөдө жумушка же окууга киргизебиз деген шылтоо менен, бирок иш кагаздарын толтуруу жана уруксат үчүн акча эртерээк жөнөтүүнү талап кылышат ж.б.


ЭСКЕ САЛГЫЛА!!!
Акча которуу кызматы – бул өзүңүз тааныган, ишенген адамдар ортосунда гана ыңгайлуу жана ыкчам акча которуу жолу болуп эсептелет.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Same
2018-01-01 02:34:51
Кыйраткансып отуруп алышып, минтип акча салгыла деп уйротуп койгонуна олойунбу
0
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан