Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүн эң узак мөөнөт башкарып, легендарлуу парламент учурунда иштеген мурунку премьер-министр Апас Жумагулов быйыл 83 жашка толду. Таанымал мамлекеттик ишмердин балалыгы согуш мезгилине туура келген. "Согушка кеткен атамдан 1 жыл кат келбей, айылыбызда "жетим" атала баштаганбыз" деп эскерет ал күндөрүн Жумагулов. Ал бизге балалыгын, үй-бүлөсүн, өмүрүнүн эсте калган учурларын айтып берди.
Аты жөнү – Жумагулов Апас Жумагулович
Туулган жылы – 1934-жыл, 19-сентябрь
Туулган жери – Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан айылы
Кесиби – Инженер-геолог,
1958-1991-жылга чейин ар кандай кызматтарда иштеген. 1991-1993-жылдары Чүй облусунун башчысы, 1993-1998-жылдары премьер-министр, 1998-2003 жана 2005-2007-жылдары бир нече өлкөдө элчи болуп иштеген.
– Апас Жумагулович, бала кезиңиз кайда, кандай шартта өттү эле?
– 1934-жылы Чүй өрөөнүндө туулгам. Эжем, мен жана иним, 3 бир тууган элек. Атамдын аты Жумагул, апамдын аты Сонун. Атам 1939-жылы Финляндияга согушка кетип, 1941-жылы кайтып келген. Кайра эле ошол жылы согушка чакырылып, 1945-жылы гана үйгө кайткан. Ортодо 1 жыл атамдан кат келбей, кабарсыз болуп, айылда биз «жетим» атала баштаган элек. Апам атам согушта жүргөндө 1943-1945-жылдары ревматизм менен катуу ооруп, төшөккө жатып калган. Менин балалыктагы эң оор күндөрүм ошол учурга туш келди. Апам ооруган учурда эжем Сулайка менен бирге турмуштун түйшүгүн моюнубузга алганбыз.
Айылыбызда уй багылган ферма өрттөнүп, атам өрттү өчүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн совхоз бизге бир саан уй белек кылган. Ошол уй согуш учурунда бизди ачарчылыктан сактап калды. Апам ооруган жылдары кышында отунсуз калып, эжем экөөбүз 5-6 чакырым алыстыктагы тоо боорунан отун терип келчүбүз. Кой-Таштагы мектепте окуйт элем. Апам ооруган жылдары эжем менен апамдын ордуна уйканада кароолчулук кылып, уйларга чөп салып, астын тазалачубуз. Жайында болсо машак терип, чөп чаап, картошка өстүрөт элек. Атам согуштан келгенден кийин турмушубуз кыйла жеңилдеп калды. Ошентип 1949-жылы Бишкектеги интернатка окууга тапшыргам. Ал жерди бүтүп, окууну Москвада уланттым.
– Баланын мүнөзү ата-энесиникине карап калыптанат дешет. Сизге кимисинин кайсы сапаты өткөн?
– Менин мүнөзүм толугу менен апамдыкына окшош. Атам согушта болгондуктан жаштыгымда апам менен көп убакыт өткөрдүм. Борбордук комитетте катчы болуп иштеп жүргөнүмдө да апам мени менен жашачу. Бир күн үйгө келбей калсам эле апам ыйлап, кабатыр боло берчү. Боорукер, ак көңүл адам болгон. Атам 1974-жылы 77 жашында каза болду. Ал абдан салабаттуу, билимдүү, калыс, эмгекчил болчу. Мен Баткенде командировкада жүргөндө катуу ооруп, кайтып келгенимче
о дүйнөгө узап кетиптир. Коштошо албай арманда калгам. Апам дагы 77 жашында көз жумган.
– Учурда жашыңыз токсонго таяп калды. Уул-кыздарыңыз, неберелериңиздин курчоосундагы күндөр кандай өтүп жатат?
– Жубайымдын ысымы Айгүл. Жалпысынан 5 балабыз бар. 4 уул, 1 кыз. Тун уулум Данияр каза болуп, мени катуу кайгыга салып кетти. Даниярым азыркыга чейин жүрөгүмдө өчпөс так болуп сакталып турат. Кийин Сергей, Нурлан, Эрмек деген уулдуу, Салтанат деген кыздуу болдук. Жалпысынан 10дон ашуун небере, 2 чөбүрөбүз бар. Азыр кенже уулум Эрмек менен бирге турам.
– Өмүрлүк жарыңыз жөнүндө бир-эки ооз кеп кылсаңыз...
– Жубайым Айгүл бүгүнкүгө чейин соода тармагында иштеп келди. Учурда 70 жашта. Мен өкмөттө иштегендиктен үйдөгү тиричилик Айгүлдүн моюнунда эле. Азыр деле мен негизги маселелерге гана аралашпасам, калганын ал өзү бүтүрөт. Айгүл менен 1990-жылдан бери бирге жашап келебиз.
– Коомдук-саясий ишмер болуу максатыңыз болгонбу же айрым бир себептерден улам бул чөйрөгө аралашып калгансызбы?
– Негизи мен саясатка аралашпоого катуу аракет кылдым. Бирок партиялык жетекчиликтин сунушу, талабы менен саясий кызматта иштеп калгам. Москвада инженер-геолог адистиги боюнча окууну аяктап, ата-энемдин жанына кайтып келген элем. 1973-жылы күздө докторлук диссертацияны жактайм деп турганда партиялык жетекчилик мени Борбордук комитеттин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы кылып дайындады. «Саясатка кызыкпайм. Илим, чарба менен эле кете берейин» деп бир нече жолу сурансам көнбөй коюшту.
– Эгемендикке жетишкен соң легендарлуу парламент менен иштешип калдыңыз. Легендарлуу деп аталышынын башкы себебин айтып кетсеңиз...
– Легендарлуу парламент Кыргыз тарыхындагы эң күчтүү парламенттердин бири. Өлкөнүн көз карандысыздыкка жетишине анын салымы зор. Жаңы гана эгемендикке ээ болгон Кыргыз өлкөсүндө көп маселелер чечилүүгө тийиш эле. Ошол кезде бардык жоопкерчилик жана башкаруу парламенттин колунда болчу. Конституцияны, өлкөнүн атрибуттарын, улуттук валютаны кабыл алып, республиканы кайрадан куруп чыкканбыз. Бул чоң жоопкерчилик. Бирок 1994-жылы президент менен болгон тирешүүлөрдөн кийин легендарлуу парламент тарап кетти.
– 1990-жылдын башындагы санаалаштарыңыз менен азыр да байланышып турасызбы?
– Негизинен баары менен эле мамилем жакшы. Ал учурдагы тааныштарым кийин мамлекеттик катчы, министр, премьер-министр, элчи болуп иштешти. Легендарлуу парламентте бирге иштегендердин баары таанымал адам болушту.
– Саясатчы кандай мүнөзгө ээ болушу керек?
– Мээнеткечтик. Кайсы жерде болбосун мээнет адамды өстүрөт. Анан сөзсүз адилеттүү болуу зарыл. Мен ушул сапаттарды өзүмдө калыптандырууга катуу аракет кылдым. Адилеттүү болуп, эч бир адамга жамандык кылбасаң гана өсөсүң. Колдон келгенче жакшылык кыл. Бир мактанып коёюн (күлүп). Азыр көчөдө мен тааныбаган көп кишилер мени менен саламдашып өтүшөт. Кайсы бир маселеде кылган жакшылыгымды эске салып, ыраазычылыгын айтышат. Сүйүнүп калат экенсиң. Адилеттүү болуп, элге көп жакшылык кылсаң жүзүң жарык болот.
– Саясий ишмердүүлүгүңүздөн сырткары дагы эмнеге кызыгасыз?
– Спортко жакын адаммын. Азыркыга чейин спорт менен күн сайын жарым саат, дем алыш күндөрү 1 саатка чейин машыгып, кыймылда болуп турам. Интернатта окуп жүргөндө ар жактан келген балдар менен уруша кетчүбүз. Кийин өзүмдү коргоо үчүн бокс менен машыктым. Футбол ойногонду, тоого чыкканды да жакшы көрөм. Бишкектин тегерегинде менин таманым тийбеген бир дагы тоо калган эмес. Эң негизгиси китепке жакын болдум.
– Ишке ашкан жана ашпай калган максаттарыңыз. Турмушта эмне таап, эмне жоготтуңуз?
– 1993-жылы өлкө сызга отуруп, банкрот эмес, катастрофага кабылган кезде өкмөт башчы болуп иштеп калдым. Ошол абалды жакшыртыш биздин негизги милдет эле. Биздин өкмөт ошол кездеги президент Аскар Акаев менен тыгыз мамиледе болуп, көп иштерди жасадык. Колум бардык жерге жетип турса да өзүмө бир да мүлктү же жерди менчиктеп алган эмесмин. Таза иштегеним менин жетишкендигим болду. Арманым жок. Кудайга, элге, өмүрүмө ыраазымын.
– Аксакалдык накыл кебиңизди уксак. Кыргыз коомчулугуна эмне деп кайрылуу жасайсыз?
– Биримдик болмоюнча өлкө алдыга жылбайт. Элдин өкмөттү колдоого алуусу чоң мааниге ээ. Бири-бирибизге күйүмдүү болуп, ар дайым жардам колун сунуп туралы. Ошондо жок дегенде адамдык милдетибизди аткарган болобуз. Эгер келечекти ойлосок бүт мүмкүнчүлүктү жаштарыбызга жана алардын билимине сарпташыбыз керек.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg