Апас Жумагулов, Кыргыз Республикасынын мурунку премьер-министри: «АКАЕВДЕ ДА, БАКИЕВДЕ ДА ТАГДЫРЫН ӨЗГӨРТҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР БОЛЧУ»

1993-1998-жылдары премьер-министр болуп жаңы гана эгемендикке жеткен Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүн жетектеген Апас Жумагулов эң узак мөөнөткө иштегенинин себебин эмгекчилдик менен байланыштырат. Ал тажрыйбалуу саясатчы катары өлкөдө болгон акыркы кездеги саясий окуяларга көз карашын билдирди.

– Апас Жумагулович, сиз 1993-1998-жылдар аралыгында жаңы гана эгемендүүлүккө жетишкен Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүн жетектегенсиз. Андан бери чейрек кылым өттү. Бүгүнкү күндүн элегинен өткөрсөк ошол учурдагы саясий окуялар, саясий чечимдердин кайсынысы туура, кайсынысы натуура болуптур?
– СССР урагандан кийин жаңы республиканы куруп кетүү бир топ оорго турду. Базар экономикасына шашылыш өткөнүбүздү моюнга алышыбыз керек. Бирок башка жол жок болгон. Бюджетибиз өтө начар абалда болгондуктан базар экономикасына өтүүгө аргасыз элек. Менчиктештирүү саясаты туура болгону менен, аягына чейин дыкат иштелип чыккан план болгон эмес. Ошондуктан пайдасына караганда зыянын көп көрдүк. 1990-жылдын башында мезгил бизден ушундай кадамдарды талап кылган. Убакыт тар эле, ошого каталар көп кетти. 1993-жылы өкмөт башына келген болсом, натыйжалуу иштерди 1996-жылдары гана жасай алдык. Менден кийинки базар экономикасынын өнүгүшүн да биз баштаган иштин жемиши десек болот.

– 1991-жылдан 1993-жылга чейин бир нече премьер-министр алмашкан. Ал кезде өкмөттүн туруксуздугуна эмне себеп болгон эле?
– Алгачкы премьер-министр Насирдин Исанов жол кырсыгынан каза болду. Аны мен өтө жакшы таанычумун, келечектүү саясатчы эле. Исановдун премьер-министрлик кызматка келиши эң туура кадам болгон. Тилекке каршы, андан ажырап калдык. Турсунбек Чыңгышев жакшы эле иштеп келе жаткан, бирок кызматтан кетишине алтын маселеси себеп болуп калды. Айтор, мага чейинки премьерлер туура тандалган, жакшы иштеп жаткан адамдар эле. Кырсык, оору, алтын сыяктуу себептер аларды кызматтан алып түштү.

– Апас агай, сиз өлкөдө эң узак мөөнөткө иштеген премьер-министрсиз. Ошол маалда өкмөттүн бекем турушу эмнеге байланыштуу болду?
– Эмгекте! Мен премьер-министр болгон маал Кыргыз Республикасынын тарыхындагы эң оор учурга туш келди. Биздин өкмөт 4-5 жыл аралыгында 1 жолу президенттик, 1 жолу парламенттик шайлоо, 2 жолу референдум өткөрдүк. Бул да чоң түйшүк. Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегатын ошондо эле кура баштаганбыз. Тоо-кен, өнөр жай багытында бир топ иштер жасалды. Өкмөт тынымсыз басым үстүндө иштеп жыйынтык көрсөттү. Мен өкмөттөн кеткен жылы ар бир тармакта 12 пайызга чейин өсүш болгон. Тынымсыз эмгек, аракет гана биздин узак мөөнөткө иштешибизге шарт түзгөн.

– Өлкөдө 3 жыл ичинде парламенттик, жергиликтүү жана президенттик шайлоо болуп, референдум өтүп, ар түрдүү саясий окуялар менен коштолду. Президенттик шайлоодон кийин кайра саясий жымжырттык өкүм сүрүүдө. Учурдагы саясий кырдаалга кандай баа берет элеңиз?
– Менимче, акыркы 2 жылда президент абдан жемиштүү иштеди. Алгачкы жылдары калыптануу мезгили болгондур, бийликти бекемдеди. Төңкөрүлүштөн кийин абалды оңдоо оор. Роза Отунбаева бийлик башына бир жыл иштеп берүүгө келген болчу. Бирок бүткүл эл тарабынан шайланып, 6 жыл иштеп, кайрадан шайлоо жолу менен президенттикти өткөрүп берүү биздин тарыхта буга чейин боло элек эле. Президенттик шайлоонун таза өтөрүнө көбү ишенбей жаткан. Бирок жыйынтыгын эл, бардык талапкерлер тааныды. Жаңы президенттин иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Буга чейинки басып өткөн жолу анын тажрыйбасы мол экенин көрсөтүп турат. Ал эми шайлоодон кийин абалдын тынч болуп калганына сүйүнүшүбүз гана керек. Мындан ары ушул тынчтыкты сактап калалы.

– Айрым саясатчылар «премьер-министр да парламент сыяктуу эле 5 жыл иштеши керек. Ошондо гана өкмөт жемишин берет» деп айтып жатышат. Сиздин оюңуз кандай?
– Өкмөт иштин көзүн билип, тынымсыз эмгектенип натыйжа көрсөтсө 5 эмес, 10 жылга чейин иштешине да макулмун. Бирок ишенимди актай албаса 5 жылды күтпөй эле кеткени дурус. Өкмөттүн иштөө мөөнөтүн мыйзам менен чектөө туура эмес. Парламент 5 жыл иштесе болот, ал эми өкмөттү жасаган иши менен баалашыбыз керек. Жыл сайын эле премьер-министрди кетире берген да туура эмес. Өкмөт ишти түшүнүп, көнүшкөнгө чейин мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Негизинен, 3-4 жылда өкмөттүн дарамети байкалат.

– Сизден кийинки премьерлердин кимиси өзгөчө белгилеп көрсөтө турган жыйынтыкка жетишти деп ойлойсуз?
– Мен көп мезгил Кыргыз өлкөсүндө болбой калгандыгым үчүн кайсы бир премьер-министрдин ишине баа бере албайм. Бирок өкмөттү татыксыз адамдар жетектеген учурлар болуп жатты. Менимче, кадрга 100 пайыз ишеним болмоюнча аны өкмөт башчылыкка алып келүү туура эмес. Премьер-министр лидер болушу керек. Иши менен элге көрүнүшү зарыл.

– Өлкөдө эң жаш премьер-министр болгон Сапар Исаковдун ишмердүүлүгүнө кандай баа берип жатасыз? Аксакал саясатчы, мурунку өкмөт башчы катары азыркы өкмөткө кандай кеңеш бересиз?
Сапар Исаковду сөз боло баштагандан бери байкап, сөздөрүн угуп жүрөм. Абдан жаш, чынында. Жакшы үмүтүм бар, сөздөрү да орундуу. Көтөргөн маселелери да орчундуу. Кичи пейил көрүнөт. Эми эле мурдун көтөрүп кетпесе... Исаковго кеңешим, баарына тегиз карасын. Жакшы реформаны, пайдалуу ишти ким баштабасын аны токтотпой улантып кетсе ийгиликке жетет. Кайсы премьердин демилгеси азыркы учурда актуалдуу болсо, ошол демилгени уланта берсин. Ошондо эл ага адилеттүү экен деп баа берет. Өкмөт оппозициянын да үнүн угуп, өлкөгө пайдалуу акыл айткан адам менен иштешүүсү шарт.

– Сиз баштаган бир топ коомдук-саясий ишмерлер президенттик шайлоонун алдында Алмазбек Атамбаевге шайлоону таза өткөрүү боюнча кайрылуу жасадыңар. Шайлоо жыйынтыгына кандай баа бересиз?
– Биздин кайрылуу жыйынтыгын берди. Шайлоонун жакшы өткөнүнө карыялардын аз да болсо салымы бар. Бардык талапкерлерге бирдей мамиледе болдум. Бирин да жамандаган жокмун. Баарынын эле жакшы тарабын айтып келдим.

– Президенттик шайлоонун алдында Өмүрбек Бабановду колдооруңузду айткансыз. Учурда ага кылмыш иши козголуп, чет өлкөдө жүрөт. Эми Бабановдун саясаттагы тагдыры кандай болушу мүмкүн?
Өмүрбек Бабанов менен 8 жыл бирге иштешип калдым. Шайлоо алдында аксакалдардын атынан сөз сүйлөшүмдү суранышты. Ошондо аны колдоорумду айткам, башка жыйындарына катышкан жокмун. Ага козголгон кылмыш иши тууралуу так маалымат билбейм. Саясатчы болгондон кийин Бабанов кылдат, сак болушу керек эле. Бийлик да ката кетирди деп эле четинен баарынын «башын» ала бергени туура эмес. Адилеттүүлүк, кечиримдүүлүк болушу керек. Мен эгерде судья болсом, Бабанов «менин оюм башкача болчу» деп кечирим сураса кечирет элем. Бийлик да Бабановду кечирип, иштетүү зарыл.

– Акаевдин, Бакиевдин доорунда иштедиңиз. Айтыңызчы, бул эки президентте азыркыдай эл-жеринен бозуп кетпей, абалды башкача өнүктүрүүгө, революцияларды болтурбай коюуга мүмкүнчүлүгү бар беле?
Аскар Акаевде өз тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Мисалы, Аксы окуясы боло электе эле аймакка өзү барып, маселени чечип салса болот эле. Маани бербей жүрүп кийин көйгөй ырбап кетти. 2005-жылы качып кетпей элдин алдына чыгып, «2-3 айда арыз жазып, бийликти тапшырам» деп айтса туура болмок. Эл деле макул болмок. Курманбек Бакиев да төңкөрүштүн алдын алса болот болчу. Жакшы иштегенге мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок жанындагылар Бакиевди элден бөлүп койду. Губернатор учурундагыдай элге жакын болуп, аралашып эле жүрө берсе баары башкача болмок.

– Маегиңизге рахмат!

"1994-жыл. Бишкекте Нурсултан Назарбаев жана Ислам Каримов менен".
"1994-жыл. Премьер-министр катары алгачкы келишимге Кремлде кол койдум. Аскар Акаев өкмөттү дайым колдоп келген".


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүн эӊ узак мөөнөт башкарган Апас Жумагулов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан