(Башталышы өткөн сандарда)
Кыз чаңырып жиберди. Шашкалактап кайра батирдин эшигин көздөй чуркады.
– Арсен, ач!
– Эмне болду?- эшикти ача калган Арсен көздөрү алайып калган Бегимайды көрдү.
– Тиги...- кыз өзүн токтото албай лифт тарапты карап өңгүрөдү. Бирок анын эшиктери жабык турган. Арсен ичинен шылдыңдап жатты кызды, ал эбак эле Нурдинге «кызды чыгарбайсың» деп буйрук берип кирген болчу.
– Коркпо, баары жайында болот. Жакында экөөбүз Майамиге учабыз. Мен сага убада бердим эле го. Баарын унутабыз. Баарын кайра башынан баштайбыз.
Ушул күндөн тарта кыз үйдөн чыккыс болду. Ал мурункудай жылмайбай да калды. Шырп эткен дабыштан коркуп, көздөрү алаят. Бир чекитти тиктеп телмирип отура берет. Арсен болсо күн сайын чыгып кетип, түн бир оокумда келет. Арсен үйгө киргенде гана азыраак жеңилдей түшөт. Күн сайын сураганы «Майамиге качан учабыз?» Бирок жигиттин оюнда эч кандай Майами жок болчу. Ал жөн гана Бегимайдын кыйналганын көргүсү келди. Бирок баарын торуна түшүрүп алып деле, аларды кыйнап отуруп деле Арсендин көкүрөгү жеңилдеп кеткен жок. Ал жашоого болгон кызыгуусун жоготуп алган сыяктуу.
Мурда жок дегенде Болушту, Бегимайды сыздатам деген максаты болгон экен. Ошол нерсе үчүн жашап жатыптыр. Азырчы? Азыр боштук, кайдыгерлик, белгисиздик курчап алды. Ал каалап жүргөн байлык, мансап ал үмүт кылып келе жаткан бакытты бере албай койду. Же ал бакытты сезе албай жатабы? Телефонуна чалуу келди. Көңүлсүз кабыл алды. Чыңгыз болчу.
– Алло, Арс, кандайсың?
– Жакшы, Чика, өзүң?
– Арс, Лиза таптакыр кабарсыз го?
– Ал Кыргызстанда эмес. Акчасын алып чыгып кеткен.
– Коштошпой кеттиби? Сага, балким, бир нерсе дегендир?
– Жок. Эч нерсе деген жок.
– Бирок ал «кетеримде чогуу майрамдайбыз, коштошуу кечесин уюштурабыз» деген болчу.
– Сен эмне эле жаш баланын кебин сүйлөп жатасың? Ошончо акчаны алгандан кийин каяктагы майрам? Тезирээк кетип калганы жакшы болду.
– Арс, мен сага досум катары чалып жатам. Ушунча жылдан бери Лиза деле мага бир туугандай болуп калган болчу. Мен жөн гана сурадым. Антип мага оройлугуңду көрсөтпө!
– Койчу, Чыңгыз.
– Арс, экөөбүз бири-бирибизди сатпайбыз деп убадалашканбыз, эсиңдеби? Мен ал убадамды бузбай эле жүрөм. Сен да бузба!- Чыңгыздын бул сөзүнөн кийин Арсен тунжурап калды.
– Мен азыр сага барам,- деди бир топтон кийин.
Баары бир жүрөгүнүн түпкүрүндө Арсен Санжарга ишене албай жаткан. Лизанын өлүмү тартылган тасма сакталган флеш-карта сейфте сакталуу турат. Бирок Арсен дагы башка флеш-картага тасманы көчүрүп койгон болчу. Сактыкта кордук жок деп жасагандагысы эле. Эмнегедир азыр ошол флеш-картаны Чыңгызга бериш керек деген чечимге келди. Санжарга ишенип болбойт.
Сыртка чыгып Гелендвагенге отурду да түз эле Бишкектин борборундагы батирге жөнөдү. Чыңгыз Арсенди мынчалык тез келет деп күтпөгөн. Досунун көзүнүн нуру өчүп калган сыяктуу, баягы өткүр көздөрдөн эч нерсе калбагандай.
– Жүрү кир.
– Эч ким жокпу?
– Лиза кетти, сен кеттиң. Мен элемин.
– Чика, мен сага эле ишенет окшойм. Бирок менден эч нерсе сураба. Бул флеш-картаны сактап койчу. Эч кимге көрсөтпө, суранам, өзүң да көрбө. Дайыма жаныңда жүрсүн. Уурдатып же унутканга болбойт!
– Болуптур. Кам санаба.
ххх
Арсен жумушуна келе жатат. Ооба, ал азыр расмий түрдө депутаттын жардамчысы. А чынында ал депутат Болуш Сардаровичтин кожоюну. Бирок муну эч ким билбейт. Болуштун парламенттеги иш бөлмөсүнөн шашпай чыгып баратат. Эки күндө бир келип, Болушту табалап буйрук берип кетмейи бар.
Иш бөлмөнүн кире беришинде катчы кыз отуруптур. Мурунку келгенде эч ким жок болчу. Кыязы жаңы катчы окшойт.
– Саламатсызбы?- кыз ордунан тура калды.
– Саламатчылык. Ордундабы?
– Ким келди деп айтайын?
– Мен жардамчысы болом. Арсен.
– Аа. Мен катчысы Айсулуу. Таанышканыма кубанычтамын,- кыз колун сунду.
– Жакшы,- Арсен кыздын колун бекем кысты. «Көздөрү сулуу экен» деди ичинен бакыраң көз, узун бойлуу кызды карап. Ал көптөн бери бийкечтерге көңүл бурбай калган. Өзүнө-өзү таң калып койду. Кийин эшикти ачып Болуштун үстүнө кирип барды.
– Кандайсың?
– ...
– Жадакалса саламды алик албайт. Жаңы катчы алгансыңбы? Сенин көп сандаган сулууларыңдын бириби же конкурс менен өткөн кызбы? Эй, сенден сурап жатам!
– Конкурс менен өттү.
– Колуңду тийгизе элексиң?
Болуш Арсенди жек көрүп карады.
– Антип карабачы! Үйдөн Бегимайың, бул жерден сен. Сулуу көрсөң эсиңди жоготуп коймоюң бар эле. Бул байкушту да бир балээ кылганбы деп ойлодум да.
– Керекпи, ал.
– Сенден сурабай алам эгер билсең. Анан мага тетириленбечи, макулбу? Күйөөсүн кекеткен аялдай боло берет экенсиң. Акча бер. Катчыңды кечки тамакка чакырайын. 500 доллар жетсе керек, ээ?
Болуш унчукпай 500 долларды санап столунун үстүнө койду. Жигит акчаны алып шашпай чыгып кетти. Арсендин кылыгына жинденип, бир топко башын мыкчып отурду Болуш. «Муну эмне кылсам? Ушул жерден атып салсамбы? Акмак, энеңди...» сөгүнүп жатты. Эптеп өзүн токтотуп бөлмөсүнөн чыкты. Кашайып жигит кете элек экен. Катчы кыз менен ар кайсыны сүйлөшүп, жыргап күлүп отуруптур. Тиги кыз Арсенди дароо жактырган окшойт. Көзүн сүзүп, өзүнчө кылыктанат. Болуш унчукпай бөлмөсүнө кайра кирип кетти. Каалганын жанына туруп алып тыңшап жатты.
– Демек, сүйлөштүк да, бүгүн жумуштан кийин ресторанга. Мындан кийин чогуу иштешет экенбиз. Жакындан таанышып алалы.
– Эми эгер сиз коллега катары чакырып жатсаңыз, мейли. Бирок билип коюңуз, менин жигитим бар,- кыз шаңкылдап күлүп макул болгонун укту Болуш.
ххх
– Сен кайда жүрдүң?- Бегимай түн бир оокумда кирип келген Арсенге атырылды.
– Мага кыйкырба.
– Качан кетебиз? Качан убадаңды аткарасың?
– Эч ким эч кайда кетпейт. Мен сени алдап койгом.
– Сенде өзү эркектик касиет барбы?!
– Башымды оорутпачы!- жигит жактырбагандай бурк этти.
– Каалайсыңбы, чыгып кет!
– Мен чыгып кеткен соң сен бул шуркуяң менен кирип келгени жатасыңбы?- кыз телефонун алып чыгып сүрөттөрдү көрсөттү. Анда ресторанда Арсен менен Айсулуунун кыналыша отурганы тартылыптыр.
– Охо, муну ким жиберди?- жигит каткырып жиберди. Болуш экенин дароо билди.
– Сен жийиркеничтүүсүң! Акмаксың!- кыз ыйлап уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Арсен Болуштун кылыгын шылдыңдап жатты. «Дөөпөрөс» деди ага чалып жатып. Чалуу кеткени менен, эч ким албай турду.
– Сен жашаганга татыксыз экениңди билесиңби?- Арсен кыздын үнүн угуп артына кылчайды. Көздөрү жашка толгон, илмийип санаадан арыктап, азып кеткен Бегимай тапанчаны эпсиз кармап жигитти карап туруптур...
(Уландысы кийинки санда)