Кыргыз өлкөсүнүн волейбол боюнча курама командасынын оюнчуларынын сап башында тургандардын бири Оңолбек Каныбек уулу. Улуттук курамдын капитаны аталган спортчу волейболчулардын арасынан алгачкылардан болуп чет өлкөлүк клуб менен келишим түзгөн. Учурда ал Таиланддын 3 жолку чемпиону «Эйр Форс» клубунда ойнойт.
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тоң району, Оттук айылы
Туулган күнү – 17-август, 1991-жыл
Бою – 196 сантиметр
Салмагы – 98 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Машыктыруучусу – Самат Догочиев, Мирлан Амантуров
Жетишкендиктери – Волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугунун «Мыкты оюнчусу» наамынын ээси, Борбордук аймактын тандоо турунун «Мыкты оюнчусу»,
Дүйнө чемпиондугунун 2-тандоо турунун «Мыкты оюнчусу».
– Оңолбек, алгач спортко кандайча келип калганың жөнүндө кеп кылсаң.
– Биз спортчулардын үй-бүлөсүбүз. Атам баскетболчу. Убагында жаштар курамында ойногон, спорт чеберине талапкер. Ал эми апам жеңил атлетика менен машыкчу. 7 бир туугандын бешинчисимин. Менден улуу агаларымдын баары эле волейбол ойношот, алардын ичинен эң жакшы ойногону эң улуу агам. Аны көрүп өсүп, ойногонун жактырып кумир тутчумун. Кийинчерээк «Жаңы муун» деген клуб ачылып, боюм узун болгондуктан мени ошол жакта машыгууга чакырышкан. Башында жөн эле кызыкканым үчүн барып жүргөн болсом, 1-курстан тарта бул спорттун түрүнө олуттуу карап, ойноп баштагам.
– Волейбол сени кандай өзгөчөлүгү менен жетеледи?
– Волейбол – эмоционалдуу жана кызыктуу оюн, ошонусу менен жактырам. Ар бир беттеш экшн менен коштолот деп айтсам болот. Оюндун өзүнө тиешелүү ырахаты бар. Шахмат сыяктуу эле интеллектуалдык өнүгүүгө жетелейт. Беттеш учурунда каршылашыңдын кандай комбинация аткарарын, топту кайда чабарын алдын ала сезишиң керек да, кантип коргонуудан тышкары кандай жооп кылып, кантип тосмо жасоо керектигин ойлонуш керек. Топ ылдам болгондуктан, бат жана туура чечим чыгарган жакшы. Бул спорт физикалык жактан күчтүүлүктү, атлетикалык жактан өнүгүүнү жана узун бойду талап кылат. Командалык оюн болгондуктан, ар бир оюнчу өзүнүн милдеттерин билиши керек. Волейбол залында 6 киши бирин-бири түшүнүшүп, колдоп туруусу да абдан маанилүү.
– Сенин милдеттериң кайсы?
– Мен диагоналдык чабуулчу амплуасындамын. Көпчүлүк учурда биринчи зонада экинчи сызыкта чабуул жасайм. Көтөрүп берген топту чабуул менен коштойм.
– Кандайча таиланддык клубда ойноп калдың?
– Быйыл жайында волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 2-раундунда Кыргыз өлкөсү күчтүү атаандаштар менен кез келген. Ошол беттешке Азиянын Волейбол федерациясынын таиланддык өкүлү катышкан. Ал менин көрсөткөн оюнумду көрүп, «Эйр Форс» клубунда ойноого чакырды. Ойлонууга бир жумадай убакыт берген. Ал учурда мен ординатурамды өтүп жаткам. Өзүм медицина кызматкери болгондуктан, оюмда спорттук медицинага кетким келчү. Анан азыр жашмын, убакыт бар кезде ойноп, эл-жер көрүп, аны менен катар чет элдин спорттук медицинасын да көрүп келейин деп, сунушка макул болдум. Келишим 2018-жылдын апрель айында бүтөт.
– Эки өлкөнүн спортко болгон мамилесин салыштырып көрсөң.
– Алгач машыгууну баштаганда эле эки өлкөнүн волейболунун айырмасы сезилди. Мен келген клубда волейбол профессионалдык деңгээлде экен. Мисалы, мен Кыргызстанда жүргөндө волейболчу досторум машыгуу менен катар кошумча жумушта да иштеп жүрө берчүбүз. Бул жакта каражат жагынан маселе жаралбагандыктан, убакыт жана күчүбүздү жалаң машыгууга жумшайбыз.
Таиландда волейбол жакшы өнүккөн. Оюнчулары күчтүү. Беттештер болгондо көрүүчүлөр аябай көп келет. Волейбол клубдарынын атайын фан-клубдары да бар. Ал эми оюнун салыштырсам, булар утуп жатабы, утулуп жатабы, жылмайып ойношот экен. Биз, кыргыздар бир аз олуттуу болобуз го, бир жолу оюн учурунда упай ала албай жатканыбызга жиним келди эле, машыктыруучу «жигиттер сенин маанайыңды көрүп алып ойной албай жатышат» деп мени алмаштырып салган. Ошондон бери жылмайып ойноп жатам.
– Ошондой деңгээлге жетүү үчүн Кыргыз өлкөсүнүн волейболуна эмне жетишпейт деп ойлойсуң?
– Азыр бизде волейболдун деңгээли жакшы. Кубандыра турган тепкичтерге чыгып жатабыз. Бизде таланттуу волейболчулар көп. Аларда волейбол талап кылган эрк да, күч да, каалоо да бар. Биз башкаларга салыштырмалуу физикалык түзүлүшүбүз менен айырмаланып, дымагыбыз күчтүү келет. Ушул сапаттар менен кыргыз волейболун өнүктүрсө болот. Болгону шарт түзүлүп, финансылык жактан колдоо болсо гана кыргыз волейболун дүйнөгө көрсөтсө болот.
– Машыгуу менен гана алек болсоң, бир күнүңдүн тартиби кандай өтөт?
– Биз күнүнө 2 маал машыгабыз. Эртең менен 5:30дан 9:00гө чейин таңкы машыгууга барсак, ортодо тыныгуу болуп, саат түшкү 3төн кечки 6:30га чейин кечки машыгуу кылабыз. График менен бассейнге түшүп, физиотерапия алып турабыз. Ошентип, күн сайын кайталана берет. Кыскасы, бизге тиешелүү шарттардын баары түзүлгөн. Болгону ойноп, жакшы жыйынтык көрсөтүү керек.
– Бөтөн эл, бөтөн жерге көнүү да оңой болбосо керек?
– Ооба, сыртта жүргөндүн жаман жери – эл-жерди, ата-эне, бир туугандарыңды сагынасың. Бул жакка жаңы келгенде бир аз кыйналгам, азыр көнө баштадым. Таиландда күн ысык, абасы нымдуу. Мындай аба ырайына көнбөгөндүктөн, машыгуу учурунда ысыктан кыйналып калам. Бул жактагы командалаштардын баары эле англис тилин жакшы биле беришпейт экен. Азыр кол менен жаңсап, көз менен сүйлөшүп, эптеп болсо дагы бири-бирибизди түшүнүшүп калдык. Ал эми тамак-ашына көнүү татаалыраак болуп жатат. Мен Кыргызстандагыдай эле тамактарды жасап жегенге аракет кылып, атайын бодо малдын этин сатып келип, тамак жасайм. Бирок эттерин жегенде жыгач эле жеп жаткандай болосуң, биздин эттердикиндей даамы жок.
– Эми келечекке койгон пландарың менен бөлүшсөң.
– Келечекке пландарым көп. Эгер жакшы клубдардан чакыруу болсо, сунуштарын карап көрүп, ойной берейин деп жатам. Андан соң өзүмдүн каалоом менен кесибимди бирдей алып кетүү үчүн спорттук медицинаны өздөштүрөм.
– Маегиңе рахмат, ийгилик каалайбыз!
Алтынай Тынышова
sport@super.kg