БАБАНОВГО ТААНДЫК ДЕЛГЕН НТС ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮЛКТӨРҮ КАМАККА АЛЫНДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго таандык делген НТС телеканалынын мүлктөрү камакка алынды. Мындай чечимди 19-декабрда Бишкектин райондор аралык соту чыгарган. Соттун чечимин көтөрүп барган сот аткаруучулары аталган телеканалдын мүлктөрүн каттоого алышты. Каналдын жетекчилиги муну «телеканалды тартып алуу аракети» деп атоодо.
Сот аткаруучулар камакка алынган мүлктөрдү азырынча телеканалдын өзүнүн сактоосунда калтырды, андыктан канал ишин уланта берет.
НТС телеканалынын мүлкүн камакка алуу "Grexton capital LTD" компаниясы менен "Аянт" аттуу ишкананын ортосундагы соттук териштирүүнүн негизинде келип чыкканы белгилүү болду. Аталган соттук иште НТС телеканалы үчүнчү тарап катары көрсөтүлгөн. "Grexton capital LTD" компаниясынын өкүлү Елена Дзимидовичтин айтымында, бир учурда НТСке тиешеси болгон «Аянт» компаниясына 2 миллион 457 миң доллардан ашуун салган инвестициясын кайтаруу үчүн сотко арыз берилген. «Аянт» 2011-жылы жоюлуп кеткен. Дзимидовичтин пикиринче, ал каражат НТСти өнүктүрүүгө жумшалган. "Grexton capital LTD" компаниясы Беларустун жараны болгон Сергей Костыринге таандык. Ал эми Костырин мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жакын адамдардан экени айтылып жүрөт. Мындан улам НТСтин өкүлдөрү телеканалдын мүлкүн камакка алууда Максим Бакиевдин кызыкчылыгы бар деп жатышат.

Эске салсак, НТСтин көмүскөдөгү кожоюну Өмүрбек Бабановго президенттик шайлоодон кийин «улуттар аралык кастыкты козутуу», «Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен бойдон келе элек. Бабанов НТСтин айланасындагы жагдайга байланыштуу билдирүү таратып, бул ишти «каналды рейдерлик жол менен тартып алууга аракет» деп атап, «бүгүнкү бийлик Максим Бакиевге кызмат көрсөтө баштадыбы?» деп суроо салды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан