Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банкты жетектейт. Анын талапкерлигин 21-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары жактырды. Абдыгуловду аталган кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган. Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банктын төрагасы болуп иштеген. Ушул жылдын август айында Сапар Исаков баштаган өкмөткө биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалып, 23-ноябрда вице-премьер-министрлик кызматка өткөн. Ошентип өкмөттөгү кызматы 4 айга гана созулуп, кайрадан Улуттук банкка келди. Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири кызматтык дайындоолордогу мындай шахматтык жүрүштөрдү сындап: «Улуттук банкты сизге 49 жылга ижарага берип эле койбойлубу? Өкмөт мүчөсү катары бир көрүнүктүү иш жасай алган жоксуз»,- деди. Абдыгулов өкмөт мүчөсү катары өзүнө жүктөлгөн милдетти толук аткарып бүткөнүн билдирди. Эми президент Сооронбай Жээнбеков Абдыгуловду кызматка дайындоо жарлыгына кол коёт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg