Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовго карата өкүм чыгарды. Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов
5 миллион сомго айыпка жыгылды. Аны менен кошо айыпталып жаткан Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге 10 жыл 6 айга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо жана эркиндикке чыккан соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салуу жазасы чегерилди.
Шыкмаматовдун жактоочусу Чолпон Жакупбекова райондук соттун өкүмүнө макул эместиктерин айтып, шаардык сотко доо арыз менен кайрыларын билдирди.
Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматовго Башкы прокуратура ушул жылдын февраль айында «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал «2011-жылы Эсептөө палатасында аудитор болуп иштеп турганда кызматтык унааларды сатып алуу боюнча тендерде мыйзам бузуп, мамлекетке 3000 доллардын тегерегинде зыян келтирилген» деп айыпталып келген. Шыкмаматов жана анын тарапташтары бул кылмыш ишин «саясий кысым» дешет.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg