19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту "коррупцияны уюштуруу" беренеси боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковду 10 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды. "Коррупцияны кошо аткаруучулук" беренеси менен айыпталган Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков жана 4 жаран 8 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми "коррупцияга көмөктөшүү" беренеси менен айыпталган Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев жана Арстанбек Ногоевдер сыртынан 10 жылга кесилишти. Ошондой эле парламентте «Бир бол» фракциясынан депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев 5 миллион сомдон айыпка жыгылды.
Эске салсак, аталган жарандарга Башкы прокуратура тарабынан 2008-жылы Бишкектин четиндеги Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү дыйканчылыкка арналган 262 гектар жерди "калктуу конуштардын жерлери" категориясына мыйзамсыз которуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg